Версия для печати
Понедельник, 18 Декабрь 2017 04:23

Нурзаман Алимбеков: «Ишкерлигиме насыя, ипотеканы аралаштыргым келбейт»

 «Бейне» рубрикасы башкы редактордун жеке идеясы. Рубриканын алкагында жарык көргөн инсандын бейнеси окурманды эч качан кайдыгер калтырбасын коомчулук тарабынан айтылып жаткан жылуу пикирлер айгинелөөдө. Эмесе дагы бир ийгиликтүү инсандын - Ош шаардык Кеңешинин депутаты Нурзаман Алимбековдун бейнесине үңүлүңүз…

-Конок төрүбүзгө куш келипсиз, Нурзаман Карыевич. Силердин үй-бүлө тууралуу жакшы сөздөр айтылып жүрөт. Эл оозундагы үлгүлүү үй-бүлөнүн мүчөсү катары өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз…

-Мен Кара-Суу районуна караштуу Папан айылынан болом. 1983-жылы 11-октябрда мугалимдин үй-бүлөсүндө туулгам. Атам Кары чет тили мугалими, апам Ибадат Мырзабекова башталгыч класстын мугалими болуп иштечү. Апам кийин бала бакчанын башчысы да болуп иштеген. Yй-бүлөдө 13 бир тууганбыз, 7 уул, 6 кыз. Мен эң кенжесимин. 7 уул тарыхы чынында сыймыктанарлык. Атам баарыбызга жакшы тарбия берип, 7 баласын тең жогорку билимдүү кылды. Бир чети өзү мугалим болгондуктан алгач тарбияга көңүл буруп, анан билимдүү кылганга бүт күчүн жумшады окшойт. Биз да атабызды угуп, сөзүн эки кылбадык. Ушул кезге чейин атамды сыйлап, анын кеңеши менен иш тутуп келатабыз. Учурда менден улуу агам Нурбек Жогорку Кеңеште депутат, ал эми Давлет агам шаардык Кеңештин 2 жолку чакырылышынын депутаты, төрагасы да болгон. Азыр Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары.

  Айылдагы Арал орто мектебинен билим алгам. Мектепте көбүнчө волейвол ойночубуз. Бардык эле айылда өскөндөр жакшы билет, айыл жеринде волейволдон башка спорт түрүн ойноого шарт жок болчу. Кийин шаарга келгенден кийин күрөш, самбо боюнча машыга баштагам. Ага кошумча улакка барып, кээде улак тартышка катышам.

-Атыңыз өзгөчө. Бул ысым эмне максат менен коюлду экен?

-Мен төрөлгөн 83-жылдары элдин жашоосу жакшырып,  нур заман болуп турган экен. Ошондон улам коюлса керек. Yй-бүлөнүн кенжеси болгонумдан улам агаларым көп кабаттуу үй сала баштаганда курулуш компаниясын менин атымдан «Нурзаман групп» аташкан. Азыр курулуш компаниябыз Бишкек, Ош шаарларына көп кабаттуу үй салып жатат. Агаларым мен туулган жылдагыдай нур заман орноп жашообуз жакшырсын, ар бир үй-бүлөнүн өз үйү болуп, коломтосунда от жанып турсун деген ниет менен менин атымды компанияга коюшкан экен. Мен да алмаштырбадым.

-Кайсы окуу жайды бүтүргөнүңүздү айта кетсеңиз?

-Орто мектепти аяктап ОшМУнун юридика факультетинен билим алгам. Андан кийин ата кесибин улайм деп дүйнөлүк тилдер факультетине тапшыргам. Бирок 2 жогорку билимдүү болуп туруп, заманга жараша жеке ишкерликке киришип кеттим. Учурда «Ак тайлак» ЖЧКнын директорумун.

- Көз тийбесин, бирок 7 уул, 6 кызды төрөп-өстүрүү, тарбия берүү энеге оор. Апаңызга ким жардам берип кол кабыш кылган экен?

-Бир туугандарымдын көптүгүнө аябай сыймыктанам. 13 баланы өстүрүп-тарбиялоодо чоң энем Курбандын апама жардамы чоң болгон экен. Ага-эжелерим чоң энемди көп эскеришет, мен жакшы билбей калдым. Апам өтө эрте 45 жашында көз жумган. Анда мен 7 жашта элем. Апам бала бакчанын башчысы, мен тарбиялануучу. Апамдын жүзү, сүйлөп жаткандары элес-булас эсимде...

Азыр өзү иштеген бала бакчага апамдын ысымы берилген. 2003-04-жылдары авариялык абалга келип калган экен, толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, чатырын жаңылаганбыз. Башта 10-15 бала барса, учурда 100 дөн ашык бала тарбияланууда. 10 жылдан бери демөөрчүлүк кылып келебиз. Жылуулук системин оңдоп, бузулган-неткен жери болсо түзөтүп, апамдын атын алып жүргөн жайды кастарлап күзөтүп келебиз.

Бир туугандар биригип айылга мечит да салып бердик. Ош-Папан жолун курууга Нурбек агамдын салымы чоң. Жылына 3км.ден асфальт төшөтүп отуруп азыр баштан-аяк төшөлгөн. Негизи бир туугандар баарыбыз эле элге жардамдашып келебиз. Ун, а түгүл торпогу менен уй тараткан учур да болгон.

