Версия для печати
Понедельник, 11 Декабрь 2017 03:40

«Ак жүрөк» кризистик борбору: аялдар, талкаланган тагдырлар, көрүнбөгөн көз жаш…

Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борбору 2002-жылы түзүлгөн.  Быйыл ачылганынын 15 жылдыгын белгиледи. Кризистик борбордун кызматкерлери менен акыркы 16 күн ичинде өткөрүлгөн маалымат өнөктүгүнүн жүрүшү тууралуу маектештик.

Аталган кризистик борбор быйыл да Ош облусунун аймагында «Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу» темасында 16 күндүк өнөктүк уюштурду. Өнөктүктүн алкагында борбордун кызматкерлери Кара-Суу, Араван райондорундагы мектептерде, Ош шаарындагы орто жана жогорку окуу жайларда болушуп, соцпедагогдор, балдар, кыздар арасында аялдарга карата жасалган зомбулук, анын ичинде эрте турмушка берүү көйгөйү тууралуу маалыматтарды таратышып, талкууларды уюштурушту.

Дарикан Асилбекова, кризистик борбордун жетекчиси:

- БУУнун өнүктүрүү программасынын «Кыргызстандагы гендердик зордук-зомбулуктун алдын алуу» долбоору  «Мыйзамдуулукту сактоо жана наркотикти эл аралык көзөмөлдөө боюнча бюро» менен «АКШнын мамлекеттик департаментинин» (INL)  каржылык колдоосу астында ишке ашырылууда. 16 күндүк акция да долбоордун алкагында жогорудагы уюмдар тарабынан каржыланды.

   Аялдар маселесине байланышкан мындай акция жыл сайын дүйнө жүзү боюнча өткөрүлөт. Быйыл да биздин өлкө бул акциядан четте калбай, жер-жерлерде өнөктүктү жарыялап, элге бул көйгөй тууралуу маалымат таратууга активдүү катышты.

     Бул кампания жыл сайын өткөрүлүп, 16 күн бою аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу, токтотуу туурасында маалыматтар таратылат. Буга чейин деле эрте турмушка берүү көйгөйү тууралуу түшүндүрүү иш чаралары өтүп, аны токтотуу туурасында кеңештерди берип келгенбиз. Бирок бул тема дагы деле актуалдуу бойдон калууда. Мыйзам боюнча турмуш курууга жашы 18 жашка чыккандан тартып уруксат берилет. Ага карабастан көптөр кыздарын эрте күйөөгө берүүгө ашыгышат. Эрте турмушка чыккан кыз психологиялык, физикалык жактан али даяр эмес болгондуктан, үй-бүлөдө келишпестиктер көп болот. Ал нерсе ажырашууга алып келет. Ортодо бейкүнөө наристе ата-энеси тирүү туруп жетим калат.

 Азыр көп аталар алимент төлөөдөн качып, балдарын апасынан талашууда. А түгүл мыйзамдуу түрдө өзүнө алып алган соң, өзү карабай ата-энесине жа туугандарына бактырып койгон учурлар кездешүүдө. Мына ушул сыяктуу жагдайларды студенттер, окуучулар арасында талкуулап, көйгөйдү токтотуу жолдорун чогуу издедик.

     Биздин кризистик борборго негизинен түштүк аймагы боюнча жарандар кайрылып келет. Биздин жардамыбызга муктаж болуп кайрылгандарга юридикалык, психологиялык жардамдарды беребиз. Yйүнөн куулуп же качып чыккандар үчүн убактылуу баш калкалап туруучу жайыбыз бар.

      Марина Гайнанова, кризистик борбордун юрист-жактоочусу:

- Мен бул борбордо 2009-жылдан бери иштейм. Жылда 16 күндүк акция өткөрөбүз. Бул акцияда атуулдук жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын, «Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу тууралуу» конвенциянын жана «Турмушка чыгуу курагы, никени каттоо жана турмушка чыгууга макулдук берүү тууралуу» конвенциянын негизинде иш алып барабыз.

Мен борборго кайрылган жарандарга юридикалык жактан мыйзамдын негизинде жардам көрсөтөм. Азыр бизге көбүнчө аялдар ажырашуу маселеси, алимент өндүрүү, мүлктөрдү алып берүү боюнча кайрылышат. Эркектер болсо аталыкты таап берүү маселеси менен кайрылат. Акциянын алкагында биздин борбордун кызматкерлери мектептерге жана колледждерге, ЖОЖдорго барып, «Эрте турмушка чыгууга жол жок», «Эрте турмуш курууга каршымын» деген темаларда мыйзамдын негизинде аялдардын, балдардын укугун түшүндүрүү боюнча семинарларды өткөрдүк. Студенттер жарандык нике, мыйзамдын негизинде каттоого туруу боюнча көп суроолорду беришип, талкууга активдүү катышты. Талкууларда мобилдүү укуктук кеңештер берилип жатты.

