Версия для печати
Понедельник, 11 Декабрь 2017 04:12

Эл өкүлдөрүнөн социалдык акция

ОшшаардыкКеңешинин «Кыргызстан» фракциясынындепутаттарышаардынаймагындагымуктажтургундаргаматериалдыкколдоокөрсөтүүмаксатындасоциалдыкакцияөткөрүштү. Колдоо акциясына депутаттар Эльмира Омуралиева, Эмиль Туленбаев, Салман Назылбеков, Равшан Касымов, Жыргалбек Тажибаев катышышты. Аталган фракциянын депутаттары аймактык кеңештер тарабынан сунушталган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шаар тургундарынын социалдык жана материалдык абалдары менен таанышып, шаардын Амир-Темур,  Манас-Ата, Достук аймактык кеңештериндеги муктаж тургундарга материалдык колдоолорду көрсөтүштү. Фракция лидери Э.Омуралиева шаардагы «Смайл KG» фонду тарабынан уюштурулган балдардын реабилитациялык борборунда тарбияланып жатышкан аутизм менен ооруган жашы жете элек өспүрүмдөрдөн кабар алып, борборго мындан ары да  фракция депутаттары тарабынан такай көзөмөлдүн улантылуусун билдирди.

Окулду 768 жолу