Версия для печати
Понедельник, 11 Декабрь 2017 03:47

«Акчаны тапканыбыз менен өзүбүздүкүндөй мекен табылбады»

Аялзатынын адам баласынын жашоосунда чоң орду бар экени талашсыз. Бул макалада үй иши менен эле чекетелип калбастан, мырзалар менен теңтайлаша иштеп, "балдарымдын курсагы ток, кийими бүтүн болсун" деп Орусия жергесинде ширетүүчү болуп иштеген аял тууралуу кеп кылмакчыбыз. «Темир кармабасам тура албай калгам» деген каарманымдын үйүндө конок болуп кайттык.

Батма Эргешова, ширетүүчү:

«11 бир туугандын үчүнчүсүмүн»

- Кадамжай районунун Майдан айылында туулуп-өстүм. 11 бир туугандын үчүнчүсүмүн. Менден улуу эки агам бар. Кыздардан улуусу мен болгонум үчүн үйдөгү иштерге эрте аралаштым. Апам «тез кабыл алып, тез үйрөнүп алчусуң» деп көп айтат. 6-классымдан баштап тандырга нан жаап, кир жууп, бир үйдүн тирилигин кылчумун. Апам  менден кичүү инимди ооруканага алып жатып, үйдө жок болуп калган күндөрү чоң энем үйрөтчү. Карыган адам бир айтат да, алып кете албасаң, экинчи жолу айтып отурбайт, сабап кирчү. Эсимде кир жууп отурсам, «кирди мындай жуубайт» деп өз колу менен көрсөттү. Кайра эле өзүм билгендей жууган окшойм, экинчи жолкусуна колумдагы кирди суусу менен кошо эле башыма чапканы бүгүнкү күндөгүдөй эсимде. Ошол учурда үйдөн качып кетип, жаман көрсөм керек. Азыр болсо ошол кийимдин башыма тийгени канчалык сабак болгонун жакшы түшүнөм. Досторумдун үйүнө барып эле аяш энемдер тамак жасагандарын көрүп отуруп эле, үйгө келип жасай берчүмүн. Апам атайын мени жанына отургузуп алып эч нерсе үйрөткөн эмес. Апамдын жасап жатканын бир көргөнүм жетиштүү эле.

«Окуйм деген тилегимди турмуш менен алмаштырып…»

- Орто мектепти аяктаган соң окуйм дегениме атам каршы чыкты. Ал учурда кыз бала окусун деген түшүнүк азыраак эле. Ошентип окуйм деген кыялымды турмуш менен алмаштыргам. Өзүбүздүн айылга эле турмушка чыктым. Турмуштун жетишсиздиги Ошко келишибизге себеп болду. Ошто областтык кургак учук ооруканасында чарба иштеринин жетекчиси болуп 24 жыл иштедим. Тапкан акчабыз эч нерсеге жетпейт. Батирден батирге көчүп шаштыбыз кеткен.

 «12 жыл балалуу болбой жашадык»

- Турмушка чыкканымдан кийин 12 жыл балалуу боло албай жүрдүк. Түрдүү пикирлерге чыдап, жолдошум экөөбүз чогуу жашоого бел байлаганбыз. Барбаган дарыгерим, каккылабаган эшигим калган эмес. Жаратканыма үнүбүз жеттиби, 12 жылдан кийин кыз төрөдүм. Атын Мээрим койдук, кызым жетиге чыкканда уулдуу болдук. Уулумду зарыгып жүрүп таптык эле деп Зарлыкбек койгонбуз.  Уулум 4-класста окуп калганда  жолдошум экөөбүз кеңешип Орусияга кетип калдык. Кызым менен уулум өздөрү менен өздөрү чоңоюшту. Көп кабаттуу үйдө коопсуз деп кызыма ишенип таштап кеткем. Азыр Кудайга шүгүр кызым да, балам да, тарбиялуу, билимдүү. Ошолорду деп алыста иштеп жүргөн эмгектерибизди сыйлашты.

