2017-жылдын кыш мезгилине карата Ош шаардык мэриясынын токтомунун негизинде атайын иш чаралар иштелип чыккан. Ал иш чаралардын негизинде жолдорду кар-муздан тазалоо иштери беш ишканага бөлүнүп берилген. Бөлүнгөн ишканалар жолдорго өз убагында кум жана туз сээп тазалап турушат. Ош шаарынын жолдорун көзөмөлгө алып, кар-муздан тазалап жаткан ишканалардын жетекчилерине кайрылып кененирээк маалымат алдык.
Урали Раманов, Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы:
«Жергиликтүү бюджеттен
2 миллион сом акча каражаты бөлүндү»
-Кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында жергиликтүү бюджеттен 2 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Жолдорду кар-муздан тазалоо иштерин жүргүзүү беш ишканага жүктөлдү. Алар «Ош- Тазалык» ишканасы, Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты, ДЭП -21, Жолдор башкармалыгы жана «Эл-Досстрой» жеке ишканасы. Жалпысынан ушул беш ишкананын ортосунда жолдорду кар-муздан тазалоо үчүн 35 техника даярдалган, алардын ичинен он жетиси атайын кар-муздан тазалоочу техникалар. Быйылкы кышка карата жалпысынан 287 тонна туз жана 290 тонна кум даярдалды. Мындан ары кыш мезгилине сарпталуучу каражат аба ырайына байланыштуу болот. Эгерде кар көп жаап, даярдалган кум менен туз жетпей калса анда дагы алынат. Баарын убакыт көрсөтөт. Учурда жолдордогу кар-муздарды тазалоого бөлүнгөн ишканалардын жумушчулары күндүн сууктугуна карабай колдорунан келишинче кар жааган күндөрү иштеп жатышат. Айрым элдер бир аз башкача ойлошот экен, кум менен тузду шаардын бардык көчөлөрүнө себишет деп. Бирок андай көп сепкенге биздин каражатыбыз жетишпейт. Ал үчүн абдан көп туз жана кум керектелет. Ошондуктан шаарыбыздын кооптуу жолдоруна гана себишет. Кар көп жааган күндөрү нөөмөттө турган жумушчулар түн ичинде да иштешет. Учурда ыкчам уюшулган иштердин натыйжасында жол кыймылынын коопсуздугу сакталып, жол кыймылын үзгүлтүккө учуратпай жолдорду кар-муздан тазалоо иштери өз убагында жүрүп жатат.
Сатыбалды Абдылдакунов, Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчисинин орун басары:
«Жылына 300-350 тоннага жакын техникалык туз жана 250-300 тоннадай шлак, кумдар сарпталат»
-Шаарыбыздын жолдорун кар-муздан тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн бөлүнгөн ишканалар өз убагында жолдорду кар-муздан тазалап жатышат. Атайын техникаларыбыз бар. Бөлүнгөн беш ишкана менен келишим түзүп, аларга шаардын көчөлөрүн бешке бөлүп тапшырганбыз. Кар жаап жолдор тайгак болгон кезде, 513 км. жол тазаланат. Орто эсеп менен жылына 300-350 тоннадай техникалык туз жана 250-300 тоннадай шлак, кумдар сарпталат. Кыш мезгилине кетүүчү каражатты азырынча толук айта албайбыз. Анткени, быйыл кыш кандай болору бизге белгисиз. 2017-2018-жылдары кыш мезгилине жол маселеси боюнча тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында атайын техникалар даярдалып, элүүдөн ашуун кызматкерлер жумушка тартылышат. Бөлүнгөн ишканалардын жумушчулары кар көп жааган күндөрү күнү-түнү дебей өздөрүнө бөлүнгөн көчөлөрдү көзөмөлгө алышып, жолдор кар-муз болбошу үчүн тынымсыз туз сээп иштешет.
Айгүл Наватова, Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчиси:
«Аткарылган жумуштарыбыз жолдор башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнөт»
-Биз учурда өзүбүзгө бөлүнгөн көчөлөрдү көзөмөлгө алып өз убагында кар-муздарды тазалап жатабыз. Жолдордогу кар-муздарды тазалоо үчүн жумушчулар нөөмөт менен иш алып барышат. Кар көп жааган күндөрү алты айдоочу, сегиз жумушчу жолдорго чыгышып, жолдорго туз, кумдарды себишет. Ал эми кар аз жааган күндөрү төрт жумушчу, эки айдоочу гана нөөмөттө турушат. Жумушчуларды көзөмөлдөп турганы жооптуу кызматкер коюлат. Биздин кылган жумуштарыбыз жолдор башкармалыгы тарабынан көзөмөлгө алынат.
Абдыганы Турдукулов, №21 Жол тейлөө мекемесинин жетекчиси:
«120 тонна туз, шлак даярдадык»
-Кыш мезгилине даярдык катары 120 тонна туз, шлак, кум даярдалган. Жумушчулар кар жааса, жаабаса да нөөмөткө турушат. Атайын жумушчулар үчүн жакшы шарттар каралып, бир бөлмөнү үй сыяктуу жасалгалап бардык шартты түзүп бергенбиз. Негизинен бизде 54 жумушчу эмгектенет. Алардын он бири инженер-техник кызматкерлер. Кыш убагында биздин жумуш күчөгөндүктөн, кызматкерлер майрамдарды жумушта тоскон учурлар да болот. Жумушчулардын нөөмөткө туруу убактысы майрамга туура келип калса да жумушка келишип өз ишин кылышат. Жумушчулар бизге бөлүнгөн жер участокторго түнкү саат үчтөр чамасында чогулушуп, кар-муз болгон жерлерге таңкы саат 5-6га чейин туз, кумдарды сээп чыгышат. Эгерде кар көп жаап, жолдор тайгалак болсо, кечки беш-алтыларда дагы бир жолу тайгалак болгон жерлерге туз менен кум себишет. Учурда жумушчулар жол кырсыктардын алдын алуу үчүн унаа өтчү чоң жолдорго да туз менен кумду сээп жатышат. Кыш келгенден бери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз.
Ош шаарындагы жолдорду кар-муздан тазалоо боюнча ишканалардын тизмеси жана каралуучу көчөлөр
• «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы- Масалиев, Шакиров, Монуев жана башка 23 көчөгө жооптуу.
• «Эл-Досстрой» жеке ишканасы - Сүйүнбаев, Мамыров жана 20 көчөгө жооптуу.
• Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты- Курманжан Датка, Абдыкадыров жана 19 көчөгө жооптуу.
• ДЭП №21 ишканасы -Раззаков, Учар жана башка 12 көчөгө жооптуу.
• Ош шаардык жолдор башкармалыгы -Асранкулов, Чкалов жана 20 көчөгө жооптуу.
Батма Суранова
Толугу менен...