Версия для печати
Понедельник, 18 Декабрь 2017 04:14

«Суу менен дарылоо баланын булчуңдарын жазып, кыймылдоосуна жеңилдик берет»

Өткөн жумада Ош шаарындагы   Кыймыл-таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда суу менен дарылоо каанасы ачылган эле. Учурда  борбордо суу менен дарылоо иштери кандай  жүрүп жатат, негизи эле суу аркылуу кантип дарыласа болот?

Зарифа Акматова, борбордун жетекчиси:

«Борбордо  бир  жылда  900 гө жакын  бала дарыланат»

-Бизде учурда 44 кызматкер эмгектенет. Алардын ичинен 10у дарыгер, 18 медайым, 4 тарбиячы, калгандары  нөөмөт менен иштеген кызматкерлер. Борбор 70 орунга ылайыкташылган. Алардын ичинен 30 орун ортопедиялык, 40 орун неврологиялык оорулар  үчүн ылайыкташылган. Неврологиялык бөлүмгө кайрылган балдардын 70-80 пайызы (ДЦП) шал оорусу менен ооруп кайрылгандар. Шал оорусу (ДЦП) балдардын нерв системасынын жабыркаганынан келип чыгат. Келбеттин, кыймыл- аракеттин, сүйлөөнүн, тең салмактуулуктун  бузулушу, акыл-эстин өсүшүнүн кечеңдеши менен шартталат. Биздин бөлүмгө бир жылда тогуз жүзгө жакын бала жатып дарыланат. Бул оорудан биротоло айыгып кетүү күтүлбөйт. Мындан сырткары  кыймыл-таянычынан жабыркаган сөөк муун оорулары менен жабыркагандар да  келишет. Учурда 84 бала дарыланып жатат. Негизинен  6 айдан баштап 16 жашка чейинки балдарды гана кабыл алабыз. Учурда бизде 3 жаштан 15 жашка чейинки балдар  көп. Ал эми 6 айлык балдарды энеси медайымдар менен кошо карашат. Бөлмөлөрүбүз жетишсиз болгондуктан, 11 бөлмөгө 42 керебетти батырып койгонбуз. Балдарын дарылатууга алып келген ата-энелер  ошол жерде балдарын карап жатышат. Ал эми шаарга жакын жерде жашагандар  үйүнөн барып-келип балдарын дарылатышат. Дарылоо ыкмасы  боюнча айта кетсем, алгач эле бизге кайрылганда  медициналык бөлүмгө кайрылышат. Ал жерде  дарыгерлер  баланы көрүп өз кеңештерин беришет. Баланын оор же жеңил түрү менен ооруганына жараша комплекстүү дарылоо жүргүзүлөт. Тынымсыз жылдап аракеттенүү менен айрым гана бир булчуң менен нервдердин иштөөсүн калыпка келтирүүнүн өзү чоң эрдик болуп эсептелет. Мисалы, өзү кашык кармап же өз алдынча дааратканага барууга жеткизүү чоң иш болот. Дарылануу акысыз. Төрт маал балдар үчүн акысыз тамак берилет. Биз көбүнчө ата-энелер менен биргеликте иш алып барабыз.

«Суу менен дарылоо бөлмөсүнө  265 000 сом акча каражаты сарпталды»

-Жакында балдарды суу менен дарылоо  бөлмөсү ачылды. Бул бөлмө көп жылдардан бери колдонулбай келе жаткан. Анткени, эч кандай ремонту жок, жаман абалда эле. Бул бөлмөнү бардык шарт менен ачуу үчүн көп суммадагы акча каражаты керек болчу. Ата-энелер балдарын  Ысык-Көлгө, Кочкор-Атага, Жалал-Абадга алып барып суусуна  жуундуруп келип жатышкан. Ал эми турмуш-шарты начар ата-энелер ал жактарга балдарын алып бара албай кыйналышчу. Ошол себептен да бул бөлмөнү ачууга катуу кириштик.  Бул бөлмөнү ачуу,  оңдоп-түздөө иштерине кетүүчү акчаны табуу үчүн, «Кайдыгер болбой кайрымдуу бололу»  аттуу кайрымдуулук акциясын  өткөздүк. Акциянын негизинде  165 000 сом акча каражаты топтолду. Ош шаардык иш менен камсыздоого көмөктөшүү  башкармалыгы  тарабынан 100  000  сом  акча  каражаты бөлүнүп берилди. Чогулган акчанын негизинде  суу менен дарылоо  бөлмөсүн ачып алдык. Бизге көмөктөшкөн, жардам колун сунган демөөрчүлөргө чоң рахматымды айтам.

