Версия для печати
Понедельник, 11 Декабрь 2017 03:52

Дөөлөтбек Көкөчөров. Суу деп күйүп-жанган инсан

Дөөлөтбек Көкөчөров иш билги, төрө пейил инсан. Өзгөчө мүнөзү, жумушка болгон берилүүсү, тактыгы, талыкпаган аракети менен ар дайым эл көзүндө жүрөт. Суу маселесин алдыга жылдырып, шаардын маанилүү бөлүгүн жетектеп, ийгилик жаратып келүүдө. Бул инсандын аткарган иштерин баалаган шаар тургундары «Ош шаарынын ардактуу атуулу» деген наамга татыктуу экенин көрсөтүшүүдө.

Дөөлөтбек Курманбековичти ар дайым интервьюга чакырсак «Мени эл айтсын, башкаларга окшоп калп мактангым келбейт» деп тамашалашып коет. Ошол себептен бул кишини жакшы тааныган инсандардан маалымат топтодук.

Нуралы Курмантаев, Ош шаардык мэриясынын уюштуруу, кадрдык иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы:

 «Дөөлөтбек ысымын сыймыктануу менен атай турган жетекчилердин бири»

- Мен билген, сыйлаган, ысымын сыймыктануу менен атай турган жетекчилердин катарында «Шаарсууканал» муниципалдык ишканасынын директору Көкөчөров Дөөлөтбек да бар. Дөөлөтбектин эң башкы сапаты өз кесибин жакшы билгендиги, жоопкерчиликти, аткаруучулук тартипти баарынан жогору койгондугу жана улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жасаган бийик адамгерчилик сапаты мени мына ушул ойго жетелеп турат. Өзүнүн милдетин, жоопкерчилигин жетиштүү билбеген көп эле жетекчилерди көрүп жүрөбүз. Ал эми Дөөлөтбектен күндүн кайсы учуру болбосун суу маселеси боюнча сурасаң, кайсы жерде кандай суу түтүгү орнотулганын, трубанын диаметри канча экендигин, эгерде авариялык кырдаал түзүлсө, кантип оңдоо керектигин таамай айтып берет. Дал ушунун өзү анын тажрыйбалуу адис жана жетекчи экендигин далилдеп турат. Мен бул жерден Д.Көкөчөровдун ишкер сапатын, өз ишин мыкты билгендигин баса белгилеп кетким келет. Ошондой эле тажрыйбалуу, иш билги жетекчи катары шаардын активинин арасында кадыр-барктуу адам. Ошондон улам шаардык Кеңештин бир нече жолку чакырылышынын депутаттыгына шайланган. Көп жылдардан бери аталган муниципалдык ишкананы жетектеп, шаардыктарга ак ниетинен кызмат өтөп келе жатат. Азыркы учурда Ош шаарынын мэриясынын коллегиясынын мүчөсү. Дөөлөтбек Курманбековичтей адамдардын «Ош шаарынын ардактуу атуулу» наамына көрсөтүлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Бакыт Каналиев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары:

«Суу чарбасына Дөөлөтбек акеден башка келсе шаардык бюджет көп чыгымга учурайт»

- Дөөлөт аке менен көп жылдан бери таанышмын. Мамилеге так, сүйлөгөн сөзү орундуу киши. Көптү көргөн ага катары башынан өткөн окуяларды айтып ар дайым духту ойготуп, иштөөгө стимул берип турат. 2012-жылы депутат болуп чогуу иштешип калдык. Эч жерде эч кимден тайманбай оюн так жеткире алган жетекчи. Баштаган ишин аягына жеткирет. Катуу айтып, эмоцияга алдырганы менен, биринчи сөз айтып мамиле түзүп кетет. Бул кишинин өзгөчөлүгү ошол эмоционалдуулугу, аны баары туура кабыл алышат. Ошол мүнөзү менен адамды өзүнө тартып турат. Суу чарбасынын иши аябай оор. Ош шаары эски шаар болгондуктан суу түтүктөрү эскирип бүткөн. Дөөлөтбек акеден башка киши бул ишканага жетекчи болсо анда шаардык бюджет көп чыгымга учурайт. Дөөлөтбек аке иш билгилиги болгондуктан Европага семинарларга барып катышып, ал жактардан инвесторлорду тартып шаарга эң керек болгон суу маселесин чечүүдө төө көтөргүс иштерди жасап жатат.

