Версия для печати
Понедельник, 18 Декабрь 2017 04:18

Көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун түнкү жарыктандыруу 90% аткарылды

Ош шаарын өнүктүрүү программасынын алкагында шаарыбыздагы көчөлөр жана көп кабаттуу үйлөрдүн асты толук жарыктандырылмак болгон. Бул багытта алгылыктуу иш-аракеттер жүрүп, учурда жумуш 90 % га аткарылды. Буюрса, жыл аягына чейин толугу менен жарыктандырылып бүтөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Манас-Ата аймактык кеңешинин жашоочулар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Долбоордун алкагында Манас-Ата аймактык кеңешиндеги бир топ үйлөрдүн алдына да түнкү чырактар орнотулду. Пайдаланууга берүү алдында атайын иш чара болуп, ага калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев, шаарыбызда иш сапары менен жүргөн КРнын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Вице-премьер-министр Д. Кенекеев шаар жетекчиси А.Кадырбаевдин эмгегин, демилгесин жогору баалап, бул долбоор Ош шаарынын тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзөрүн айтты.

Ал эми калаа башчысы А.Кадырбаев өз сөзүндө көчөлөрдү жана көп кабаттуу үйлөрдүн алдын түнкү жарыктар менен камсыз кылуу Ош шаарынын өнүктүрүү программасынын жана “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында аткарылып, ишке ашып жаткандыгын маалымдады.

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри:

"Коопсуз шаар" долбоору ишке ашат"

  -Ош шаарын өнүктүрүү программасын кабыл алып жатканда, негизги багыттардын бири катары көчөлөрдү жана үйлөрдүн алдын толугу менен түнкү жарыктар менен камсыз кылууну киргизгенбиз.

Программанын алкагында акыркы үч жылда шаарыбызда 174 чакырым жолго түнкү жарыктар орнотулду. Учурда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 млн. сом бөлүнүп, шаарда жайгашкан 640 көп кабаттуу үйдүн алдына түнкү жарыктар орнотулууда. Бул иш-аракеттер шаарыбыздын тургундары, жаш балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулуктун алдын алууда көмөк көрсөтөт деп айтууга болот. Учурда шаарга 2000 светодиоддук чырактар орнотулуп, долбоордун 90% ы бүттү. Буюрса, ушул айдын ичинде шаардагы бардык көп кабаттуу үйлөрдүн алдына светодиоддук чырактар орнотулуп, “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашат.

«Шаарыбыз күндүзгүдөй жарык. Мэрибизге рахмат!»

Көп кабаттуу үйлөрдүн алдына түнкү чырактарды орнотуу долбоору өлкө ичинде бир гана Ош шаарында ишке ашып жатат. Бул саамалыкты шаар тургундары кандай кабыл алууда, пикирлерин билүү максатында айрым жашоочулардын пикирин уктук.

Талантбек Ташиев, Төлөйкөн кичи району, №11үй, 35-батиринин жашоочусу:

«Жарыктандыруу жакшы саамалык болду»

-Жарыктан-дыруу бул өтө жакшы саамалык болду. Мэриянын бул иши алкоого татырлык. Кошуналар арасында жылуу пикирлер айтылып, баары кубанып жатышат. Элге кызмат кылуу деп ушуну айт деп айтты кечээ бир байбиче. Ылайым калаа башчынын дени сак болуп, иштерин ийгилик, оомат коштосун.

Чыңгыз Алиев, Ош шаары, Раззаков көчөсү -18 а үйүнүн жашоочусу:

«Балдар үчүн да жакшы болду»

-Мен Манас-Ата районунда көп жылдан бери жашайм. Жеке ишкермин. 2 балам бар. Yйдүн алды кечкисин капкараңгы болуп, балдарды сыртка чыгаргандан чочулап турчубуз. Эми прожектор алып келип койсом окшойт деп кабатырланып жүрдүм эле. Минтип жапжарык болуп калганын көрүп чынын айтсам жаш баладай кубандым.

