Версия для печати
Понедельник, 05 Февраль 2018 03:43

Ош шаарынын прокурору Айгуль Момбекова: “Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук актуалдуу болууда”

Бүгүн биз Ош шаарынын прокурору юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Момбекова Айгуль Бийзаковна менен шаардык прокуратура тарабынан  2017-жылдын 12 айында аткарылган жумуштарын, учурдун актуалдуу маселелерин, анын ичинде прокуратура органдары менен жарандардын, коомчулуктун ортосундагы байланышты, айрым көйгөйлөрдү талкууладык.

- Айгуль Бийзаковна, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан 2017-жылдын 12 айында аткарылган негизги иш-аракеттер туурасында айтып берсеңиз?

- Талдоо жагдайында көрсөтүлгөндөй, республиканын түштүк борборунда мыйзамдуулук жана укук-тартипке багытталган приоритеттүү иш чаралар мамлекеттин жетекчилиги жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын талаптарын эске алуу менен жүргүзүлдү. Прокуратура органдарынын приоритеттүү багыты: адамдын укук жана эркиндигин коргоо, мамлекеттин экономикалык багытындагы кызыкчылыгында прокурордук көзөмөлүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу, коррупцияга каршы күрөшүү, ишкердик иштин субьектеринин укуктарын бузууга жана кылмыштуулук менен күрөшүү болуп эсептелет.

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында жалпысынан 206 прокурордук актылар келтирилип, анын ичинен 9 кылмыш иши козголуп, 135 кызмат адамдары тартиптик жана 15 административдик жоопкерчиликке тартылышты. Келтирилген прокурордук талаптарынын негизинде 5 505 764 сом мамлекетке  кайтарылды.

- Жер мыйзамдары да актуалдуу маселе катары саналып келет. Бул жааттагы аткарылган иштер боюнча да кеп кыла кетсеңиз...

- 2017-жылда жер мыйзамдарынын аткарылышына жакшы көңүл бурулуп, жалпы баасы 4 590 892 сомду түзгөн 4 үй жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Айрыкча коррупцияга каршы күрөшүүгө өзгөчө көңүл буруу менен Ош шаардык прокуратурасынын көзөмөл ишмердүүлүк багытында коррупциялык укук бузууларды өз убагында алдын алуу, болтурбоо, аларды табуу жана көмөк көрсөтүү шарттарын түзүү менен иш алып бардык. Бул багытта жалпысынан 59 прокурордук актылар келтирилип, анын ичинен 8 иш козголду. 38 кызмат адамдары тартиптик жана 11 административдик жоопкерчиликке тартылышты. Прокурордук актылардын негизинде 168 170 миң сом мамлекетке өндүрүлдү.

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Ош шаардык сотуна жер маселелери боюнча сатуу жана сатып-алуу келишимдерин жокко чыгаруу жөнүндө 59 доо арыз келтирилип, алардын ичинен сот тарабынан 38 доо арыздар каралып, 37 доо арызы канааттандырылды. Ал эми Ош облустук райондор аралык сотуна жер маселелерине байланыштуу мамлекеттик актылар жана Ош шаардык мэриясынын токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө 33 доо арыз келтирилип, алардын ичинен сот тарабынан 4  доо арыздар каралып, баары канааттандырылган.

- Мыйзамсыз курулуштар боюнча да жакшы иштер аткарылып жатат, ага да токтоло кетсеңиз...

- Ооба, Ош шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Ак-Буура дарыясынын оң-сол жээгинин аймагындагы жер тилкелери менен курулуштарды инвентаризациялоосу аяктап, анын жыйынтыгында 4 кылмыш иши козголуп, жер тилкелерине мыйзамсыз берилген мамлекеттик актыларды жокко чыгаруу жөнүндө 37 доо арыздар келтирилген.

- Тергөө, ыкчам-издөө ишмердиги боюнчачы?