   Yй-бүлө кодексинде жазылгандай, 18 жаштан кийин гана турмуш курууга болот. Бирок айрым кыздар эрте турмушка чыгууга ашыгышат. ЗАГСтан өтпөй эле, нике кыйдырып алышат да жашай беришет. Бирок эрте турмуш кургандар 1-2 жылдан кийин эле ажырашып кетишет же үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка учурап эмне кыларын билбей калышат. Андай абалдарда бизге кайрылышат. Биз аларга юридикалык жактан жардам берип, сот аркылуу чечиле турган болсо сотко жактоочу катары катышып, укуктарын талашабыз. Биздин борборго жылына 800 дон 1000 ге жакын адам кайрылат. Башта аялдар гана кайрылса, учурда эркектер, ата-энелер да кайрылат. Бул албетте, зээн кейитерлик…

 Ата-энелер көбүнчө балдарым пенсиямды алып бербей жатат же үйдөн айдап чыкты деп арызданышат. Эркектер болсо мүлктү бөлүштүрүү жана бала талашып кайрылышат. Айта кетчү нерсе, азыр эркектер арасында алименттен качып балдарды апасынан тартып алып же тескерисинче «менин балам эмес» деп чыккандар көп учуроодо.

Кара-Суу районунда болгон бир окуяга токтоло кетейин. Күйөөсү аялын, кайненесин кошо үйдөн айдап чыккан. Аял 4 баласы, энеси менен биздин борбордогу коопсуз жайда баш калкалап турушту. Анан атасы 4 баланы талашып сотко кайрылды. Алар 16 жыл чогуу жашап жарандык никеде болгон. Мен бул ишке жактоочу катары катыштым. Соттошуп Жогорку сотко чейин бардык. Акыры сотто утулуп, балдар апасында калды.

Аялдар өз укуктары тууралуу жакшы билишпейт, укуктук билимдери орточо десек болот. Ошондой эле жарандык никеде тургандардын арасында да өз укуктарын билбегендер көп. Көптөрдүн жактоочу жалдаганга акчалары жок, анткени алар кымбат сурашат. Баары эле алардын айткандарын төлөй албайт. Сураштырып отуруп бизге кайрылышат. Андайларга юридикалык кеңеш берип, сот жараяндарында акысыз жардам көрсөтөбүз.

   Жабыркаган аялдардын көз жаштары - элге көрүнбөгөн көз жаштар…Алар үй-бүлөдө зомбулукка учурап, майып болуп калганда гана бизге келишет. Алайдан, Аравандан келген аялдар бар, өздөрү баса албай, апалары жетелеп келишти. Биздин борбордо убактылуу жашап туруучу жай бар. Араздашкан жубайларды мүмкүн болушунча жараштырганга, үй-бүлөнү сактап калганга аракет жасайбыз. Болбой баратканда гана жабыркаган аялдын укугун коргоп, колдоо көрсөтүүгө мажбур болобуз.

Гүлнара Онкошоева, кризистик борбордун психологу:

-Өзүмдү тааныштыра кетсем, жалпы эмгек стажым 40 жыл. Психология тармагында алектенгениме быйыл 9 жыл болот.

Кризистик борборго кайрылган жабыркоочуларга психологиялык кеңеш берип, алардын депрессиядан, стресстик абалдан чыгуусуна жардам берем.

 16 күндүк акция тууралуу айтсам, кампаниянын алкагында биз мектеп окуучуларына, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттерине жана соцпедагогдор арасында аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу, анын ичинде эрте турмушка чыгуунун  кесепеттери боюнча маалыматтарды тараттык. Иш чаралар ар кандай ыкмалардын негизинде өттү. Мисалы биз окутуу өзбек тилинде жүргөн мектептерге алгач Жанна Настасстын «Невидимые раны» тасмасын көрсөтүп, ошонун негизинде талкуу жүргүздүк.

Өнөктүктүн алкагында Кара-Суу районунда болуп, соцпедагогдор менен жолугушуу өткөрдүк. Аларга психологиялык, юридикалык кеңештерди берип чогуу иштешүүгө чакырдык. Ар бир жолугушуудан соң, мобилдик психологдун жардамы көрсөтүлүп жатты.

  Чынында айыл жерлеринде көйгөйлөр көп экен. Элдин укуктук жактан сабатсыздыгы да көп проблемаларды жаратууда. Көңүл ооруткан нерсе, азыр эркектер арасында да депрессияга кабылгандар көп. Аялдары көз жумган эркектер балдары тарабынан зомбулукка учурашат, мүмкүнчүлүгү чектелүү эркектер көйгөйү бар. Өспүрүм курактагы балдар, 1-2-курстун студенттери да бизге кайрылышат, психологиялык кеңешке муктаж болуп.  Адистердин айтымында 2020-жылы адам өмүрүнө коркунуч туудурган дарттын жогорулугу боюнча СПИДден кийинки эле орунда депрессия болот. Бизде бул ооруга көп маани беришпейт.

 «Ак жүрөк» кризистик борбору Ош шаарында жайгашкан. Ишеним телефону: 4-59-76 .

Масим Турсунбекова

 

Фото Сыдык Токонов

Окулду 962 жолу