Версия для печати
Пятница, 12 Январь 2018 05:21

Талантбек Батыралиев, Саламаттыкты сактоо министри: «Медициналык интеллигенция күтүүсүз ойгонушу керек»

Ачыгын айтсам, он жылдан ашуун иш тажрыйбамда далай инсандар менен маектештим. Бирок бир да министрдин мынтип «шалтагын шалтактай, баткагын баткактай» ачык айтып, агынан жарылганын көп кезиктирбегем. Баары эле баягы отчетун бетке кармап, бизде баары "беш" дешет. Бүгүнкү каарманым – Саламаттыкты сактоо министри Батыралиев Талантбек Абдуллаевич. Медицина тармагында реформа жасоо менен алек. Күнбү-түнбү кайсы оорукана болбосун күтүүсүз кирип барат, менимче «мен баратам, даярдангыла» дебеген азырынча жалгыз министр.

Агымга каршы сүзгөн министр

-Талантбек Абдуллаевич, алгач кирип келген Жаңы жылыңыз менен куттуктайбыз!

-Саламатсыздарбы? Рахмат, кыргыз элимди кирип келген жаңы жылы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Ырыс-кешиктин, жаңы өзгөрүүлөрдүн жылы болсун. Ар бир үйдө ден соолуктун оту күйүп турсун. Менин эшигим дайыма ачык, кимде кандай суроо болсо жооп берүүгө даярмын.

-Сизди агымга каршы сүзүүдөн коркпогон министр катары билебиз, өзүңүздү ушул мүнөздөмөгө кошор белениз?..

-Албетте, анткени эгемендүүлүктүн 26 жылында жашап жатсак деле, эркин экономика шартаттарында деле, эски системаны улантып келе жатабыз. Демек, агым баягыдай эле, бирок замандын талабы таптакыр башка, оорулуунун  талабына ылайык калкка жеткиликтүү кызмат бере албай жатабыз. Ачык айткандан коркпой, мүмкүнчүлүккө жараша дебей, системалык жана көнүмүш адаттан башка өнүгүүгө багыт алуу зарыл. Бул шартты акыры бирөө аткарыш керек болчу, менде башка жол жок.

-«Фармакологиялык бизнес ээлери эл алдына отчет бериш керек» деген кебиңизди калк дагы кубаттайт. Бул боюнча атайын мыйзам да сунуштадыңыз эле, өттүбү?

-Фармакологиянын ээси ким болсо болсун - мамлекетпи же менчикпи, кеп анда эмес. Кеп фармбизнестин ээлери элге жоопкерчиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүүсүндө. Мен бардык бул тармактагы адамдарды күнөөлөгөндөн алысмын, бирок учурдагы система таза иштеген ишкерге да, элге да зыяны тийип жатат. Бул жерде коомдун да жоопкерчилиги болуш керек, саратандын ысыгында базарда жерге жайылган дары-дармекти жергиликтүү аткаруу бийлиги, сатып жаткан жаран жана ошол дарыны өзүнүн ден соолугу үчүн сатып алган жарандын да кайдыгер мамилеси болуп жатат.  Дары-дармек, медициналык буюмдар жөнүндө 3 пакет мыйзам 2,5 жылда араң өттү, бул үчүн мени бир канча жолу кетирүү аракети болду. 3-окууда деле менин жоктугумдан пайдаланып өткөзбөө аракеттери болду. Эми каршылыктар күчөйт, ошол мыйзамга ылайык токтомдор, буйруктар иштелип чыгышы керек. Байкатпай барып, алаксытып  жамбаштан тебүү эми күтүлөт. Агып келген кирешеден ким эле оңой кол жуугусу келсин. Коомдук активисттердин, бейөкмөт уюмдардын эми колдоосу керек. Кыргызстандын аймагына кирген ар бир дарыны, оорулуу жаранга жеткенге чейин катуу көзөмөлгө алуубуз зарыл. Ошондо контрабанда, сапатсыз дарыга тыюу салынып, Кыргызстандын бюджетине акча түшөт. Медиктердин айлык маянасын көтөрүлөт.

“Жаштарга орун бериши керек...”

