Версия для печати
Понедельник, 18 Декабрь 2017 04:12

Айгүл Наватова: «Ишкана изденүү жолунда»

 «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын» жетекчиси Айгүл Наватова менен ишкананын быйылкы жылда аткарган иштери тууралуу маек курдук. Айгүл Жаңыбаевна башкы агроном, эколог, инвестиция тартуу боюнча адис, экономист менен бирге Бишкек шаардык көрктөндөрүү комбинатынын ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында жөнөп жаткандыгын айтып, комбинаттын ишин жакшыртуу пландарын белгилеп өттү.

•     Жыл башынан бери биздин комбинат тарабынан 2 эс алуу багы пайдаланууга берилди. Биринчи, Манас-Ата кичи районундагы И.Раззаков атындагы эс алуу бак. 5-октябрь шаар күнүнө карата эс алуу жайдын ачылышы болду. Көп жыл бою кароосуз калган эс алуу жайы толук реконструкциядан өтүп, шаардыктардын эң кооз жайына айланды. Эс алуу жайдын сметалык баасы 14 млн. сомду түзүп, тендердик баасы  8 млн. 421 миң сом.

•     13-октябрь күнү шаарыбыздагы кароосуз калган дагы бир сейил бак - “Жибек жолу” толугу менен реконструкциядан өтүп, пайдаланууга берилди. Бул эки бактын тең оңдолуп-түзөлүшүнө мэриянын жана Кытай элчилигинин, Юз оф Ош уюмунун салымы чоң. “Жибек жолун” оңдоп-түзөөгө жалпы 4, 5 млн. сом  сарпталды. Ош шаардык мэриясы 2 млн. сом, биздин ишканадан 1 млн. сом жана “МКР” ЖЧК тарабынан 1,5 млн. сом бөлүндү. Эс алуу жайдын жалпы аянты  9 619  чарчы метрди түзөт.

•     Мэрия тарабынан Токтогул атындагы эс алуу бакты оңдоп-түзөөгө 20 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, реконструкция иштери башталды. Быйыл ирригация жумуштары башталып, кире бериш жерине жарыктандыруу орнотулду. Буюрса, 2018-жылы бактын 100 жылдыгына карата бул жай толук оңдолуп колдонууга берилет.

•     Келерки жылга карата пландаштыруу жүрүп жатат. Анын бири - “Достук” эс алуу багы (Бабур театрынын жаны) боюнча долбоор иштелип чыкты. Оңдоп-түзөө иштерине сырттан каражат табалы деп инвестор издеп жатабыз. Бул жай да келерки жылы оңдолот.

•     Акыркы 3 жыл ичинде 9, 93 млн. сомдук 4 атайын техника алынды. Келерки жылда эскирген автоунааларды жаңылоо максатында 4 унаа сатып алабыз. Ал үчүн эл аралык уюмдарга долбоор жазып, грант утуп алууну көздөп турабыз.

•     Курманжан датка, Ленин көчөлөрүндөгү суу жүрүүчү арыктар начар абалда. Аларга лоток жаткырып, үстүлөрүн жабуу зарылдыгы бар. Бул боюнча да инвестор издеп жатабыз.

•     Күнөсканалардагы эски текчелерди жаңылап, суу чача турган кылып оңдоп жасадык.

•     3 питомникте тең ар түрдүү уруктар өстүрүлүп жатат: алгач кар жааганга чейин шаардагы дарактардын, гүлдөрдүн уругун терип чогултуп алдык да, башка жактан сатып келип чыгым кетирбөө үчүн өзүбүз өстүрүүгө кириштик.

•     Бишкекке баруудагы максатыбыз менен бөлүшсөк, шаарыбызда жок дарактарды өстүрөбүз деп ниет кылып адистерибиз менен Бишкекке кетип жатабыз. Бир жеке адам палони деген дарак өстүрөрүн уктук. Борбордо бир нече жеке менчик питомниктер бар. Алардын иш тажрыйбасы менен да таанышабыз. Мүмкүн болсо урук алып келебиз.

•     Гүлдүн уругун 2 жыл Чехиядан сатып алдык. Быйылдан баштап өзүбүздөн өскөн гүлдөр эгилет. Ал эми Ошто жок жаңы гүлдү өстүрүү үчүн Швейцариядан эң жакшы өндүрүүчүлөрдү издеп жатабыз. Быйыл 1 жарым миллион даана гүл эксек, 2018-жылы 2 миллион даанага жеткиребиз.

•     Дарактарды бутоо иштери да өз убагында жүрдү. 9 ай ичинде 2915 түп ийне, жазы жалбырактуу дарак,  31, 500 чарчы метрдеги бадалдар иреттүү буталып, жол боюндагы, эс алуу бактарындагы, сейил бактардагы 32 миң түп дарак 3 ирет акталды.

•     Шаардагы бардык жалбырактарды таштандыдан бөлүп алып сырье катары колдонуп келебиз. Жер семирткич өзүбүздөн чыксын деп компуска көмүп чириндиге айландырып, 2-3 жылдан кийин пайдаланып жатабыз.

•     Учурда арча, кипариз, голубая ель, сосна, можжевельник,туялардын уруктары жана герань, георгин, гацания гүлдөрү Кара-Кысмак питомнигиндеги күнөсканада өстүрүлүүдө.

•     Ишкана шаардын көчөлөрүн кар-муздан тазалоо иштерине да кол кабыш кылат. Быйыл бул максатта ишкана тарабынан 30 тонна туз, 40 метр куб кум даярдалды.  Бизге бөлүнгөн көчөлөрдү көзөмөлдөп, 4 даана кар тазалай турган, 3 даана кум себе турган техника даяр турат.

•     Ишкана быйылкы жылды ийгилик, өсүү, алдыга умтулуу менен узатып, жаңы жылды чоң максат, үмүт менен тосуп алууда. Быйыл аткара албай калган иштерди келерки жылы сөзсүз жасайбыз. Шаарыбызда гүлдүн жаңы, али Ошто өсө элек түрү эгилип, калаабызда жок дарак түрү отургузулат. Ишкана кызматкерлери Ош шаарынын облигин өзгөртүп, жашыл калаага айландыруу үчүн изденип жатат жана изденүү жолу уланмакчы.

Масим Турсунбекова

 

 

Окулду 1100 жолу