Балдар мектепке эрте кетет. Кээде кечкисин дүкөнгө жөнөтүүгө туура келет. Эми чочулабай беймарал жөнөтүп калдык. Караңызчы, шаарыбыз күндүзгүдөй жарык болуп турат. Ал үчүн калаа башчыбызга рахмат!

Сапаралы Карабашев, Салиева көчөсү - 26-45 дарегинин тургуну:

«Жарыктандыруу мэрдин жеке идеясы деп уктум»

-Өзүңөр көрүп тургандай адамдар кечкисин күндүзгүдөй эле беймарал басып жүрүшөт. Шашкан, чочулаган, элеңдеген эч ким жок. 5-10 жыл мурда кандай эле? 6 дан кийин көчөгө чыксаң, соо кайтчу эмессиң. Же тонолосуң, же бир нерсеңди уурдатасың дегендей. Кудайга шүгүр, минтип кең-кесири басып калдык. Элди ойлогон, эл коопсуздугун ойлогон шаар башчысына ыраазычылык билдирем. Жеке өзүнүн идеясы деп уктум. Кудай жар болсун мэрибизге.

Бөрүбай Айсаев, Салиева көчөсүнүн тургуну:

-Мэрибиз шаар тургундарынын коопсуздугун үчүн бир топ иштерди жасап жатат. Түнкүсүн көчөлөрүбүз, эшик алдылары жапжарык болуп, маанайды көтөрүп турат. Жаш балдарды саксактап турчу элек кечиндеси. Эми коркпой чыгарып калдык. Айтмамат инибиздин дени сак болуп, иштери алдыга жүрө берсин.

Гүлнара Орозматова, Анар кичи району, 10-үйдүн жашоочусу:

-Менин 3 кызым бар. Баары мектепке барышат. Азыр кышкысын караңгы эрте эле түшүп калат эмеспи. Түнкү чырактар коюлгандан бери кыздарым коркпой кирип-чыгып калышты. Биз да баштагыдай кооптонбой калдык. Башта бейбаш балдардан коркуп дикилдеп басчубуз. Эми шашпай, жайбаракат басып калбадыкпы. Жакшы иш болду чынында.

Бегимай Завидова, СМТТУ кичи шаарчасынын тургуну:

-Мен Кулатов кичи шаарчасына конокко келаткам. Башта минтип кечкисин басмай каякта эле. Жапжарык болуп турат баары жок. Балдар аянтчасында балдар ойноп жатканын көрүп суктанып карап бараткам. Шаарыбыздын өнүгүп жатканына кубанабыз албетте.

Ясин Арипов, Зайнабидинов көчөсүнүн жашоочусу:

-Биздин үйдүн алды да жарыктандырылды. Жашоочулар ыраазы болуп жатышат. Кечкисин жүрбөйүн десең да көп учурда иш боюнча чыгууга туура келет. Күндүзгүдөй  жарык болуп жакшы болду. Шаардык бийлик жакшы иштеп жатат.

Назира Кийизбаева, Т.Кулатов кичи району, №2 үйдүн тургуну:

-Чынында мэрия жакшы иштеп жатат. Көчө шыпыргандар короолорго чейин келип шыпырып жатат. Жашоочулар тазалап койгон жерди таза тутпай, балмуздактын, сагыздын сыртын тыштап басып кете беришет. Кээде апам экөөбүз көрүп калсак ачык эле «Таштаган нерсеңди ал кайра» деп айткан учурлар да болду. Качан биз баалай билүүгө үйрөнөр экенбиз?

Эми мына түнү менен чырактар жанып турат. Мунун баары жашоочулардын тынчтыгы үчүн эмеспи. Буга деле бир канча акча каражаты кетти да. Мээнетти  баалап, шаарыбызды таза тутуп, урматтап жашасак жакшы эле. Эл мээнетти барктаганга үйрөнөт деп ишенем.

 

Масим Турсунбекова

Фото Сыдык Токонов

 

 

Окулду 901 жолу