-23 жыл Түркияда иштеп келген адис катары айтсаңыз, биздин медицинадагы эски системаны реформалоого сизге эмне тоскоолдуктар болууда? Акыры бир күн бул тармакка реформа керек эле да…

-Бул тоскоолдуктар закон ченемдүүлүк, элди көзөмөлсүз дары "жегенге" үйрөттүк, акчаң болсо каалаганыңды ал, эмне болсо болсун - киреше болсо жетет деген ишкерлерге кудай берип эле калды, жыргализм. Акырында барып бүт жүк карапайым элдин мойнуна түшүп жатат: баасы дагы, сапаты дагы жана жаман кесепеттери да өлгөндүн үстүнө көмгөндөй. Күнүмдүк турмушта эртеден кечке эле эл деле, врачтар деле, айрыкча оорулуулар деле ушул проблеманы сүйлөшүшөт, бирок эртеси көнүмүш адат менен жашоону улантышат. Негизгиси мыйзам өттү, муздар эрий баштады, өзгөрүүлөр башталды, сектордогу былыктар чыга баштады, эл колдой баштады, бирок оңоюна качпашыбыз керек. 2002-жылы Түркияда фармбизнести бир жылга чейин саботаж кылышкан, аягы сонун болгон. Жетекчилер, авторитеттүү врачтар фармбизнес менен бир туугандай эле болуп калышат, бул бүткүл дүйнөдөгү көрүнүш. Биз да өтөбүз.

 -«Бир ордунда жылбай иштеген айрым башкы дарыгерлер, жемкор жетекчилер иштен алынды. Арыздангандар ак үйгө  чейин барды» делинип жүрөт. Ишинен кынтык кетирген жетекчилер менен иштешпей коюуда келишим түзбөй коюу менен чектелдиңизби же атайын органдар иликтесин деп аларга коюп бердиңизби?

-Бүткүл дүйнөдө, тактап айтайын, мамлекеттик тармакта 2 мөөнөттөн ашуун иштегенге мыйзам же уруксат жок. Бул туура, анткени жакшы өнүккөн мекемеде чын эле өнүгүү болсо кадрлар жетиштүү болушу шарт, көп иштеген адам жанында адам кармабайт. Жетекчини уккан коллективди, жердештерин, досторун жана туугандарын топтоп алды деген каста пайда болот, мисал катары - иш убагында ишин кылбай коллективдүү коргоо чогулуштарын өткөзмөй, кат жазмай, арыз жазмай ж.б. Көпчүлүгү өздөрүн замандын талабына ылайык эмес экенин билишет, элетрондоштуруу жөнүндө түшүнүгү жок жетекчи бүгүн таза коомдун курулушуна, заманбап медицинага кандай салымы болмок эле? Мүмкүн эмес, кылган эмгектерине чоң рахмат, бирок жаш, иш билги кадрларга да кезек берүүнү, сынды жакшы жакка кабыл алууну үйрөнүү убагы келди. Ишинен каржы кынтыгы барлар атайын органдарга 100% берилди, бирок жыйынтык "төөнүн куйругу жерге тийгенде" дегендей акыбалда.

“Таза коом”, “Жаңы доорго кырк кадам”, “Электрондук өкмөт”, “Бирдиктүү терезе” долбоорлорун ишке ашуусуна каршы пенсионер жетекчилерди кантип кармап тура аласың? Системага адамдык ресурс аралашса, коррупциялык иштерди жасаган ыңгайлуу да аларга. Биз ошолорго бөгөт коюп жатабыз.

“ФОМС – өкүмдар кайненедей эле болуп отурат”

-Ош облустук оорукананын кардиология бөлүмүнө ангиограф аппаратынын келиши менен адам өмүрүн сактап калууга аракеттер жакшы болуп жатканын айтышты дарыгерлер,  буга сиздин түздөн түз тиешеңиз бар экен. Керектелүүчү меджабдыктарды алып келүү менен чет жакка чыгып операция жасатуу азаймак дешет, бул боюнча пикириңиз кандай? Баары эле акчага келип такалат эмеспи.

-Бир кем дүнүйө дегендей. Биринчи максат адис менен камсыздоо, материалдык техникалык базаны оңдоо, элге жетиштүү тестирлөө жана дарылоону жеткиликтүү кылып берүү – биз буларды жасадык. Эл чет мамлекетке жүрөк ооруларын дарылоого барууга бүгүн муктаж эмес, бирок колунда жок карапайым оорулууга керектүү камкордук көрүүдө кыйынчылык болуп жатат, муну чечишибиз керек.  Заманбап камсыздоо системасын түзүшүбүз керек. Бүгүнкү ФОМС өкүмдар кайненедей эле, даяр мамлекеттин, элдин акчасын бөлүштүрүп эле отурат. Ошондой болсо дагы бардыгын акча чечет дегенден алысмын, мисалы: АКШда бир жаранга саламаттык сактоого бөлүнгөн акча 9500$, медицинага мүмкүнчүлүгү жок жарандардын саны 30 миллиондон ашуун, Түркияда киши башына 500$, бирок 95% сапаттуу медицина менен камсыз кылынган. 2018-жылы кыргыз медицинасында, айрыкча Бишкек, Ош, Жалал-Абадда ийгиликтен эси оогон жыл болот, Борбор Азияда жок ооруканалардын, университеттик клиникалардын, бир топ  медициналык жаңы имараттардын ачылышы күтүлүүдө. Бирок бул биз  үчүн чек эмес, дагы курабыз. 

