Версия для печати
Понедельник, 14 Декабрь 2015 08:37

«КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАЛАРГА» СҮРТҮМДӨР

АКШнын биринчи президенти Жорж Вашингтондун президенттик экинчи мөөнөтү бүткөндө ага үчүнчү мөөнөткө да шайланууга талапкерлигин коюу сунушу менен кайрылышып, үчүнчү мөөнөткө талапкерлигин коюуга АКШ конституциясы жол бербөөсүн, бирок биринчи президент катары ага мындай мүмкүнчүлүктү берсе болорун, кийинки президенттер гана АКШнын конституциясын так сактоого тийиш экендигине америкалыктарды ынандырууга мүмкүнчүлүк болуп тургандыгын айтышат.

Вашингтон ошондо: «Биз Англиялык королдуктан өзүбүз король болуп алуу максатында бөлүнгөн эмеспиз!» - деген атактуу сөзүн айткандыгы тарыхта маалым. Биз деконституциянын кайсыл бир беренесин так сактоо мындай турсун, анны бүтүндөй өзгөртүп-жаңылоо салты өлкөнүн алгачкы президенттеринен бери карай кынтыксыз жана кыйшаюусуз улантылып келатат. Аны «конституциялык реформа» деп атап алганбыз.

 

 

АКАЕВДИК «РЕФОРМА»: МӨӨНӨТТҮ УЗАРТУУ…

Акаевдин президенттик доорунда өлкөнүн конституциясы төрт жолу өзгөртүүгө  дуушар болду. Биринчиси, 1994-жылы негедир өзүлөрүн «легендарлуу» атап жүрүшкөн парламент таркатылгандан кийин, 1994-жылы өткөрүлгөн референдум менен негизделди. Конституциялык бул реформанын жобосуна ылайык, кыргыз парламенти эки палаталуу болуп калды. Андан кийин конституцияга 1996-98-жылдары олчойгон өзгөртүүлөр киргизилди.

Ушул өзгөртүүлөрдүн жыйынтыгы менен эле алгачкы президенттин колуна эбегейсиз чоң жана кеңири бийлик топтоштурулганын эксперттер бир ооздон белгилешет. Акаев жеке өзү эле Өкмөттүн структуралык жана персоналдык курамдарын дайындап, кызматка коюп жана кызматтан алып салганга укуктуу эле. Ал ошону менен бирге экономиканын бардык кирешелүү тармагын  көзөмөлдөгөн. Өкмөттүн курамына кирбеген эле органдарды түзүп,  аларга жеке өзү же өзүнүн администрациясы аркылуу көзөмөлдүк жүргүзгөн.

Өкмөт экономикалык жана кадрдык эң маанилүү саясаттан четтетилип, президентти тейлеген администрациялык бир структурага айланган. Айлык акы, пенсия жана жөлөк пулдардын өлчөм-ченемдерин Өкмөт, министрлик жана ведомстволордун сунуш-пикирлерин эсепке албастан туруп эле жеке өзү аныктап койгонго президент укуктуу эле.

1998-жылдарга барып бүткүл өлкөнү президент өзү жеке башкарууга өткөн десе болот. Бийликтин үч бутагы тең иш жүзүндө анын кол алдында калган.

Конституцияны өзгөртүү зарылдыгын Акаев өлкөнүн коомдук-саясий жана ириде экономикалык турмушун  өйдөлөтүү аракеттеринде ага ыйгарым укук жетишпей же тардык кылып жаткандыгы менен бир нече ирет негиздеп алгандыгы белгилүү. Жеке өз колуна бийликтин дээрлик үч бутагын топтоого жетишкен адамдын: «Менин мамлекеттик бийликтеги таасирим Англиянын королевасыныкындай эле болуп калды!» деп наалып алганы да кыргыз саясий элитасынын тарыхында бир жагы күлкүлүү, экинчи жагы өтөкейиштүү үлгү катары сакталып калаарында шек жок.

2003-жылкы конституциялык реформа Акаевдин мамлекеттик бийликти биротоло узун-туурасынан узурпациялап бүтүү аракетин күчөттү. Тактап айтканда, акаевдик ал реформа ага төртүнчү ирет президенттикке шайланууга жол ачты. 2005-жылдагы март революциясы болуп кетпегенде, алгачкы президент дагы эмненин үстүнөн чыкмак, белгисиз калды.

 

БАКИЕВДИК «РЕФОРМА»: БИЙЛИКТИ МУРАСТОО…

 

   Акаевдик режимдин ишенимдүү эле кадрларынын, ал турсун Майрам Акаеванын кийин-соңку айткан-жазгандарына ишенсек, соратниктеринин бири К.Бакиевдин Акаевдин жолоюна түшүп кетпөөдөн сактаганга жетишээрлик эле негиздер жана өбөлгөлөр бар эле. Өндүрүштү Акаевчилеп кулагы менен эле угуп тим калбастан, көзү менен көрүп, колу менен кармалаган адис. Чүйдө  губернаторлук кылып, республиканын премьер-министри да болуп, кыскасы калың журт илгери үмүт артса, арткыдай эле болуп калган.

Анан калса, Акаевдик авторитаризм жана анын үй-бүлөлүк башкаруу режиминин саясий куугунтугун да өз башынан өткөргөн. Бирок, саясий куугунтук  сындыра албагандарды да эртеби-кечпи саясий бийлик сындырат, анткени бийлик  нандан таттуу дешкени чын окшойт…

   Бакиев бийликке келген күндөн баштап эле конституциялык реформаны ишке ашырууга убада берип, бирок анысын негедир кечеңдете берди. Парламенттик оппозициянын коомчулуктун массалык чыгууларынын кысымы астында гана 2006-жылдын ноябрында андай реформага барууга аргасыз болгонуна эл өзү күбө.

