Версия для печати
Понедельник, 11 Декабрь 2017 03:49

Эфирдеги жана эфир артындагы жашоо…

8-декабрь теле жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул күндү утурлай ЭлТР телеканалындагы «Кутман таң» берүүсүнүн студиясына баш бактык. Аба ырайынын сууктугуна карабай көрүүчүлөрүнө жылуу маанай тартуулап жаткан алып баруучуларды сөзгө тарттык.

«Кутман таң» берүүсүнүн продюсери Гүлүмкан Урустамова:

«Биздин берүү телеканалдын мектеби»

- «Кутман таң» берүүсү уйкудан эми гана ойгонуп, таңкы маанайды көтөргүсү келген көрөрмандар үчүн. Бул бөлүмгө продюсер болуп келгениме аз эле убакыт болду. Буга чейин саясий багыттагы бөлүмдөрдө иштедим. Азыр көңүл ачуучу программага келип бир аз көнө албай жүргөн мезгилим. Берүүдө жалпысынан техникалык топту кошкондо 11 кызматкер иштейбиз. Жумуш таң эрте саат 6да башталат. Эфирге чыгуучу алып баруучуларды гримдеп даярдайбыз. Эфирдеги жана эфир артындагы бүт иштер чоң жоопкерчиликти талап кылат. Башка бөлүмдөргө салыштырмалуу бул бөлүм ЭлТРдин мектеби десем болот. Себеби, бул жакка келген ар бир журналистти ушул бөлүмгө жиберишет. Алып баруучулардын сүйлөгөн сөзүнөн баштап кийген кийимине чейин карап, көрүүчүнүн талабына жараша чыгууга аракет кылабыз. Чыгармачылыктын негизги бөлүгүн алып баруучулар түзөт. Алар Максат Давранов, Айжамал Сулайманова, Акбар Айтбаев, Бегимай Койчуманова, Дурусбек Касымов, Нуржамал Каманова жана Перизат Бахадырова. «Кутман таң» берүүсү Бишкектен да чыгат. Ал эми  Оштон шейшемби, бейшемби, ишемби күндөрү чыгабыз.

Мидин Ибраимов, режиссер:

«Алып баруучунун ар бир сөзү чоң роль ойнойт»

- Жоопкерчиликтүү жумушта отурганымды жакшы билем. Ошол үчүн жумушка келип эле эфир башталганга чейин бүт баарын текшерип чыгам. Биринчи студияга кирем, жасалгасы кандай         , операторго кирем, даярдыгы кандай, гримдөө каанасына кирем, алып баруучулардын чачынан бутуна чейин текшерип турам. Анткени, биздин берүү сулуулукту талап кылат. Эфирде сүйлөп жаткан алып баруучунун сырткы келбети сулуу болуп турса, көрүүчүнүн маанайын ошол нерсе да көтөрө алат. Андан кийин режиссердук бөлмөгө барып, эфирдин жүрүшүн текшерип отурам. Ким кандай сүйлөп жатат, ким кантип отурат, баарын көзөмөлгө алып отурам. Себеби, алып баруучунун ар бир сөзү чоң роль ойнойт. Эфирдеги конок же болбосо рубрикалар кызыксыз болсо да, алып баруучу так, таза сүйлөп турса көрүүчүнү өзүнө тарта алат. 

Максат Давранов, алып баруучу:

«Көп сүйлөйсүң го, кастингге барбайсыңбы» дешкен»  

- Телеге келгенге чейин бул тармак боюнча такыр түшүнүгүм жок болчу. Yйдөгүлөрдөн эң көп сүйлөгөнү менмин. Телеге кастинг жарыяланып жатканын эжемдер угуп «сен көп сүйлөйсүң го, кастингге барбайсыңбы?» дешкен. Ошолордун сунушу менен кастингге келип өтүп кеткем. Башында алып баруучулук жөн гана хобби болсо, азыр кесибиме айланды. Күнүмдүк жашоомдо убактымдын көпчүлүк бөлүгү теледе өтөт. Андыктан жашоомду бул кесипсиз элестете албайм. Дайыма эфирде жүрүп, түрдүү адамдар менен кезигип, маектешип олтуруп көп нерсени үйрөнөсүң. Адам менен мамиле кылууга көнөсүң. Мындан аркы жашоом да ушул кесип менен уланат деп ишенем.

Бегимай Койчуманова, алып баруучу:

«Журналистикага 10-классымдан аралашкам»

- Кичинекей кезимден Айчүрөк Иманалиеванын «Роза гүлү» ырын ырдап жүрүп, ырчы болом дечүмүн. Кийинчерек журналистика багытына бир аз аралашкандан кийин ушул багытка ооп кеттим. Телеге келгенге чейин радиодо көп жыл иштедим. 10-классымда «Алмаз», «Пирамида» деген радиолордо иштеп баштагам. Кийин журналистикада окуп жүрүп, биринчи курсумда  ЭлТРде «ЭлФМ» деген радио ачылганын угуп, кастингге келип өтүп кеткем. Радиодо иштеп жатып, кошумча «Кутман таңда» алып баруучу да болуп иштеп жүрдүм. 2015-жылы «Кутман таң» берүүсүнө жаңы продюсер келип, алып баруучулукка башкадан кастинг жарыялап, кастингден өткөнүмдөн кийин радиону таштап телеге өткөм. Теледе алып баруучу болуп иштегениме быйыл 2 жыл болот.

Айжамал Сулайманова, алып баруучу:

«Андреевага окшоп чачыңды өстүрсөң журналист болосуң деген»

- Бала кезимден эле ушул кесипке кызыкчумун. «Журналист болом» десем, атам «чачыңды Андреевага окшоп өстүрсөң анан журналист болосуң» деп калчу. Атамдын ушул сөзүнөн улам чачымды узун кылып өстүргөм. Телеге жаңы келгенимде чын эле Андреевага окшоюн деп жаңылыктар бөлүмүнө баргам. Бирок ал жакта «сенин жүзүң жаңылыктарга ылайык келбейт экен, сен күлүп турат экенсиң» деп «Кутман таңга» жиберишкен. Ошондон бери иштеп келе жатам. Түз эфирде иштеп үйрөнүп калганым үчүн жаздырып, алдын ала тартылып алынган берүүлөргө такыр көнө албай койдум. «Чак түш» берүүсүндө да алып баруучумун. Ал берүү жумасына эки жолу эфирге чыгат. Биринчи берүүсү түз эфирде чыксак, экинчи берүүбүз жекшемби күнгө туура келгендиктен алдын ала тартып алабыз. Алдын ала тартып жатканда да түз эфирдегидей алып барам. Себеби, мен бир айткан сөзүмдү кайра кайталай албай калам. Оюм бөлүнүп кетсе, эмне деп сүйлөгөнүмдү унутуп калам. Ошол үчүн түз эфир мага жеңил.

Бактыгүл Калдарбай кызы

 

Фото: Сыдык Токонов

Окулду 1770 жолу