“Органымды мураска калтырам дегенимди медицинанын каймактары уккусу жок”

-Сиздин «мен өлгөндөн кийин органдарымды мураска калтырам» деп айтканыңыз бар, бул дүйнөлүк практикада колдонулуп келаткан иш. Бирок биздин элдин дини, менталитети буга тоскоолдук жаратса керек, трансплатациялоо сиздин оюңузча кандай болуш керек?

-Ооба,  айтканым чын. Бүткүл дүйнө, ислам өлкөлөрүндө да бул системада өнүгүп келе жатат. Кулакка жаман угулганы менен жапа чеккен сыркоо адамга орган кайдан табылмак. Биздин эл жат нерсе катары кабыл алып, каршы чыгышы мүмкүн. Мына Түркия, Казакстан, Белорусия ж.б. өлкөлөрдө бар. Менин айткандырымды айрыкча медицинанын каймактары уккусу да келген жок, мына ошолордун деңгээли - ишенген кожом сен болсоң алды-артыңдан тал карма акыбалында... Коомдун жоопкерчиликтүү бөлүгүнүн аракети менен кылган иштери,  кылык-жоругу, кээде эстраординардык жол көрсөтүү менен жаңы багытка үгүттөөнү жоопкерчилик катары сезиши керек. Оорулууларыбыз Индияга, Түркияга, Белорусияга жете албай жүргөнү, коомдун каймактарын ойго деле салбагандай, бирок Кудай алардын башына салбасын... Проблеманын түпкүрүнөн сезүүгө, билүүгө сөзсүз эле башыңдан өтпөшү керек. Кептин баары ушул жерде - "сен билесиңби же сельсоветпи?" дечү илгери, иш билгенди деле сурап, оюн угуп, тажрыйбасын изилдеп койгонго убакыттары жок атаганат... 

-«Эмкана, төрөткана, ооруканаларда ишеним телефон  илингени менен иштебейт, анткени карга карганын көзүн чукубайт» деп элде ишенбөөчүлүк бар, бул боюнча атайын иликтөө жүргүзүп турасызбы?

-Ушул күнгө чейин мен баратам, даярдангыла деп эч жерге айта элекмин. Түнү-күнү ооруканаларга айтпастан кирип келем.  Келген күндөн бери менин Ватсап номерим таркатылган, бирок биздин жарандарыбыз так суроо берип арызданганды үйрөнө албай жатат. Учурда коомдук активдүүлүк бар экени ичимди жылытат, интернетке, фейсбукка тартып чыгарып койгондордун үстүнөн иликтөө дайыма болот. Ишинде кемчилиги барларга чара колдонулуп жатат.

“Аутопсия жүргүзүлүшү керек”

- «Дарыгерлер карабай коюп, дарыгердин шалаакылыгынан улам өлүп калды» деп даттангандар көп, тиешелүү экспертиза, далилдерден улам жаза алып же ушул тармакка иштегенге тыюу салган учур катталдыбы, сиздин тушуңузда. Же баарына оорулуу өзү күнөөлүүбү?

-Бул аябай оор нерсе, айрыкча бизде аутопсия деген нерсени жокко чыгарып койгондой эле болдук. Бул да демократиянын башка тескери жактары. Медицинада ар бир оорулуунун диагнозун туура коюуда  маселе болсо жана күтүлбөгөн өлүм менен жыйынтыкталса, дарыгерди  айыпка гана жыгуу максаты менен эмес, медициналык бир катар суроолорго жооп алуу максатында аутопсия жүргүзүлүшү керек. Аеосуз комиссиялар, бирок барып эле тыйын менен бүтүрүп салышат. Соттон 2 гана учур болду, эркинен ажыраган.

-Эми аялзаты кызыккан, ал гана эмес, гинекологдор кээде «биз министрликке сунуштадык» деген темада суроо узатсам, төрөт кабыл алуудагы «америкалык метод» аялдарга жакпайт, гинекологдор да «ушуну аялдар көбүрөөк арызданса карап көрүшөр беле» деп ийин куушурушат. Сурайын дегеним, жаңы төрөгөн аял  2 күндөн кийин үйүнө чыгарылат. Бул аялдын калыбына келиши үчүн аздык кылбайбы?