Жыпар Асилбекова, балдар дарыгери:

«Тарамыш түйүлүп, булчуңдар тырышып калганда суу менен дарыласа болот»

-Бизге кайрылган балдар үчүн суу менен дарылоо  эң сонун жыйынтык берет. Анткени, суу менен  дарылоо ыкмасы  балдардын ден соолугун  чыңалтып, дагы да болсо жакшыртат. Көбүнчө  тарамыш түйүлүп, булчуңдар тырышып калган  учурда суу менен дарылайбыз. Суу балдардын тырышып калган булчуңдарын жазып, жумшартып,  кыймылдоосуна жеңилдик берет. Ошондуктан суу менен дарылоо кабинетин ачтык. Балдар өзүн жакшы сезип сууда ээн-эркин кыймыл-аракетте болушу  үчүн, 37-38 жылуулук өлчөмүндөгү сууга атайын дары чөптөрдү жана минералдык  кошулмаларды  кошобуз.  Баланы сууга салганда кайсыл жагы көбүрөөк тырышып жаткан болсо, ошол жагын медайымдардын жардамы менен суунун ичинде кыймылдатып, денени чыңалтабыз. Суудан чыккандан кийин баланы укалап, андан соң дем алдырабыз. Сууга түшкөндүн кийин дароо эле жыйынтык билинбейт. Бир аз убакыт өткөндөн кийин билине баштайт. Аталган бөлмөгө алынган ванналар кичине болгондуктан 10 жашка чейинки гана балдарды сууга түшүрүп  жатабыз.

Суу менен дарылоо бөлмөсүн ача электен мурун  массаж жана ток менен гана балдарды дарылачубуз. Эки буту, эки колу тырышып ооруп жатып  калган балдарды ток жана массаж менен өзүнө келтирчүбүз.  Ал эми азыр болсо суу менен дарылоо ыкмасы менен тырышкан кол-буттары кененирээк жайылып, балдар өзүн жакшы сезип, өздөрү олтуруп тамак жеп да калышты. Кээ бир балдар ошол оорусу жок болуп кетсе басып да кетиши  ыктымал.

Бактыгүл Марибжан кызы, окутуучу-дефиктолог:

«Баланын аң-сезимин өстүрүү үчүн көп нерселерди үйрөткөнгө аракет кылабыз »

-Биз дарылагандан сырткары ата-энелери менен биргеликте балдарын окутабыз. Беш-алты жаштагы балдар жана жети жаштан жогорку балдарды окутуп келебиз. Балдарга көбүнчө сүйлөгөндү, калем кармап жазганды үйрөтөбүз. Андан сырткары мектеп жашына барып калган  балдардын эске тутуусун жакшыртуу үчүн  тамгаларды үйрөтөбүз. Балага бир тамга үйрөтүү үч саат убакытты талап кылат. Атайын балдар үчүн убакытты кенен бөлгөнбүз. Андан сырткары   ар кандай түстөрдү да үйрөтүп келебиз. Тез убакыттын ичинде үйрөтүлгөн тапшырмаларды кайрадан сурап турабыз. Баланын аң-сезимин өстүрүү үчүн көп нерселерди үйрөткөнгө аракет кылабыз.

Уркия Жолдошова, баласын дарылатууга алып келген  эне:

«Балам 7 жашында отуруп калды...»

-Мен баламды 9 айлыгынан тартып  ушул борборго алып келип дарылатып турам. Балам (ДЦП) шал оорусу менен ооруп калган. Ар үч айдан кийин бир ай дарылатып  кетем. Учурда 7 жашка толду. Ушул борборго  келгенден тартып баламда бир аздан болсо да өзгөрүү болуп жатып, минтип 7 жашында өзү олтуруп калды. Мындан ары басып кетишин Кудайдан тилеп  жатам. Бул жерде иштеген медайымдарга  чоң рахматымды айтам. Ушулардын мыкты эмгеги менен канчалаган балдар бутка туруп жатышат.

Ажар Дурсуматова, небересин дарылатууга алып келген чоң эне:

«Неберем  балдар менен кошулуп үн чыгарып ойноп калды»

-Мен неберемди  бул борборго алып келип дарылатып жатам. Ар бир алты айда  дарыланып кетебиз. Келиним боюнда бар кезинде  катуу  тумоологон. Ошондон улам баланын акыл-эси кеч өрчүйт деп дарыгерлер  айтышкан болчу. Баламдын  эч нерсеге көңүлү жок болуп эч ким менен иши жок жүрө берчү. Бир да үн чыгарып сүйлөөчү эмес. Ушул жерге келип дарыланып, өзү менен тең балдар менен жүрүп кыйла өзгөрүш бар. Учурда бир аз болсо да үн чыгарып балдар менен кошулуп ойноп калды.

Батма Суранова

 

 

Окулду 2571 жолу