Версия для печати
Понедельник, 11 Декабрь 2017 04:17

Телерадио кызматкерлери сыйланды

8-декабрь күнү Ош шаарында  телерадио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип,  телерадио жаатында эмгектенген айрым кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын атынан сыйланды. Мэриянын аппарат жетекчиси Алмазбек  Осмонов журналисттерди шаар башчысы Айтмамат Кадырбаевдин атынан куттуктады. “Сиздердин тармак коомдук пикирди түзүүнүн ийкемдүү куралы, анын руханий жана интеллектуалдык деңгээлинин көрсөткүчү катары жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп  калды. Телекөрсөтүү жана радио коомчулуктун түрдүү катмарын биримдикке чакырып, жаратмандыкка багыттай алчу зор күчкө ээ”,- деди А.Осмонов. Мэриянын коомдук-саясий ишмердүүлүгүн коомчулукка активдүү чагылдырууну уюштургандыгы жана ак ниет эмгеги үчүн бир катар журналисттерге, операторлорго Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Окулду 555 жолу