Версия для печати
Понедельник, 18 Декабрь 2017 04:29

ОшМУ Кытайда эн мыкты деп таанылып, алтын медалга татыды

Кытайдын Сиан шаарында дүйнөдө 625 университеттерде жайгашкан Конфуций институттарынын жыйынына Конфуций институттары жайгашкан университеттердин ректорлору жана директорлору катышып, жыл жыйынтыгын чыгарышты.

 

Ага Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери, Конфуций Институттарынын Штаб квартира кеңешинин төрайымы Лю Яндун айым катышып, «Улуу жибек жолу, Бир жол, бир кур» стратегиялык программасы боюнча аткарылып жаткан иштер, перспективалары жөнүндө баяндама жасады. Андан соң Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери жыл бою айырмаланган жетекчилерге, илимпоздорго үзүрлүү эмгектери үчүн түрдүү номинациялар боюнча сыйлыктарды жана медалдарды тапшырды. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ОшМУнун Конфуций институту жемиштүү жана изденгич эмгеги үчүн «Жылдын мыкты институту» наамына ээ болду. Ал эми ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаковг кыргыз-кытай мамилелерин өркүндөтүүгө кошкон бараандуу салымы, ОшМУнун Конфуций институтуна өзүнчө курган окуу корпусу, жатаканасы үчүн жана материалдык-техникалык базасын чындоого, окуу-усулдук потенциалын жогорулатууга кошкон демилгелүү салымдары, жаштарга терең билим берүүдөгү ишмердүүлүгү үчүн дүйнөлүк Конфуций Институтунун башкы башкармалыгы тарабынан «Жылдын мыкты жетекчиси» наамын алып, алтын медаль ыйгарылды. Ошондой эле ОшМУнун HSK борбору “Мыкты тестирлөө” номинациясын женип алды.

Окулду 1236 жолу