Ошто мэр менен губернатордон кийинки убактысы өтө тартыш, саат карап иш кылган, тынбастан ары-бери чуркап, Ошто кандай иш чара болсо ошол жерден башы көрүнүп турган калаадагы эң жаш жетекчилердин катарын Ош ЖИАнын аткаруучу директору Жасур Парпиев толуктайт. Yй-бүлөсү же жеке жашоосу туурасында суроо берсең да бир-эки сөздөн кийин кайра эле жумушу жөнүндө айтып баштаган Жасур Парпиевдин бейнесин ачып берүүгө аракет кылдык.
"Мыкты футболчу" наамы мага жылда берилчү"
-1989-жылы 30-августта Аксы районунун Кызыл-Жар айылында төрөлгөм. Мен кичине кезде ата-энем эки башка жолду тандап, апам менен бирге таятамдын колунда чоңойдум. Бизди апам жалгыз чоңойтсо да тамак-аш, кийим-кечеден тартыш кылбады. Материалдык жактан гана камсыздабастан, атанын да, эненин да тарбиясын берди. Атам менен мектепте окуп жатканда бир жолу жолугуштум, ошол боюнча байланыш болбоду. Анын башка үй-бүлөсү бар.
Кызыл-Жар айылындагы Н.И.Мешков атындагы орто мектептен аяктадым. Окуучу кезде коомдук, маданий иш чараларга активдүү катышчумун. Олимпиада, ар кандай сынак, спорттук мелдештер боюнча башка аймактарга көп барчубуз. “Жылдын мыкты футболчусу” деген ардак баракчаларга жыл сайын ээ болот элем.
«Бизнестин жолун бала кезимден өздөштүргөм”
-Апам соодагер болгондуктан карындашым экөөбүз кичине кезибизден соодага аралашып чоңойдук. Сооданы түптөп, аны өнүктүрүүнүн жолдорун бала кезден эле аз да болсо өздөштүрүп калган элем. 5-6-класстарымда лимонад сатып, бир аз чоңойгондо үндүк алып сатып, 10-11-класска барганда мал алып сатып, апама тиричиликке жардам берчүмүн. Мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшырарда да өзүм тапкан каражат менен киргем.
Кичине кезимде апам «Жакшы кесиптин ээси бол, элдин алдыңкы уулдарынан бол»,- деп көп айтчу. Апамдын сунушу менен Бишкектеги медициналык окуу жайдын тиш дарылоо бөлүмүнө тапшыргам. Студенттик жатаканада жашап, студенттик жакшы доорду сүрдүм. 2-курстун II семестринде апамдарга жакын болуу максатында Ошко медициналык колледждин фармацевтика бөлүмүнө которулуп келип, окууну ийгиликтүү аяктадым.
“Эмгек жолум ЖИАда башталган”
-Медициналык колледжде окуп жүргөндө ЖИАга стажировкага чыккам. Кийин ЖИАда жумуш орун бар дегенинен акча табуу максатында эмес, тажрыйба топтоо, карьера баштоо максатында ишке кирдим. Жаш ишкерлер ассоциациясына аралашкандан бери менеджменттик кесипте окууга туура келди. Медицинадан менеджменттик багытка которууга мүмкүн болбой калат экен. Ошол себептен азыр биология факультетинде окуп жатам. Аны ийгиликтүү аяктап алсам, бизнес жана менеджмент багытында окуу ниетим бар.
«Апам тарткан түйшүктү ата болгондо сездим»
-Карындашымды окууга киргизейин деп жүрүп келинчегим менен таанышып, турмуш курганбыз. Учурда бир кыз, эки уулубуз бар. Мен көп убактымды жумушта өткөргөндүктөн бала тарбиялоо, үйдөгү майда барат маселелердин көбүн келинчегим чечүүгө туура келет. Yч балалуу болгончо үй-бүлөмө жетишээрлик көңүл бура албагандаймын, бирок мындан ары жумушка да, үй-бүлөмө да жетишээрлик көңүл буруп, тең салмактуулукту сактоого аракет кылуудамын.
