Версия для печати
Понедельник, 11 Декабрь 2017 04:18

Шаардагы мамкызматкерлердин 62,8% гана үйлөрүн камсыздандырган

Бул туурасында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаровдун катышуусунда өткөн, турак-жайларды камсыздандыруу боюнча жыйында маалым болду. Ага аймактык кеңештердин төрага, төрайымдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, жогорку жана орто окуу жайларынын кызматкерлери катышты.Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров Ош шаарында жайгашкан мекеме- ишканаларында эмгектенген кызматкерлердин жалпы саны 14 495  кызматкерди түзсө, алардын ичинен 2017-жылдын 1-декабрына карата турак жайларын камсыздандыруу полистерин алгандардын саны 7537 кызматкер экендигин белгилеп өттү. “Маалымат катары белгилей кетсем, Ош шаарында бүгүнкү күндө болжол менен 57 миң турак жайлар бар болсо, анын ичинен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош шаарынын филиалы тарабынан ушул жылдын октябрь айына берген маалыматына ылайык жалпы 3591 турак жайлары камсыздандыруу полисин алгандыгы, б.а.  6,0  пайызды гана түзөөрү аныкталган. Андыктан аймактык кеңештин төрагалары шаардыктарга түшүндүрүү иштерин күчөтүп, мекеме- ишканалардын жетекчилери да өз кызматкерлерине маалымат жеткириңиздер”,- деди З.Аскаров. Жыйындын жүрүшүндө катуу талаптар коюлуп, турак жайларды камсыздандыруу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу тапшырмалары берилди.

 

 

Окулду 553 жолу