   Эжелеримдин бири арабызда жок. Ооруп каза болуп калды. Калганыбыз Кудайга шүгүр тынч, аманбыз. Той, маарекелерде, майрам күндөрү атамдын үйүнө чогулуп турабыз. Баары жакшы десем болот, бирок  бири кем дүйнө демекчи, андай кубанычтуу учурда апамды эстеп жүрөк толбой калат…

  «Жегенге да көп жакшы, иштегенге да көп жакшы», «Көп көтөргөн жүк жеңил» демекчи, көп болгон эле жакшы экен. Турмушта ар кандай кырдаал болот тура, бир туугандарым ар дайым бири-бирибизди колдоп-кубаттап келе жатабыз. 2 агам, 2 эжем, бир  карындашым Бишкекте жашашат. Калганыбыз Оштобуз. Мен үйдө эң кенжеси болгондуктан атамдыкына апта сайын үй-бүлөм менен барып кабар алып турам.

Атам азыр 83 жашка чыкты. 1996-жылы 60 жылдык, 3 жыл башта 80 жылдык маарекесин белгиледик, 2 жолу ажылык парзын аткарып келди. Айылдын кадыр-барктуу аксакалы, баары атам менен кеңешип маселе чечишет. Атамдын элге баш-көз болуп, акылы тетик жүргөнүнө кубанам. Экинчи апабыз менен ынтымактуу жашайт. Айылга заманбап үлгүдөгү чоң үй салып бергенбиз. Ичинде бардык шарты бар. Баягы биз чоңоюп-өскөн үйдү бузбадык, оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, заманбап жасалгалап койгонбуз. Бузганга кол барбады.

«Аганы көрүп ини өсөт» дейт. Агаларым союз жаңыдан таркап заман оорлошуп турган учурда жыгач базардан иш баштаган. Ушул тармак боюнча иштеп кагылып-согулушкан. Аларга эч жактан колдоо болгон эмес. Ага карабай ишти жандантып, башка ишкерлерге чыйыр салып беришти. Элдин жүгүн алсак экен, элге кызмат кылсак экен деген максат-ниеттерине жетип, баары азыр элге кызмат кылышууда.

-Депутаттыкка аттанышыңызга агаларыңыз кандай карашты?

-Албетте, менин депутаттыкка аттанышыма бир тууган агаларымдын таасири чоң. Баары келип колдоо көрсөтүштү. Эл өкүлү болуу жеңил эмес экенин айтып, бул ишти татыктуу аркалап барышымды насаат кылышты. Мага азыр элдин, бир туугандардын, атамдын ишеничин актоо озуйпасы турат. Бул нерсе мени алдыга түртөт.

-Сиз шаарыбыздагы ийгиликтүү инсандардын катарындасыз. Бул деңгээлге жетүү оңойго турбагандыр.

-Туура айтасыз. Ийгилик жолунда сөзсүз кыйынчылыктар болот. Анын үстүнө бизнес тармагы дайыма алдыга кетүүчү иш эмес, бирде алдыга, бирде артка кетесиң. Менин башымдан да кыйынчылыктар өткөн. Муну ар бир ишкер түшүнөт. Орусияда бир жылдары кризис болуп, баалар түшүп кеткен. Банктан насыя ала коем деп, аябай кыйналгам. «Өзүңдө жок - ааламда жок» деген сөз бар го, кредит төлөйм деп карызга акча сурасам эч кимден чыкпай койгон. Зорго төлөп кутулгам. Насыяны алып шашпай төлөй берсе болот дегендер катуу жаңылат. Проценти мейли, үстөк пайызы дегени болот. Ошондуктан мен ишкерлигиме насыя, ипотека дегенди аралаштыргым келбейт. Эгер кардар төлөй албай калса баасын арзандатып же мөөнөтүн узартып беребиз. Бирок карыз алдырып төлөткүм келбейт.

-33 жашыңызда депутат болупсуз…

-33 жаш биздин бир туугандар үчүн өзгөчө. Анткени Давлет агам 33 жашында Ош шаардык Кеңешине, Нурбек агам Бишкек шаардык Кеңешине депутат болушкан. Мен да 33 жашымда шайландым. Бул дал келүүчүлүктү жакшылыкка жорудум. Буюрса, мен да агаларым сыяктуу элге кызмат кылам. Жеке ишкер катары ушул кезге чейин жеке чөнтөгүмдөн кайрымдуулук иштерин жасап келгем, дагы деле жасай берем. Ал эми эл өкүлү катары мамлекеттин бюджетин туура жакка жумшаганга, пайдалуу иштерди бүтөргөнгө салым кошсом дейм. 33 жаш кимдир бирөөлөр үчүн эртелик кылса, мен үчүн эрте да, кеч да эмес. Иштей турган, элге-жерге кызмат өтөй турган курак.  

-Ар бир ийгиликтүү мырзанын артында жубайы турат дешет. Yй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз.

-Жубайымдын аты  - Элиза. ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Нурпери, Нурсулуу жана Асия аттуу 3 кызыбыз бар. Нурпери 4-класста, Нурсулуу 1-класста окуйт, Асия 5 жашта. Нурсулуу менталдык арифметика боюнча Алматыда өткөн олимпиадада 2-орунду ээлеп кайткан. Учурда Бишкекте өтчү олимпиадага 2 кызым менен бирге жөнөп жатам.

  Кыздарымдын жакшы окушуна жубайым Элизанын мээнети көп. Кыздар менен кечке алектенет. Сабактарын кошо даярдашып, мектеп менен тыгыз байланышта болуп, баарына үлгүрөт. Бала бакча, мектеп менен эле чектелбей, менин ишиме да жардамдашып, колдоп турат. Ысык-суугума чыдап, көп нерсеге түтөт. Жубайыңдан колдоо таппасаң, ийгиликке жетпейсиң деген сөзгө толук кошулам.

Масим Турсунбекова

 

Фото Сыдык Токонов

Окулду 4659 жолу