Көп учурда балдардын төшөккө заара ушатып коюшун ата-энелер убактылуу гана көрүнүш катары кабылдап, ал адат балдардын чоӊоюшу менен өзүнөн-өзү калат деп ойлошот. Бирок бул оору - энурез олуттуу көйгөй. Ал баланы тарбиялоо менен гана айыгып кетпейт жана илдетти дарылоо үчүн ата-энеден да, баланын өзүнөн да чыдамкайлык, сабырдуулук менен жоопкерчилик талап кылынат. Энурез баланын нерв системалары менен да байланышкан оору.
Гүлсара Малгараева, №1- үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №6-филиалынын невропатолог-дарыгери:
«Энурез оорусун бала 5 жаштан өткөндөн кийин аныктоого мүмкүн»
- Энурез грек тилинен которулганда «сийип коюу» дегенди түшүндүрөт. Энурез деп эс-акылы бар, тили чыккан баланын күндүз шымына же түнкүсүн төшөгүнө заара кылып койгонун айтабыз. Энурез оорусунун бар же жок экенин бала 5 жаштан өткөндөн кийин аныктоого мүмкүн. Ага чейин баланын заарасынын токтобогонун норма деп эсептөө керек. 5 жаштан өткөндөн кийин бул оору менен жабыркаган бала өзүн-өзү башкара албай уктап жатканда төшөгүндө сийип коет. Бул оору менен ооруганда кээ бир балдар күндүзү сийип коюшса, кээ бири болсо кечинде сийип коюшат. Энурез менен ооруган баланын ата-энеси экөө теӊ энурез менен ооруган болушса, анда ал дарттын балага өтүүсү 80-90 пайыз болот. Ал эми энеси же атасы эле ооруган болсо, анда 30-40 пайызды гана түзөт. Бул дарт менен мынча жаштан мынча жашка чейин ооруйт деген чектөө жок.Чоӊ кишилерде да кездешүүсү мүмкүн.
«Жаӊы төрөлгөн ымыркай заара кылуу процессин башкара албайт»
-Негизинен жаӊы төрөлгөн наристе заара кылуу процессин башкара албайт. Ошондуктан заарасы өтө көп чыгат. Бир жашка жакындаганда баланын табарсыгынын жетилүү процесси бир топ арымдап, баланын заара кылуусу сейректей баштайт. Бул убакта баланын энеси баланын заара кылганына көӊүл буруп, анын заара кылуусун өз учурунда билүү үчүн байкоо жүргүзгөнү оӊ. Эгерде бир жашка жакындаган баланын кичи заара кылганы ымыркай кезиндегиден айырмаланбаса, невропатолог-дарыгерге кайрылуусу зарыл.
«Энурезге кабылган балдар кежир, ыйлаак болушат…»
Бул ооруга генетикалык жана тукум куучулук факторлор себеп болот. Эгерде бир нече муун илгери жашаган туугандары энурез оорусунан жабыркаган болсо, ал илдет айрыкча эркек балада кайталанышы мүмкүн. Андан сырткары эненин кош бойлуу учуру оор болуп, кайсы бир илдеттен жабыркаса же үй-бүлөдө уруш-талаш болуп баланын психологиясына терс таасири тийген учурда да бала аталган ооруга кабылышы мүмкүн. Бул ооруга кабылган балдар кежир, ыйлаак болушат. Кечинде жатканда да тынч уктай алышпайт, сийгиси келип турганда нервге белги берчү сигналы иштебей калат. Ошондуктан өзүн-өзү башкара албай сийип коюшат. Мындай балдарга нерв системасын тынчтандыра турган дары бериш керек. Ата-эне күнүгө кечинде бир мезгилди белгилеп алып, баланын уйкусун ачып андан соӊ тосуу керек. Күндө ошол саатта баланы тургузуу шарт. Чындыгында уктап жатканда төшөгүнө сийип коюу өтө оор маселе. Эӊ алгач оорулуу адам үчүн, өзгөчө акыл-эси токтолуп айланасындагылардын ою менен эсептешип калган бала төшөккө заара кылып коюшу оор. Ал бала өзүн-өзү күнөөлүү сезип, башкалардан кем сезе баштайт. Бул албетте, ал баланын депрессияга түшүп психикасынын жабыркашына алып келет. Ал адам түнт тартып көпчүлүктөн качып, жалгыздыкты эӊсеп калат.
