Версия для печати
Понедельник, 11 Декабрь 2017 04:16

Адам сатуунун алдын алуу боюнча тегерек стол өттү

6-декабрь күнү Ош шаарында “Адам сатуунун алдын алуу: мамлекеттик органдардын кызматташуусунун абалы жана перспективасы” аттуу тегерек стол болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев,  тийиштүү мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери, коомдук фонддордун өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү келип катышып, кулчулукка каршы туруунун жол-жоболорун ортого салышты.

Вице-мэр Нурбек Кадыров Ош шаарындагы аймактык кеңештерде, билим берүү мекемелеринде “Адам сатууга каршы 100 күн” улуттук программасынын алкагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, олуттуу көйгөйдү чечүүдө биргеликте иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.  

 

Бул иш чара Тышкы иштер министрлигинин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы ыйгарым укутуу өкүлчүлүгү, “Эл аралык Коргоосуна көмөктөшүү борбору” коомдук фонду жана Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте өткөрүлдү.

Окулду 1520 жолу