Бирок, ал реформага Бакиевдин өзүнүн ичи чыкпай калганы талашсыз. Президенттиктин акаевдик чен-өлчөмүнө тең келе тургандай ыйгарым укуктарынын бир катар позициялары парламенттик оппозициянын активдүү аракеттери менен кыйла чектелүүгө дуушар болгону талашсыз.

2007-жылы Бакиев кантсе да, конституциянын өзүнө  ылайыкташтырылган вариантын кабыл алдырууга жетишти. Натыйжада, кайра эле бийликтин бардык бутактары президенттин өз колунда же анын күчтүү жана таасирдүү көзөмөлүндө  болуп калды. Экономика жана социалдык саясатта Өкмөттүн орду жана ролу экинчи планга жылдырылды, кадр маселесин, эмгек акы, пенсия жана жөлөк пулдардын өлчөмүнө чейин президент өзү жеке чечкенге өттү. Өкмөттүн курамына кирбеген органдар пайда боло баштады. Мамлекеттик коргоо кызматы түзүлүп, ал өтө кенен ыйгарым укугу бар кудуреттүү атайын кызматка айландырылды. Парламент көзөмөлдүк кыла албаган өзүнчө, тактап айтканда президенттин өзүнөтаандык бюджет-өнүктүрүү фонду түзүлдү. Анда ар кандай эл аралык уюмдардан берилген кредиттер жана өлкө  экономикасынын ар кайсы тармактарынын ири акциялары аккумуляцияланууга тийиш болгон. Президент муну бийликтин жогорку эшелонунда олтурган айрым чиновниктеринин коррупциялык аракеттеринин жолун тосуп, колун байлоонун бир чарасы катары түшүндүргөнү бар.

Ошентип, Бакиев Акаевдик үй-бүлөлүк-кландык  башкаруунун ордуна үй-бүлөлүк криминалдык  башкаруу режимин орнотконун көп  эксперттер  айтып, далилдеп келишет. Бакиевдик конституциялык реформанын өтө эле аша чапкан, тактап айтканда бийликти өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине мурастоону максаттаган жайын талдоочулар баса белгилеп келатканы бар. Конституциялык реформанын тиешелүү жобосуна ылайык, президент өз милдетин аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда анын милдетин аткаруу президенттин алдындагы Кеңеш тарабынан дайындалган адамга жүктөлөт. Ал эми Кеңештин курамы президент тарабынан аныкталат жана бекитилет. Коомчулуктун жана ириде Бакиевдин оппоненттеринин үрөйүн учурган жана ага карата болгон чыдамын кетирген эң акыркы чек  ушул болду окшойт.

 

ТЕКЕБАЕВДИК «РЕФОРМА»: УБАКТЫЛУУ БИЙЛИК, УБАКТЫЛУУ КОНСТИТУЦИЯ…

2010-жылкы апрель төңкөрүшү Бакиевдин бийликтен кетүүсүн зарыгып тилеп жүргөн оппоненттери үчүн да, бейгам жүргөн баки журт үчүн деле канчалык күтүүсүз болсо, Убактылуу бийлик, анын декреттери (декрет демекчи, ал туурасында баш прокурордун милдетин аткаруучу Аида Салянованын олуттуу муңайып: Убактылуу өкмөттүн декреттери мыйзам күчүнө  ээ, анткени бул туурасында атайын декрет бар!» деп айтканы эч эсимден чыкпайт), Текебаевдик конституциянын жазыла калышы да ошончолук күтүүсүз болгону талашсыз. Анан калса, ал конституциянын ит куугандай тездик менен кабыл алынуусу да ошондо эле талдоочулардын олуттуу сын-пикирлерине кабылган. Өзүн кээде «конституциянын атасы» атап жүргөн Текебаевдин ошондогу конституциялык реформага карата мамилеси таптакыр эле олуттуу болбогонун эсеп-чоттуу эксперттерди мындай кой, карапайым эле калк катары менен белгилейт. Өзүнүн жаңы конституциясынын пайдасына оодура айткан анын башкы жүйөөсү чындап талдаганда эч кандай акылга сыйбайт да, коошпойт. Акаев менен Бакиев жаман президенттер болгону үчүн эле Кыргызстанга президенттик башкаруу ылайыктуу эмес деп жалпы журттун атынан жана жалпыланма бүтүм чыгарып таштоого бир батынса, таптакыр билимсиз адам же тескерисинче, өзүн өтө  эле билимдүү, ал эми элди кеңкелес, түркөй эсептеген адам батынуусу мүмкүн эле.

Эмне болгондо да, Текебаевдин конституциялык реформасы ара жолдо чала жан абалында тургансыйт. Андай болбогондо, кезектеги (тилекке каршы, акыркысы деп айтууга эч тил бурулбай турат) конституциялык реформа маселеси өлкөнүн саясий турмушунун күн тартибине  бүгүн коюлуп турмак эмес.

Конституциялык реформалардын ошол Акаевдик аракеттер доорунда эле маркум Шерали Назаркуловдун: «Мамлекеттин конституциясы улам өзгөртүлө  бергидей, акционердик коомдун уставы эмес !» деп эскерткени бар. Ал убакта деле укмаксанга салышкан, бүгүн деле эске алышаарынан шектенип жана насилинде бизди башкараар  баш мыйзамды биз өзүбүз башкарып келаткан практикадан качан айрылаарыбызды билбей турганым ырас.

Абдираим  МАМЫТОВ                                                      

 

 

 

Окулду 1755 жолу