Версия для печати
Пятница, 12 Январь 2018 05:26

Кезектеги Х сессия өттү

  26-декабрда Ош шаардык Кеңешинин (IV чакырылыш) кезектеги Х сессиясы болду.

Сессиянын ишине Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык Кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын прокурору А.Момбекова, депутаттар, мэриянын бөлүм башчылары жана мекеме, ишканалардын жетекчилери катышып, жүрүшүн төрага Ж.Ормонов алып барды.

 

12 маселе каралып, токтомдор кабыл алынды

   Күн тартибине төмөндөгү12 маселе коюлду:

1.   Ош шаарында инвестиция тартуу боюнча аткарылып жаткан иштер;

2.   Архитектура жана шаар куруу боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер;

3.   Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын муниципалдык менчикти пайдалануудан түшүүчү каражаттардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн арттыруу боюнча аткарып жаткан иштери;

4.   Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 27-январындагы 12 сессиясынын №112 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү;

5.   Ош шаарындагы Р.Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнүн түндүк тарабындагы номери жок дарегиндеги жер тилкесине «Газпром балдарга» долбоору аркылуу спорт комплексин курууга макулдук берүү;

6.   Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү;

7.   Ош шаарынын аймагында жайгашкан кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү;

8.   Ош шаарында калк тарабынан чыгарылган саркынды сууларга алынуучу төлөмдөрдүн тарифин өзгөртүү тууралуу;

9.   Бюджеттик акча каражаттарын бөлүп берүү;

10. Ош шаарындагы муниципалдык автотоктомолордон алынуучу 10 сом өлчөмүндөгү төлөмдүн толук көлөмдө жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө которулуусуна макулдук берүү;

11. Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылга карата иш планын бекитүү;

12. Ош шаарынын айрым тургундарына «Ош шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу тууралуу;

13. Ош шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктары жөнүндө жобосун кароо.

Бул 12 маселе сессияда кызуу талкууланды. Эл өкүлдөрүнүн пикирлеринин, алымча, кошумчаларынын негизинде 12 токтом кабыл алынды.

 

А.Атамбаевге «Ош шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды

  Күн тартибиндеги 12-маселе - айрым тургундарга «Ош шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу тууралуу маселе да эл өкүлдөрү арасында олуттуу талкууланды. Кыргыз Республикасынын экс-президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке «Ош шаарынын ардактуу атуулу» наамын берүү маселеси депутаттардын колдоосуна ээ болуп, А.Атамбаевге «Ош шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.

 

М.Орумбаев кетип, Ч.Аматов келди

                    «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутат Орумбаев Медербек Аманович депутаттык мандатын тапшыргандыгына байланыштуу анын ордуна Чагатай Аматов депутат болуп келди. Жаңы жыл алдында жаңы кызматка киришкен эл өкүлүн чын дилден куттуктап, ишине ийгилик каалайбыз.

 

Жыл мыктылары сыйланды

 Сессиянын жүрүшүндө жылдын жыйынтыгы менен фракция лидерлерине, шаардык Кеңештин айрым депутаттарына жана мекеме, ишканалардын кызматкерлерине шаардык Кеңештин Ардак грамоталары тапшырылды.

Каралган маселелер боюнча токтомдор кабыл алынган соң төрага Жапарбек Ормонов депутаттарды жана сессияга чакырылган мекеме-ишканалардын жетекчилерин жана шаардыктарды жаңы 2018-жыл менен куттуктап, каалоо-тилектерин билдирди.

Масим Турсунбекова

 

Фото Сыдык Токонов

Окулду 1196 жолу