• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Пятница, 12 Январь 2018 05:29

Майрамда кызматта тургандар

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
Майрамда кызматта тургандар

31-декабрь күнү бардыгы эле Жаңы жыл майрамын өз үйлөрүндө тосууга аракет кылышат. Мына ушул майрамда элдин коопсуздугу, ден соолугунун сактыгы үчүн кызматта турган ишканалардан кабар алдык.

Ош шаардык өрт өчүрүү, алдын алуу жана куткаруу иштеринин бөлүм башчысы, полковник  Меңиш Абдыкадыров:

«Жаңы жылды тынч тосуп алдык»

- 2017-жылдын 31-декабрында Ош шаарында бир өрт кырсыгы катталган. Саат 18дер чамасында облустук оорукананын жанындагы №12 жатаканын жер төлөсүндө чакан өрт чыккан. Жашоочулардын таштаган таштандылары күйүп кеткен. Чалуу болору менен биздин балдар барып бир суу чачкыч менен эле өчүрүп келишкен. Андан сырткары өзүбүздүн пландын жана шаардык мэриянын көрсөтмөсүнүн негизинде биздин өрткө каршы күрөшүү кызматынын бир бөлүгү борбордук аянтка күзөткө чыгышкан. Алар түнкү саат 12-1ге чейин аянтта болушту. Жалпылап айтканда, жаңы 2018-жылды тынч тосуп алдык.

Ош шаардык төрөт стационарынын башкы дарыгери Зейнеп Исраилова:

«Республика боюнча эң көп төрөт бизде болду»

- Эски жылды узатып, жаңы жылды тосуп алар күнү төрөт үйүбүздө 36 наристе төрөлдү. Анын экөө ара төрөлгөн болсо, экөө эгиз төрөлдү. Андан сырткары бирөө операция жолу менен төрөлдү. Дагы бир кубанып, мактанып айта кетчү нерсе, эгиз төрөлгөн балдардын атасы биздин төрөт үйүндө иштейт. Эгиздерди кошуп айтканда жалпысынан 38 наристени жарык дүйнөгө алып келишти. Алардын 16сы уул, 22си кыз. Мыкты, дасыккан дарыгерлер иштеди ал күнү. Жалпысынан 2017- жылы  8135 наристе төрөлсө, алардын 216сы эгиз, экөөсү 3 эм төрөлгөн. Өтүп кеткен жыл биздин төрөт үй үчүн жемиштүү жылдардан болду. Майрам күндүн эртеси эле саламаттыкты сактоо министрлигине маалымат бергенибизде, республика боюнча биздин төрөт үйүндө эң көп наристе төрөлүптүр. Бул нерсени албетте, жакшылыкка жоруп отурабыз. Жаңы жылыбыз жакшы көрсөткүч менен башталды буюрса.

Ош облустук төрөт үйүнүн жетекчиси Гүлбара Кенжебаева:

«Жаңы жылды жылда төрөт үйүндө тособуз»

- Жумушубузга байланыштуу жылда эле майрамды төрөт үйүндө тосуп көнүп калганбыз. Быйылкы жылы майрам күнү биздин төрөт үйүндө жалпысынан 21 төрөт болсо анын бирөөсү тилекке каршы, өлүк төрөлдү. Калган 20 наристенин 6 уул, 14ү кыз. Операция жолу менен экөө төрөсө, ара төрөлгөн бирөө болду. Жалпысынан бизде 2017-жылы 8569 наристе төрөлгөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу 1664кө көп наристе төрөлдү. 31-декабрь күнү күзөттө турган дарыгерлерибизге рахмат.

166 кызматынын диспетчири Мамат Алибеков:

«Чалуулар аз болду»

- Бизге электр жарыгы өчүп калган аймактардан чалышат. Майрам күнү да кадимки иш күнүндөй жумушта болдук. Жалпы чалуулардын саны 9. Бул албетте, жакшы көрүнүш деп кубансак болот. Эл бизди майрамга карабай иштеп жатканыбызды түшүнүштү окшойт. Күндөгүгө караганда чалуу аз болуп, тынч да өттү. Болбосо бир күндө зеригип чалгандар да тынчыбызды ала беришет. «Саатты көрүп берип коюңузчу» деп да чалгандар болот. Катуу айтуу кыйын, жумушубуз ушул болгондон кийин андай суроолорго да жооп берүүгө аракет кылабыз. Эмне дейбиз, жергебизде тынчтык болсун. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жалпы кыргыз элин жаңы 2018-жылы менен куттуктап кетем.

112- Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматы:

- 2017-жылдын 31-декабрынан 2018-жылдын 1-январына карата  Ош шаары боюнча 5692 чалуу болгон. Анын ичинен карточкалары ачылбаган (иштелип чыкпаган) чалуулардын саны 3925. Бул карточкаларды иштеп чыгууга (ачууга) үлгүртпөй тез чалынып кайра токтоп калган чалуулар, анын ичинде уюлдук телефондордун көзөмөлсүз чалынып кетүүсү да орун алат. Карточкалары ачылган (иштелип чыккан) 1767 чалуу болгон. Анын ичинен ар кандай жардамдарды сурап кайрылгандардын саны 20 болсо, максатсыз (жалган) чалуулар 1747. Максатсыз чалуулар -бул адашып кеткен, текшерип көргөн чалуулар жана жаш балдардын да ойноп чалуулары орун алат. Олуттуу карап, тынчсыздандырууну жаратуучу чалуу болгон жок. Кудайга шүгүр, майрамды тынч өткөрүп алдык.

Ош шаардык тез жардам бекетинин жетекчиси Нурийла Шариева:

«Чакыруу күндөгүдөн аз болду»

- Тез жардам бекети жыл сайын майрамды жумушубуз менен кошо тосуп келебиз. Майрам күнү башка күндөргө салыштырмалуу чалуу аз болду. Чакыруулардын жалпы саны 204. Алардын экөө инфаркт менен жабыркагандар экен, ооруканага жеткиришти. Өздөрү келип көрүнүп, алгачкы медициналык жардам алып кеткендердин саны 135. Криминалдык чалуу деп коебуз,  бирөө катталды. 16 жаштагы бала көчөдө балдар менен мушташа кетип, токмок жеп, тез жардам чакырган. Тийиштүү алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө кеткен. Ал эми биздин бекетте 34 кызматкер, 15 автоунаа ошол күнү кызмат кылды. Андан сырткары борбордук аянтта бир автоунаабыз күзөттө турду. Аларга  8  адам абалы начарлап кайрылган. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл майрамды тынч өткөрдүк. Оор жаракат алып, ооруканага жеткирүү катталган жок. 

Шаардык куткаруу кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучусу улук лейтенант Белек Тагаев:    

«Бизге бир да чалуу болгон жок»

-Кубанып айта кетчү нерсе, ошол майрам күнү бир да чалуу болгон жок. Адатта үйүндө камалып калгандар, машинесинин эшиги кулптанып калгандар да чалышчу. 31-декабрь күнү мындай чалуулар катталбады. Бизде иштегендер алгачкы медициналык жардамды көргөзө билүүсү шарт.

Бактыгүл Калдарбай кызы

 

 

Окулду 2288 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Макалалар
Ушул категориядагы башка материалдар: « Кезектеги Х сессия өттү Туз үңкүр - ден соолук борбору »

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Дайджест---------------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
Среда, 18 Ноябрь 2015
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2015-жылдын 17-ноябрында саат 23:29да Ош облусунун Кара-Суу районунда эпицентрде 7 балл…
  • Кызыктуу маалыматтар
    Кызыктуу маалыматтар
    Понедельник, 01 Февраль 2016

Спорт

Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
22 жаштагы спортчу Аброр Хакимов Босния и Герцеговина Республиканынын Сараево…

Маданият

Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
40 жыл ичиндеги 330дан ашуун кызды тарбиялаган Гүлшайыр Садыбакасова… Өчпөгөн…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Понедельник, 09 Сентябрь 2019
Эл арасында көмүскөдө калган көйгөйлөр көп экенин дал ушул «Юристтен кеӊеш» рубрикабызга келип түшкөн суроолордон улам билүүгө болот. Эгер сизде…
  • Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019
  • Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019

Архив

« Декабрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • ОГПИ 90 жашта
    ОГПИ 90 жашта
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • ФУТБОЛ академиясы ачылды
    ФУТБОЛ академиясы ачылды
    Понедельник, 16 Октябрь 2017
Бекмурат Ош жаз жер титироо орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved