Версия для печати
Понедельник, 18 Декабрь 2017 04:21

Экинчи аял алуу. Көйгөйдүн күңгөй-тескейи…

Коомубузда экинчи аял алуу маселеси кызуу талкууну жаратып, көптөгөн талаш-тартыштар болуп, ар түрдүү ойлор, пикирлер, көз караштар айтылып жатат. Токол алуу маселесинде динди жамынышып, Пайгамбарыбызды (с.а.в.) бетине кармап жактагандар да чыкты. Көп аял алуу мыйзам бузууга жатат, кош никелүү эркектерди сот жообуна тартыш керек деп жектегендер да чыкты. Динде мындай, мыйзамда мындай деп кайталагым келбейт. Бул маселенин үчүнчү, төртүнчү жагын карагым келди. Көп аял алууга медицина кандай карайт?  Бул боюнча уролог менен психологдун пикири.

Уролог-андролог Абдирашит Акынбеков:

«Эки аялым бар деп ай сайын келип дарылангандар бар»

- Аял эркек ортосунда «жубайлык милдет», төшөк маселеси негизги орунда турат. Кээ бир үй-бүлөнүн бузулушунун негизги себеби да ушул болуп калат. Акыркы учурларда ар кандай жыныстык оорулардан улам эркектер бул жаатта алсыз болууда.  Анын биринчи себеби тамак-аштын сапатынын начардыгы. Экинчиден, жыныстык жол менен жугуучу оорулардын көптүгү. Эки аял алуу маселеси учурда чоң талкуу жаратып жатат. Дарыгер катары айтат элем, азыр эркектер ар кандай жыныстык оорулардын, тамак-аштын начарлыгынан эки аял эмес, бир аялына жубайлык милдетин аткарууга толук жарабай жатышат. Илгери Сексенбай, Токсонбайлар төрөлчү. «Ата-бабаларыбыз көп аял алган» деп аларга өзүн салыштырып эки аял алам деген эркектер бар. Илгери эркектердин жыныстык кубаты, бел суусу көзү өткөнчө азайган эмес. Аларда тамак-аш таза болгон, жыныстык жол менен жугуучу оорулар да кездешпеген. Алардын 4 аялы болсо төртөө тең бир күйөөнүн көзүн карап жашаган. А азыр биринчи аялдан башкасынын ал эркектен башка да «байланыштары» болот. 40-45 жаштан ашкан эркектердин 80 % ында бел суусунун пайызы өтө төмөн. «Эки аялым менен жашайм» деген эркектер келет. Жакшылап дарылап жиберсек бир айдан кийин кайра келет. Мен ага «эки аял менен жашасаңыз, өмүр бою бизге кардар болосуз. Сиз биринчи аялыңызга ишенгендей, экинчиңизге да ишенесиз. Бирок ал сизден башка экинчи, үчүнчү эркектер менен байланышы бар. Ошолордон оору жуктуруп, аны сизге өткөрөт, сизден биринчи аялыңызга өтүп жатат» деп түшүндүрөмүн. Эки же көп аял алууга эркектердин ден соолугу жооп бербейт жана андан да начарлашына алып келет.

Экинчи же үчүнчү аял болуп кандай психикадагы кыз- келиндер тийет? Экинчи аял алган эркектин биринчи аялынын психикасынын бузулушу жана андай үй-бүлөдө балдары кандай тарбия алып калуусу мүмкүн деген суроолорго жооп издеп психолог Доолоткан Кабыковага кайрылдык.

Дөөлөткан Кабыкова, психолог:

«Аягы суюк адамга 5 аялды мыйзамдаштырып берсе деле тойбойт»

- Эркектер көп аялдуулуктун негизги себеби катары жесирлерди бактылуу кылуу, сойкулукту жок кылуу, кыздарыбызды чет элдик жигиттерге турмушка чыгарбоо экенин түшүндүрүп жатышат. Психолог катары айтсам бул жаңылыштык. Жесир аялдарга токтолсок, жолдошу каза болуп жесир калган келиндерге караганда жолдошу менен ажырашып жесир калган келиндер көп. Ажырашуунун түп маңызы эмнеде?.. Чет элдик жигиттерге кыздарыбызды турмушка чыгарбайлы деп жатышат, алардын чет элдик жигиттерди тандоосунун себебичи?.. Жашырганда не, эч бир эркек бир эле аялдын көзүн тиктеп өтпөйт. Табийгаттын өзүнө ылайыктуу мыйзамдары бар. Бирок көп аялдуулукту мыйзамдаштырса эле, сойкулар жоголот, бардык аялзаты бактылуу боло калат деген сөздөр психикасы соо адамдын кыжырын келтирет. Бул нерсе тескерисинче бактысыздардын санын көбөйтөт. Бактылуу болгонду билген киши, бир эле үй-бүлө менен бактылуу боло алат. Ошол бир эле үй-бүлө менен бактылуу болуунун өзү да өтө чоң мээнетти талап кылат. Биринчи аялы менен бактылуу эркектин психологиясында экинча аял алам деген ой такыр жашабайт.