«Энурезден бат айыгууга болбойт, көп убакытты талап кылат»
Энурездин эӊ кеӊири таралган түрү нейрогендик табарсык деп аталат. Бул ооруга чалдыкканда бала тез-тез заара кылып, заара кылгысы келе берген сезимден күн бою арыла албайт. Ал эми түнкүсүн таттуу уйкуга баткан кезде, заара кылгысы келгенин сезбей төшөктү булгап коет. Мындай учурда баланын энеси дарыгерлер менен кеӊешип, дары-дармек менен сакайтса болот. Бирок оорудан арылуу көп убакытты талап кылат.
«Өзү билемдик менен балага дары берүүгө болбойт»
-Энурезди дарылоо жолуна токтолсок: эгерде балада оорунун себебине жараша дарт аныкталса гана тиешелүү дарыларды берүү зарыл. Инфекциянын негизинде болсо инфекцияга каршы дары, ал эми психологиялык жабыркоодон болсо ага каршы дарыларды ичирүү керек. Ата-эне өзү билемдик кылып көрүнгөн дарыны балага ичире берсе баланы майып кылып алышы мүмкүн. Ошондуктан дарыгер менен кеӊешүү керек. Сөзсүз түрдө комплекстүү түрдө дарылоо шарт. Ошондо гана толук айыгууга болот. Тамак-ашты да өз убагы менен берүү керек. Суюктукту жатаарга 2 -3 саат калганда бергенге болбойт. Кечинде тамактанганда аталган оору менен ооруган балага газдалган сууларды, заара айдоочу суюктуктарды айран, сүт, жер-жемиштерди бербөө зарыл. Түнкүсүн ар убак бир убакытта ойготуп заара кылдырып, баладагы «туруу керек» деген рефлексти пайда кылуу зарыл. Бул дарт менен ооруган балага камкордук жакшы болуш керек. Мындай оорулуу балдардын төшөнчүлөрүн жууп-тазалап, бөлмөсүн тез-тез желдетип туруу шарт.
Ооруну алдын алуу үчүн
• Оорунун алдын алуу үчүн балага ата-энесинин, бир туугандарынын түшүнүүсү, колдоосу керек.
• Бала башкаларга шылдыӊ болбоосу үчүн үй-бүлө мүчөлөрү төшөккө заара кылып кое тургандыгын айтпоо керек.
• Эгерде башкаларга билинип калса, бул жөн гана дарт экенин, мындай оору менен жабыркагандардын саны көптүгүн, балада күнөө жок экендигин түшүндүрүү керек.
• Оорулуу баланы урушуп, кагып-силкип, коркуткан туура эмес. Андан көрө дарыгер менен кеӊешип, кандай кам көрүү тууралуу көрсөтмө алган оӊ.
Энурез оорусуна элдик медицина кандай карайт? Элдик дарыгер Ташбү Каразаковага кайрылдык.
-Энурез менен ооруган баланы же кызды катуу тийип урушканга болбойт.Мүмкүн болушунча ал баланын көӊүлүн көтөрүү керек. Ал энурез менен ооруган баланы «төшөккө сийип койгон адатыӊ бара-бара калып калат» деп ишендирип айтып туруш керек. Ал баланы көмкөрөсүнөн жана чалкасынан жаткырбоо зарыл жана катуу үшүп калышына жол бербегиле.
Элдик медицинада бул оору мындай дарыланат.
Укроптон даярдалуучу чай
Кадимки эле укроптун уругун алабыз. Ал уруктан 2 аш кашык алып, 200 грамм сууга салып, жай отто кайнатабыз. 15 мүнөт кайнагандан кийин ал сууну сүзүп алабыз. Кичине балдарга 50 граммдан, чоӊ адамдарга 100 граммдан ичирүү керек.
Кара зиренин уругунан даярдалуучу дары
Кара зиренин 2 аш кашык уругун алып, 200 грамм сууга салып кайнатабыз. Бул даяр болгон дары чайды сүзүп алып, энурезге кабылган балдарга чайдын ордуна берсе болот.
Кайналыдан даярдалуучу дары чай
Кайналынын тамырынан бир муун алабыз. Кабыгын сыйрып туруп, тамырды майдалайбыз. Аны 200 грамм сууга салып акырын кайнатып алабыз. Даяр болгон дары чайды күндө жатарда 50 граммдан берүү керек. Бул даяр болгон дары чайларды 10 күн ичирип, 5 күн эс алдыруу зарыл.
Батма Суранова
Билдирүүлөр
Билдирүүлөрдүн RSS лентасы