Балтагул Нурунбетов, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси:

 «Дөөлөттү колдойм, эң жакшы тандоо»

- Дөөлөтбек өз кесибинин дыйканы. Шаарыбыздагы көйгөйү көп ишканага башын байлаган тажрыйбалуу жетекчи. Улуу, кичүүнү өз орду менен сыйлап-урматтаган  адамдык сапаты бийик  бала. «Ардактуу атуул» наамына кээде башы көрүнбөгөн инсандар татып, наамдын баркы кетип калып жатат. А бул Дөөлөттөй балдарды көрсөтүшсө кубанып калат экенсиң. Мен Дөөлөттү колдойм, эң жакшы тандоо.

Сүйүн Пирмаматов, суу чарба ишканасындагы АДС бөлүмүнүн башчысы:

«Дөөлөтбек шаардын уулу экени талашсыз»

- Суу чарбасында 41 жылдан бери эмгектенип бир топ жетекчилер менен иштештим. Алардын ичинен эң иш билги, уюштургуч жетекчи Дөөлөтбек болду. Себеби ал кезде аябай начар абалда калган элек. Жетекчилерден көңүлүбүз калгандыктан Дөөлөтбек келгенде бул деле мурдагы жетекчилердей болот да деп каршы чыкканбыз. Бирок андай болбоду, бир айдын ичинде эле жумушунун жакшы жыйынтыгын көрсөткөн. Айлык ала албай, ишкананын иштерин алдыга жүргүзүүдө эч кандай аракеттер жок, аракет болсо да каражат жок болуп, көп жакшы кызматкерлер жумушту таштап кете башташкан. Дөөлөтбек келип иш кайрадан жанданды. Айлыктарыбыз көтөрүлүп, өз убагында бериле баштады. Инвесторлор менен иштешип бир топ жакшы иштер жасалды. Техникалар жаңырып, суу станцияларга жаңы насостор курулду.  Жумуштун системасы 100% алмашты. Саркынды сууларды бир нукка салып, шаар тазаланды. Мындай инсандарды колдош керек, Дөөлөтбек шаардын уулу экени талашсыз.

 

Абдуллаев Эрик, Чаткал, Аксы, Ала-Бука райондору боюнча экотехинспекциянын башчысы:

«Дөөлөттүн сөгүүсүнүн жыйынтыгы жакшылыкка жеткирет»

- Бул киши менен 30 жылдан бери таанышпыз, бирге окуганбыз. Анын мен баалаган сапаттары көп. Башкалардын жакшы жагын көрө билгендиги - ал сапаты менен жашоодо кандайдыр бир маселеден улам кайгыга чөгүп, өзүн таппай жаткан адамга шык берип, аны жаңы жашоого багыт алдырганын көп көрөм. Мисалы досторубуздун арасында эле андай учур көп кездешет. Эрктүүлүгү, калыстыгы бар, саясий өзгөрүүлөр же кандайдыр бир кырдаал болсо эч качан «паникага» алдырбайт. Калыстык көз караш менен жакшылыкты күтөт. Ой жүгүртүүсү өзгөчө, ар бир сөзү таасирдүү. Тарыхты мыкты билет, анын баарын качан окуп жетишет деп таңыркай беребиз. Киши менен жакшы сүйлөшөт, керек болсо сөгөт. Бирок ошол сөккөнүнүн ары жагында сөзсүз жакшы жыйынтык бар. Дөөлөттү жакшы тааныбагандарга бул кылыгы маданиятсыз көрүнөт. Кыргызча, адамча жашаган киши, жумушунда да ийгиликтерди көп жаратып жатат. Достор арасында тартип бузгандар болсо «сени шашпай тур, Дөөлөт келсин» деп күлүп калабыз. Көпчүлүккө ар тараптан үлгү боло алган ардактуу инсан деп билем.