Эмне үчүн эркектер биринчи аялдан тажашат?

- Себеби көпчүлүк аялдар үйдөгү көйгөйлөрдү айтып көп сүйлөйт. Эркектин ар кандай каалоосуна, иштен кийин чарчап көңүл ачкысы келген жайларга баруусуна  анын апасына окшоп чек коет. Биринчи аялы апасына окшоп көрүнүп, андан көп нерсени жашырып, жада калса телефонуна чакыруу келсе да жашырып сүйлөшөт. Себеби биринчи аял эркектин ар бир маселесине аралашат. Эркек табийгатынан эркиндикти сүйгөн жан болот. Аларга үйдөгү балдарынын ызы-чуусу да жакпайт. Ошол себептен кээ бир эрки бош эркектер тынч, бактылуу жашоону издеп үчүнчү кишини үй-бүлөсүнө аралаштырып алышат. Ал экинчи аял же көңүлдөшү.

Баары эле окшош эмес, экинчи аял же көңүлдөш болууга такыр көнбөгөн жесир аялдар бар. «Эмне үчүн мен бактылуу болсом болбойт экен» деп бирөөнүн бактысына көз арткан келиндер да бар. Көбүнчө эркектен, турмуштан көңүлү калып жалгыз жүргөн кекчил келиндерди башка үй- бүлөнүн бактысы, балдары менен аялынын жан дүйнө, моралы кызыктырбайт. Андай келиндер турмуштан, эркектен өч алгысы келип жашашат. Биринчи аялды нааразы кылып, экинчисин бактылуу кыла аласыңбы? Бул суроого жооп издебей туруп кадам таштаган ошол эркек өзү эң бактысыз байкушка айланат. Бул маселеде эң бир аялуу тарап-балдар. Ата-энеси ынтымактуу боло албаган балдардын акыл-эси жайында болсо да, рухий дүйнөсү кемчонтой болуп, апанын ызасына суугарылган, көз жашынан көктөгөн балдар өсүшөт. Мындай үй-бүлөдө чоңойгон балдардын көпчүлүгүнүн жүрөгүндө ыза, куса, толбой калган мээримдин орду болот. Алар бактылуу болгонду үйрөнбөй калышат.Чыныгы бактылуу үй-бүлөдөн эки аял алгысы келген эркек, экинчи аял болгусу келген кыз чыкпайт. Бири-бирин сыйлаган ата-энелердин өрнөгүн көргөн балдар, эң оболу өздөрүнүн кадыр-баркын билген, анан өзгөлөрдү да сыйлай алган инсандар болуп чоңоюшат. Психолог катары көп адамдар менен баарлаштым, үй-бүлөлүк көп окуяларга туш болдум, жаңжал арбыганы эле болбосо ушул күнгө чейин эки аял алып бактылуу жашап жатам деген адамды кезиктире элекмин. Буга мына интернет ааламында акыркы күндөрдөгү өлкөбүздөгү эң бир таанымал аалымдын талкаланып жаткан жан дүйнөсү мисал. Эгер ушундай эле сооп иш жасагыңар келсе, ошол жетим-жесирлерге, сойкуларга моралдык жана материалдык жардам көргөзгүлө. Сойкуну пайдаланган эркекти тыйгыла. Сойкунун өзүн таза жашаганга үйрөткүлө. «Эркектер 2 же 3 аял алса эле, ойнош ойнобой калат» деп жатышат. Ойнош ойногон каны суюк адам 5 аял алса деле ойнош ойнойт. Бул ал кишинин оңолбос табийгаты.

Буга чейин дин аалымдары токол алуу маселесинде «байбичеси макул болсо анан токол алыш керек» деп түшүндүрүп келишкен. Чубак ажынын акыркы окуясынан кийин ал сөздөн танып «токол алууда байбиченин макулдугу маанилүү эмес» деп чыгышты… Кожожаш баатыр да байдын токолуна азгырылып, уулдуу болот. Зулайка аны укканда алгач дайрага боюн таштайм деп, бирок «сендей баатырга эки аял көптүк кылмак беле. Айкенди алып кел» деп макулдугун бергенде гана Кожожаш баатыр жолго аттанган жери бар. Эркектин баары Кожожаштай баатыр болсо эки аял көптүк кылмак эмес… Айткандарынан кайтып, бир-үй бүлөнү эптей албаган эркекке бир эле аял жетиштүү.

Бакыт- баасы жок Жараткандын адамга тартуулаган эң эле бийик белеги. Бул жарык дүйнөдө үй-бүлөлүк бакыттан өткөн маанилүү нерсе жок. Бактылуу жашооңо үчүнчү бирөөнү кошуу үй-бүлөлүк көйгөйдүн оорлошуна алып келет. Көп аялдуулук түбү терең маселе. Аны бир, эки пикир менен чечип коюуга мүмкүн эмес. Ар бир адамга ыйман каалап, үй-бүлөсүнүн бекемдигин, бактылуулугун тилейбиз.

Уулбү Каныбекова

 

 

Окулду 3263 жолу