«Айлык акы төлөбөй койгон завод…»

- Алгач Орусияга барганыбызда бир топ кыйынчылык көрдүк. Жолдошум темир заводдо иштеп жүрүп, эки-үч ай айлык акы төлөбөй коюшту. Ал жерден чыгып бир дыйкандын колуна бардык. Жумуш аябай оор болчу. Эртеден кечке талаада, картошка терип колдорубуз тилинип, карарып кеткенге чейин иштедик. 6 ай иштегенибизден кийин мен жолдошума «бул жерде иштесек өмүр бою Кыргызстанга кете албайбыз, башка жумуш табалы» дедим. Жолдошум да оюма кошулуп мурунку заводдогу чогуу иштеген тааныштарынан иш кандай болуп жатканын сураса «жакшы болуп калган, келбейсиңби» дешиптир. Ошентип кайра ошол темир заводго келдик. Жолдошум айдоочу, мен гүл өстүрүүчү болуп иштеп калдым. Айлык акы аз эле, тамак-ашыбыздан ашпайт. Эмне кыларымды билбей жүргөнүмдө мурун Оштогу текстилде иштеп кеткен орус улутундагы бир аял бар эле. Ошол «бизде кесипке үйрөтөт, колуңдан келсе ширетүүчүлүккө окуп албайсыңбы, айлык акысы жогору» деген кеңешин айтып калды. Өзүм да анын сунушун макул көрүп, 3 ай акысыз ширетүүчүлүккө окудум. Сертификат колума тийген күндөн баштап ширетүүчү болуп иштеп келем. Менден башка да үч аял бар.

«Башында сызма иштеринен кыйналдым»

- Yч айда эле баарын үйрөнүп кеттим десем алдаган болом. Башында сызма иштеринен аябай кыйналдым.Кантсе да жогорку билимдин жоктугу деп өкүнгөм. Сантиметр, миллиметрлеп кыркууга келгенде көпкө чейин эле өздөштүрө албай жүрдүм. Бара-бара такшалдым. Ал эми азыр көз менен эле өлчөп, ал жаатта профессионал болуп калгам десем болот. Ата-энем кичинекейимден мээнеткеч болууга үйрөткөн экен, бош отурган күнүм аз болот. Ширетүүчү болуп иштеп жүрүп да гүл өстүрүүчүлүктү таштаган жокмун. Ал жактан 15 миң алсам, ширетүүдөн 45 миң айлык алчумун.

«Жетиштүү турмушта жашаганым менен мекенди сагынып жүрүп өмүрүм өттү»

- Балам төртүнчү класста окуп жатканда кеткен болсом, азыр уулум 24 жашта. Убакыттын өткөнүн да байкабай иштептирбиз. Жылына 45 күн эмгек өргүүгө чыгабыз. Ал убакытта мекенге келип сагынычыбызды таратып,  балдарыбызга жолугуп кетебиз. Өзүм каалаган жетиштүү турмушта жашаганым менен мекенди сагынып жүрүп өттүк. Ушул шарттар биздин өлкөбүздө болсо, ушул жерде иштегенибизге эмне жетсин. Азыр Кудайга шүгүр, уул-кызымды эч нерседен кем кылбай кийинтип, окуттук. Ата-эненин милдети ошол эмеспи. Татыктуу тарбия берип, жашоодо өздөрү сүйгөн кесиптин ээлери болушту. 2 неберем бар. Уулумду жакында үйлөп, келиндүү болуп отурам. Шаардын четине эки кабат үй тургуздук. 13 жылдан бери бөтөн элде иштеп жүрүп жетишкендерибиз ушул.

«Губернатордун сыйлыгына татып…»

- Эмгекчил адам кайсыл эле жамаатка жакпасын. Жакшы иштейсиңби, кесибиңдин мыкты адисисиңби демек, ал тажрыйбаң улут тандабайт. Ошол сыяктуу эле ак эмгектен иштегенибизди баалап жолдошум экөөбүзгө жатакана беришти. Куруучулар күнүндө Владивосток облусунун губернатору келип сыйлыктарын берип кетет. 2015-жылы губернатордун Ардак грамотасына ээ болгом. Андан сырткары бир топ заводдон алган ыраазычылык баракчаларыбыз бар. 

«Дагы бир жыл иштесем Оштогу темир заводго келем»

- Жашым 57де, Орусиянын жараны болгонум үчүн ошол жактан пенсияга чыккам. 15 миң пенсия алам. Жумушума көнүп калган экем. Балдарым «болду токтотуң, эс алың» дегенине карабай дагы барып бир-эки жыл иштеп келсем, Оштогу темир заводго ишке кирем деген план бар. Бекер отургандан өткөн азап жок мен үчүн. 

Бактыгүл Калдарбай кызы

 

 

Окулду 785 жолу