Бала багууда, тарбиялоодо мага көмөкчү апам менен келинчегим бар. Ал эми апам карындашым экөөбүздү жалгыз багып тарбиялаган. Апамдын кыялындагы уулу болууга аракет кылып келем. «Элдин алдыңкы уулу болсоң экен» деген сөзү кулагымда. Ар убак таза, адал иштегенге аракеттенем. Бир жерден тайып, апамын жүзүн жер каратып коюудан корком. Өзүм ата болгондон кийин апам биздин түйшүктү 2-3 эселеп тартканын сездим.
«Айланамдагы жакшы инсандар ийгиликке жетелейт»
-Келечекке көп план коем. Анын 10% ишке ашырсаң ошол да ийгилик. Жакшы үй-бүлөнүн кожоюну болууну, жакшы жумушта иштөөнү, элге зыяным тийбей, тескерисинче, жардам берүүнү кыялданчумун. Ушул күнгө чейин бизнесмендер менен иш алып барып, алардын иши алдыга жылуусуна аракеттерди жасап жүрүп, өзүм бизнес же башка иш баштоону ойлонбоптурмун. Кудайга шүгүр, апамдын эмгеги, айланамдагы жакшы инсандардын, өкүл атамдын жакшы кеп-кеңештери менен акырындап көздөгөн максаттарыма жетип келе жатам.
«ЖИАда жасалчу иштер көп»
-ЖИАнын ишкерлерге көрсөткөн кызматтардын катарын персонал таап берүү да толуктайт. Бул жаатта университеттер менен да кызматташуудабыз. Окууну бүтүп жаткан студенттер же жумуш издеп келгендер менен баарлашсаң, 60%ы мамлекеттик ишке барсам дейт. 30%ы бизнес ачууну пландаса, 10%ы такыр максатсыз. Жаштардын көбү айлык маянаны көйгөй кылышат. Иш жок дейт. Карьера баштоодо 1-2 жыл өзүңдүн мыктылыгыңды көрсөтүүң керек, акырындан жумуш, акча сени ээрчийт. Экинчиден, патриотпуз деп оозу менен төш каккан жаштар көбөйдү. Патриот деген мамлекетке зыян тийгизбей, иши менен далилдеш керек. ЖИАнын мүчөлөрү ишкердигин гана алып кетпестен, социалдык жоопкерчилигин да бирге аткарышууда. Элге жарыялабай эле бей-бечараларга жардам бергендер көп. Жакыр үй-бүлөнүн баласын жогорку окуу жайда окутуп, контрагын төлөп жаткан ишкерлерибиз бар. Ай сайын азык-түлүк, тамак-аш менен камсыздап бир үй-бүлөнү багып жаткан мүчөлөрүбүз да көп. Булар менен иштөө ырахат тартуулайт. 200дөн ашык мүчөбүз бар, алардын ичинен 35ке жакыны айымдар. Чакан жана орто бизнесте ичи тарлык, бут тосуулар көп болот. ЖИАда ал нерсени сызып койгонбуз. Анткени мүчөлөрүбүз арасында атаандаштыктын ордун өнөктөштүк ээлеген. Ай сайын ишкерлердин тажрыйбасын арттыруу максатында ар кандай тематикада семинар, тегерек стол, жолугушуулар өткөрүлүп турат. Андан сырткары ишкерлердин жакындан таанышып достук мамиленин түзүлүүсүнө себепчи болуу, бир туугандык мамилени түптөө максатында спорттук-маданий иш чаралар уюштурулат. ЖИА ишкерлер менен гана эмес, мамлекет менен да өнөктөш катары жакшы иштешүүдө. Ассоциациябыздын максаттарынын бири - чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшүү аркылуу ишкерликтин жана мамлекетибиздин инвестициялык имиджин көтөрүүгө салым кошуу.
Уулбү Каныбекова
Билдирүүлөр
Билдирүүлөрдүн RSS лентасы