Касымжан Маматов, суу чарба ишканасынын ширетүүчү кызматкери:

«Жумушчуларга жакын жетекчи»

- Дөөлөттүн мыкты жетекчи экенин негизги өзгөчөлүгү жумушчулар менен сырдаш жетекчи. Суукта жумушчуларга эки кабат кызматтык форма берет. Суу түтүктөр жарылганда суу кечип иштеп жаткан болсок жаныбызга келип, курсагыбыз ач-ток экенин, үшүп жатабызбы, абалыбыз кандай, баарынан кабар алып турат. Yйүндө көйгөй жаралган кызматкерлерди чакырып алып жакшы кеңештерин айтат. Суу, жол тармагында иштөө аябай оор. Суу түтүктөрү бүт чирип калган, авариялык абалга бат-бат дуушар болчубуз. Станциялардын эскирип, иштен чыга баштаганын айтпасак да билесиздер. Жумушка болгон кызыгуу өчүп бара жатканда Дөөлөтбек түп-тамырынан өзгөртүп кетти. Ката кетирген кызматкерлерди ачуусу менен урушуп алып, кайра чакырып   жоошутуп ишке шыктандырып коет. Суу чарбасында иштегениме 40 жыл болсо, анын 30 жылында кесиптештер менен талаага эс алууга барганды, материалдык жардам, премия дегендерди билген эмеспиз. Дөөлөтбек уюштургуч, мыкты жетекчи катары Оштун өнүгүшүнө чоң салым кошуп келе жатат.

Ахматали Нажимитдинов, Ош шаарынын тургуну:

«Төрө пейил Дөөлөттүн атамандыгы калбады»

- Дөөлөтбек Курманбекович менен Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунда 5 жыл бирге окудук. Дөөлөт тайманбаган патриот бала болчу. Мисалы биз ал кезде СССРдин тарыхын окуп, ошого көп кызыксак, Дөөлөтбек Кыргызстандын тарыхынан кеп кылат эле. Ары жагынан төрө пейил инсандар кайда болбосун атамандык кылып турат экен. Дөөлөтбек менен таанышкандан бери атамандыгы калбады. Азыр деле баарын уюштуруп, ал-абал, үй-бүлө, жадакалса уул, кызыбызды окууга өткөрө турган болсок ошону да сурап кабар алып турат. Эң оор кызматтардын бири болгон коммуналдык ишти алгылыктуу жетектеп алдыга жылдырып келе жатат. Оштун көйгөйлүү маселелерин чечип депутаттык милдетти да татыктуу өтөдү. Бул жөн эле мактоо сөз эмес, мен айтпаганда деле Дөөлөттү тааныган ар бир киши билет. Суу чарба ишканасынын дараметин көтөрдү. Ал жерде иштеген кызматкерлер «Суу чарбасында иштейм» деп сыймыктануу менен айтып калышты. Достор чогулуп отуруп калсак жумуштан кийин болсо да телефону колунан түшпөй кызматкерлеринен кабар алып маселе чечип отурат. Эмгек өргүүсү да тынч өтпөйт. Yй-бүлө, досторго караганда жумушун алдыга койгон инсан. Мындай эл уулунун гана колунан келет. Чейрек өмүрүн шаарга кызмат кылууга арнаган инсан шаардын ардактуу атуулдугуна көрсөтүлүшү акыйкаттуу деп эсептейм.

Уулбү Каныбекова

 

 

Окулду 1242 жолу