Айтмамат Кадырбаев жылына 2 жолу жашоочулар менен жүзмө-жүз жолугуп, жаралган көйгөйлөрдү эл оозунан угууну адатка айландырган. Жолугушууда айтылган маселелер кагаз бетине түшүрүлүп, аны чечүү тийиштүү кызматтарга тапшырылып келет. Алардын аткарылган-аткарылбаганы кийинки жолугушууда кайра элге угузулуп, аткарылбай калган маселе эмнеге аткарылбаганы түшүндүрүлөт. Жолугушууда көп маселелер чечилерине көзү жетип калган тургундар жеке үй-бүлөлүк маселелерине чейин айтып кайрылышууда. Элдин пикиринде бул жолугушуулар мекеме, ишканалардын ишин жеӊилдетип, орчундуу маселелерди ирети менен чечүүгө өбөлгө түзөт.
“Шаардагы эс алуу бактарынын 98% оӊдоп-түзөлдү”
Калаа башчы Айтмамат Кадырбаевдин быйылкы эл менен жолугушуусу 16-апрель күнү №1 Туран жана №12 Курманжан-Датка 2 аймактык кеӊештеринде башталды. Жыйынга шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жашоочулар катышып, көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүүгө шарт түзүлдү.
Жыйындын башында шаар жетекчиси жыл ичинде аткарылган жумуштар, ийгиликтер менен бөлүшүп, маалымат берди.
-Акыркы 4 жылдын ичинде шаарда 3 чоӊ көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. А.Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна бөлүнгөн каражат максаттуу жана үнөмдүү пайдаланылып, үнөмдөлгөн акча каражаттын эсебинен Н.Исанов жана Ленин көчөлөрүн бириктирген көпүрөнүн, Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирүүчү көпүрөнүн, жаӊыдан пайдаланууга берилген жайкы сахнанын курулушу ишке ашты. Мындан сырткары, шаарда жарыктандыруу боюнча тынымсыз иш-аракеттер жүрүүдө. Шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн короолору жарыктандырылды. Ошондой эле эс алуу жайларын реконструкциялап, шаардыктардын эс алуусуна кам көрүп, туризм багытын өнүктүрүүгө бет алдык. Учурда шаардагы эс алуу бактардын 98% оӊдоп-түзөөдөн өттү. Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында оӊдоп-түзөө иштери башталды,- деди А. Кадырбаев. Жашоочулар тарабынан жол, таза суу жана башка маселелер туурасында кат жүзүндө суроолор келип, шаар мэри жооп берди. Тийиштүү жетекчилерге айрым көйгөйлөрдү жыйындан соӊ жерине барып көрүп келүүгө тапшырма берди.
“Мыйзамсыз дүкөндөр жабылат”
17-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев №2 Достук жана № 3 Сулайман-Тоо аймактык кеӊешинин тургундары менен жолугушту. Алгач өткөн жылдын күз айларында аталган аймактын жашоочулары менен болгон жолугушууда берилген протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө маалымат берилди.
-Акыркы жылдары аткарылып жаткан иш- аракеттерибиз элдин жыргалчылыгы, шаардын өнүгүп-өсүшүнө болгон аракет. Шаардыктардын ден соолугуна кам көрүү багытын эске алып, Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүнүн айланасына комплекстүү имараттар түштү. Алар футбол академиясы, бокс жана оор атлетика жатак мектеби, веложол. Ошондой эле машыгуучу ачык аянт түшүп, шаардыктар спорт менен машыгып жатышат, - деди А.Кадырбаев.
Жыйында тургундар тарабынан канализация, жол, жарыктандыруу боюнча каттар келип, айрымдарды жеринде чечүү максатында тийиштүү жетекчилер менен биргеликте жеринен көрүп келүү максатында жөнөтүп жатты. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн маселелери боюнча келип түшкөн каттар боюнча кат ээлерин жеке кабыл ала тургандыгын айтты. Аймактык кеӊештеги Мамажан көчөсүнүн боюндагы мыйзамсыз дүкөндөр жабылып, ал жер асфальттала тургандыгын кошумчалады.
Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары
18-апрель күнү калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолукту. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы шаардагы эӊ чоӊ аймак, курамында 13 айыл бар, алардан өткөн жылы келип түшкөн протоколдук тапшырмалар менен алгач тааныштырылып, андан соӊ шаар башчысы шаарыбызда болуп жаткан ийгиликтерге токтолду.
Айтмамат Кадырбаев мэр болуп шайлангандан тарта шаардын чет жакаларындагы аймактарды өнүктүрүүнү негизги кадам катары белгилеп, айрым маселелерге эл менен жолугушуудан сырткары, көйгөйлүү маселени жеринде көрүп келет. Бул кадам акыркы үч жыл аралыгында көп көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө түзүп жаткандыгын калаа башчысы өз сөзүндө кошумчалады.
-Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы маселелерди жеринде көрүп, орчундууларын акырындык менен чечип келе жатабыз. Жапалактын айрым айылдарында жалпысынан 10 км. жол асфальтталды. Тээке айылына чоӊ мектеп курулуп тапшырылды, Озгур жана Пятилетка айылдарына 2 бала бакча курулду. Учурда маал-маалы менен таза суу берилип жатат. Бул кадамдар дагы уланып Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы толугу менен таза суу менен камсыз болот,- деди А.Кадырбаев.
Жыйындын жүрүшүндө кат жүзүндө суроолор келип түшүп, жеринде жооп берилди. Алар таза суу, жол, канализация, жарандарды каттоо тууралуу көйгөйлөр айтылган. Ошондой эле Коӊур-Жаз көчөсүндөгү электр чубалгыларын жаӊылоону РЭСке жеринде тапшырма берип, өз көзөмөлүнө алды. Ал эми темир заводунун жабылгандыгын айтып, полигонду жылдыруу боюнча жер маселесин чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кат аркылуу суроого жооп берип жатып билдирди. Келип түшкөн бардык каттар протоколдоштурулду.
Жапалактыктар Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге жана анын командасы жүргүзүп жаткан алгылыктуу иш-аракеттерине ыраазычылыктарын билдиришти.
3 жылда 170 км. көчө жарыктандырылды
19-апрель күнү шаар мэри Айтмамат Кадырбаев №4 Ак-Тилек жана №5 Керме-Тоо аймактык кеӊешинин тургундары менен жолукту. Айтмамат Кадырбаев аталган аймактык кеӊештердин тургундарынан келип түшкөн ар бир катка жооп берип, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Жашоочулардан келген каттардын көбү жол, жылуулук системага кошулуу, таза суу түтүкчөлөрүн алмаштыруу жана электр мамычаларын орнотуу сыяктуу маселелерге байланыштуу болду. Түнкү жарыктандыруу боюнча жооп берип жатып калаа башчысы төрт жыл аралыгында шаардагы 12 аймактык кеӊештин жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын карамагына кирген айылдардын көчөлөрү түнкү жарык менен толук камсыз боло тургандыгын билдирип, учурда акыркы 3 жыл аралыгында 170 км.ден ашуун көчөлөр жарыктандырылып, 640 көп кабаттуу үйлөрдүн короолору светодиоттук лапмалар менен камсыз болгондугун кошумчалады.
Мындан тышкары көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларын, жылуулук системаларын, суу түтүкчөлөрүн оӊдоп-түзөөдө кош каржылоо принциби менен ишке ашырууга боло тургандыгын айтып, тийиштүү жетекчилерге каттын ээлери менен иш алып баруу тапшырылды.
Толугу менен...