Версия для печати
Пятница, 12 Январь 2018 05:35

Ошто эт баасын арзандатуу үчүн тийиштүү жетекчилерге тапшырма берилди

8-январда Ош шаарындагы бардык мекеме-ишканалардын жана мэриянын бөлүм башчыларынын катышуусунда аппараттык жыйын болду. Жыйындын негизги максаттарынын бири Ош шаарында сатылып жаткан эттин баасын арзандатып, туруктуу баага коюу. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев борбордук базарда жана кичи базарларда сатылып жаткан уйдун жана койдун эти 330 сом болуп жаткандыгын, бул кымбат экендигин айтып, шаардыктардын капчыгына оор деп билдирди.

“Этке болгон баа жогорулап жатат. Шаардыктардан келип түшкөн арыз-дооматтарда жок эмес. Ошондуктан бир жума ичинде тийиштүү кызматтар эт баасын калькуляция кылып, эсебин чыгарып, туруктуу баа коюп бергиле”, - деди А.Кадырбаев.

 

Эттин баасын арзандатуу, так эсебин чыгаруу максатында тийиштүү кызматтардан жана КРнын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнөн түзүлгөн атайын комиссия түзүлүп, текшерүүгө алынат. Белгилей кетсек, азыркы учурда бир килограммга болгон уй этинин дүң баасы 290 сом, ал эми чекене баасы 330 сомду түзөт.

Окулду 851 жолу