- Тергөө жана ыкчам-издөө ишмердүүлүгүнүн багытына болгон прокурордук көзөмөлдү күчөтүү боюнча бир топ чаралар көрүлгөн. Айтсак, көзөмөлдөө ыйгарым укуктарды ишке ашыруу менен 18 каттоодон жашырылган кылмыш аныкталып, кайра каттоого коюлду. Мындан сырткары, тергөө органдарынын мыйзамсыз жана негизсиз кабыл алынган 688 чечими бузулган. Жалпы 535  кылмыш иштер боюнча жазуу түрүндөгү көрсөтмөлөр берилген, мыйзам бузуу фактыларына жол беришкен кызмат адамдарына карата 14 тартиптик өндүрүш козголуп, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин атына 39 сунуш келтирилип, прокурордук актыларды кароонун жыйынтыгы менен укук коргоо органдарынын 12 кызмат адамы ар кандай тартиптик жоопкерчиликке кириптер болушту.

- Сиздерге келип түшкөн арыз, даттануулар канчалык деңгээлде ийгиликтүү болду?

- Соттордо прокурордун ыйгарым укуктарын камсыздоодо 1-инстанциядагы Ош шаардык соту тарабынан 1079 кылмыш иши боюнча 1162 адамга карата каралып, алардын ичинен 410 иш боюнча 446 адамга карата айыптоо өкүмдөрү кабыл алынган.  Шаардык прокуратурага келип түшкөн 1422 жарандардын арыз даттанууларынын ичинен негизинен 737 кайрылуу чечилген.

2017-жылдын 12 айында катталган жалпы кылмыштардын ичинен өзүнүн квалификациясы боюнча 282 (254) оор жана өзгөчө оор кылмыш катталып,  өсүш 11% түзгөн, 104 (88) өзгөчө оор кылмыштарга кирип, алар катталган кылмыштардын жалпы санынын 12,4% (7,02%) түзгөн, алардын ичинен 20 (12) адам өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракет жасоо фактысы катталып, өсүш 66,6% түзгөн, адамдын өлүмүнө алып келген денеге атайылап оор залал келтирүү боюнча 5 (3) кылмыш катталып 40,0% түзгөн, катталган зордуктоолор жөнүндөгү кылмыштардын саны 28 (18) түзүп 55,5% көбөйгөн.

- Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук азаюудабы?

-Жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулук актуалдуу көйгөй болуп калууда. 2017-жылдын 12 айында Ош шаарынын аймагында жаш өспүрүмдөр тарабынан 105 (87) кылмыш катталып,  2016-жылга салыштырмалуу 7% өстү. Ошондой эле жашы жете электерге карата катталган кылмыштын саны олуттуулугу коркунуч жаратууда аталган мезгилде 74 кылмыш катталган, 24 сексуалдык мүнөздөгү зордуктоо жана ыплас аракеттерди жасоо катталган.

-Узап кеткен жылы жол транспорт кырсыктары көп катталды. Бул жатта да сөз кылбай кетсек болбос...

- Катталган жол транспорт кырсыгынын саны 490 (534) түзөт. Бирок башка жылга салыштырмалуу каза болгондордун саны азайып 13 (22) адамды түздү. Жараат алган адамдардын саны 415 (377) түзгөн, белгиленген көрсөткүчтөр мурдагыдай эле олуттуу бойдон калууда.

- Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кандай иштер аткарылды?

 

- Прокуратура органдарынын алдына коюлган приоритеттүү багыттарды тариздөө максатында, коррупцияга каршы күрөшүүдө, экономиканы чыңдоо боюнча бюджеттик кол салууларга каршы иш чараларды мындан ары да күчөтүү, мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү, ишкердик субъектилеринин укуктарын коргоо, ишкерлерди опузалап талап кылуудан коргоо, коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана аларга бөгөт коюу, шаар куруу жана жер мыйзамдарынын аткарылышына жана сакталышына тынымсыз көзөмөл жүргүзүү, жашы жете электердин арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш чараларды жүргүзүү жана мамлекеттик кызматкерлер тарабынан алардын кирешелери тууралуу Кыргыз Республикасынын “Декларациялоо жөнүндөгү” мыйзамынын аткарылышы боюнча ишмердүүлүктү кынтыксыз аткара тургандыгын жалпы элди ишендирип кетмекчимин.

Окулду 4045 жолу