Версия для печати
Понедельник, 18 Декабрь 2017 04:27

Ош — Кызыл-Кыя шаардык Кеңештери кызматташат

Өткөн жумада Ош шаардык Кеңешинин депутаттары менен Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин депутаттары жолугушту. Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрайымы Уулбү Дарипова жолугушуунун негизги максаты Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын иштөө тартиби менен таанышуу экендигин билдирип, жолугушууну уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновго жана депутаттарга ыраазычылык билдирди.

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов:

- Ош шаардык Кеңешине Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрайымы баштаган 20дан ашуун депутат келди. Шаардык Кеңештин жыйындар залында коалиция лидерлери, комитеттин төрагалары жана келген коноктор менен жолугушуу өткөрдүк. Негизги максат Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин депутаттары өздөрү сунуш киргизгендей, аткарып жаткан иштерибизде тажрыйба алмашуу, бүгүнкү күндөгү биздин туруктуу депутаттык комиссиялар менен алардын туруктуу депутаттык комиссияларынын жакындан таанышуусу. Ошол эле мезгилде фракциялардын кандай иш алып барып жатат, бүгүнкү күндө эмне иш аткарып жатышат, ушул сыяктуу суроолорго жооп ала алышты.

 

Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрайымы Уулбү Дарипова:

- Жолугушуунун негизги максаты эл өкүлдөрү менен тажрыйба алмашуу, чечилбеген айрым көйгөйлөрдү ортого салып талкуулоо. Ош шаардык Кеңешине иш сапары менен келип туура кылганыбызды билдик. Анткени, жогорку деңгээлдеги шарттар, мыкты адистер, депутаттардын тажрыйбалуулугу бизге жакшы таасир калтырды. Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинде беш коалиция жана беш туруктуу депутаттык комиссия бар. Ар бир комиссиянын төрагалары, комитеттин төрагалары, депутаттар болуп 20 адам келдик. Бизге салыштырмалуу бир топ жакшы шарттарда иштешет экен.  Андан сырткары төраганын адамгерчиликтүүлүгү, жөнөкөйлүгү жана иш билги экендиги кубандырды. Бизди дагы бир таң калтырган нерсе, ар бир комитеттин төрагаларында бирден куратору бар экен. Негизи депутаттар ар тармактан келишет эмеспи. Аларга үйрөтүп, жардам берип турган кураторлордун бар экени чоң жетишкендик. Тилекке каршы бизде мындай шарттар азырынча жок.

Пикир алмашуудан соң кызыл-кыялык эл өкүлдөрү Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын жана аппарат кызматкерлеринин иштери менен таанышып, ар түрдүү маселелер боюнча талкуулашты.

Рысбек Турдуев, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү:

- Эл өкүлү болгон соң ишмердүүлүктү жакшыртуу, тажрыйба алмаштырып туруу ар бир депутаттын милдети. Бүгүн биз да өз милдетибизди аткарып, Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин депутаттары менен жүзмө-жүз көрүшүп, жакындан таанышып, тажрыйба алмашып жатабыз. Бир топ кемчиликтер, чечилбеген маселелер бар экен. Мындан ары карым-катнашты күчөтүп, биргеликте иш алып барабыз деген чоң максаттар бар. Буга чейин Чолпон-Ата шаарында эл өкүлдөрү менен жолугушуп кайткан элек. Алдыда дагы пландар көп. Өлкөбүздөгү ар бир шаардагы эл өкүлдөрү менен жакындан таанышып, алар менен биргеликте иш алып барабыз, буюрса.

Жалалидин Султанов, Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин депутаты,  бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы:

- Ош шаары өлкөбүздөгү экинчи борбор болуп саналат. Ушул жакка келип тажрыйба алмашып кетүү биз үчүн чоң жетишкендик. Эртеден бери кыдырып, таанышып жүрүп бир топ артыкчылыктарды, жетишкендиктерди көрдүк. Мындан ары кызматташып, Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынан тажрыйба алып, биз да шаарыбызга жакшы иштерди жасайлы деген максатта келип отурабыз. Чындыгында шарттар аябай жакшы экен. Ар бир туруктуу депутаттык комиссиянын өздөрүнүн иш бөлмөлөрү бар экен. Мындай шартта кайсы эле эл өкүлү иштебесин. Өлкөбүздү өнүктүрүүдөгү салым ар бир жарандын мойнунда экенин сезишибиз керек. Жакшы күн болду, жыйынтыгы да жакшы болот деп ишенем.

Жолугушунун соңунда  төрага Ж. Ормонов Кызыл-Кыя шаарынын мамлекетибиздеги өзгөчө ордун жана депутаттардын алгылыктуу иштерин белгилеп, мындан ары да кызматташуу иш-аракеттери улантыла беришин билдирди.

Бактыгүл Калдарбай кызы

 

 

Окулду 1345 жолу