-Так бир формуласы жок, болбошу да керек. Бирок жалпысынан алганда дүйнөдө физиологиялык төрөттөн кийин бир күндө үйгө чыгарышат, бул туура. Ал эми кандайдыр кичине деле күмөн, проблема болсо калтырыш керек. Көзөмөл системасы электрондук болмоюн "Алмакан алмасын жемейин" дегендей эле, шылтоо дайым табылат. Кыргызстандын врачтары чет өлкөдө  Кыргызстандагыдай каалаганын жасап, башаламан иштей алышпайт. Себеби система жол бербейт.

“Күйбөгөн жериң күл болот экен...”

-Коррупция менен күрөш сиздердин тармакта кандай жүрүүдө?

-Коомдо кандай гана коррупциялык көрүнүш болсо,  медицинада деле орун алды. Гезиттен түшпөй калдык эле, 2 жылдан бери колго түштү дегенди окуй элекмин, бирок алган да, берген да ыраазы деген нерсе  токтобой жатат. Жарандарга кайрылып кетээр элем, медицинадагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү 0555 59 60 00 (ватсап) номерине проблеманы так көрсөтүп, аты-жөнүңүздү жазып жибериңиздер. Биз сизге сөзсүз кайрылабыз, керек болсо чукул чарасын карайбыз. Бишкектеги №4-роддомдо 17 миллион сомдук фиктивдүү дары камсыздоо, №18-YБД 9,5 миллион сомдук жемкорлук, Араван, Кочкор, Кара-Суудагы коррупциялык элементтер буга мисал. “Мени туура эмес алып койду” деп сотко кайрылып, өтүп кеткен жылга больничный лист ачтырып, анан соттон утуп алгандарын көргөндө, күйбөгөн жериң күл болот экен. Бул АДАМГЕРЧИЛИК деңгээлинин тескери бийиктиги, тилеке каршы, элибиз мындай нерсеге маани бербегендей. Медициналык интелигенция күтүүсүз ойгонушу керек же болбосо ойготуу зарыл.

-Медицина өнүккөн сайын оорулар да көбөйдү, буга климат, тамак-аш дагы эмне себепкер болушу мүмкүн?

-Кыргызстанда оорулардын саны статистикалык салыштырмалар менен  чектен чыгып кеткен жери жок, бирок тестирлөө системасынын жакшырышы, климат, экология булардын, албетте, таасири бар. Илимдин жетишкендиги жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат, бирок ошол эле учурда адамзаттын алдына өздөрү жаңы жараткан проблемаларды алып келет. Ошондуктан өнүгүү деген процесс ар бир тармакта риск деген маанилүү түшүнүк менен бирге талкууга коюлуп, риск аз тармакты өнүктүрүү керек, ден соолук үчүн деле ушундай. Сөзүмдүн акырында айткым келет, медицинадан коомдун ден соолугунун 15% гана көз каранды, калган  85 пайызы коомдун көп тармактуу ден соолукка багытталган иш аракетине байланыштуу. Жасаган иши жана дени сак жашоо образы, активдүүлүгү роль ойнойт. Таза суу, таза кол, таза ажаткана болмоюн жугуштуу оорулардан арылуу мүмкүн эмес. Кадырлуу Кадырбек, урматтуу Урматбек, ооматтуу Ормонбек, билектуу Балгынбектер 40 -50 миң кишиге той берип, уруусунун курултайын өткөрүп мактанбастан,  жетимканадагы сүйүүгө, жылуу мамилеге муктаж ымыркайдын келечегин ойлоп, иш алып барбаса баткакка түшкөн трактордой эле турганыбыз турган. Маселенин чоңдугу ар дайым эле оор жүк талап кылбайт, таза суу экономикага 15% салым кошот, бул илимий такталган маалымат, элдин ден соолугун айтпай эле кой, суу жана жол барган жерден маданият кенен  мааниде отурукташат.

Өлкөбүз өссүн, элибиздин дени сак болсун. Ар бир үйдө баланын күлкүсү жаңырып, ата-эненин кубанычы ыроолосун.

Урматтоом менен Талантбек Батыралиев.

-Маегиңизге рахмат, сиздей иштеген министрлер бизге азыр абдан керек. Ийгиликтер болсун!

 Бурул Исмаилова

 

 

Окулду 2475 жолу