Версия для печати
Понедельник, 21 Май 2018 05:59

218-кварталдын аскалуу таш бөлүкчөлөрү жайгашкан жерде коопсуздук чаралары көрүлөт

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардын четки аймагындагы 218-кварталга барып ал жерде пайда болгон аскалуу таш бөлүктөрүнүн кулап кетүү коркунучун алдын алуу максатында тиешелүү адистер менен биргеликте аймакты текшерип чыкты.

ӨКМнын мониторинг департаменти жана шаардык архитектура башкармалыгынын адистеринин иликтөөсүнүн негизинде 218-кварталдын түндүк тарабындагы Керме-Тоонун түштүк экспозициясындагы анчалык чоӊ эмес көлөмдөгү тоо кыркасында жаракалар пайда болуп, кээ бир бөлүкчөлөрү толук түрдө кулап түшпөгөндүктөн, тоо бөлүкчөлөрүнүн кулап кетүү коркунучу сакталуу бойдон калып, кооптуу абал жаратып жаткандыгы аныкталды.

ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Н.Исмаиловдун айтымында, аталган тоо кыркасын жергиликтүү тургун уруксатсыз жогорку температурадагы жылытуу жолу менен бөлүкчөлөргө бөлүп өндүрүштүк багытта колдонуп келген.

“Өндүрүштүк иштер жүрүп жаткан убакта (2002-жылдар)тоо кыркасынын айланасында турак жайлар жок болгон. Аталган участканын айланасына турак жайлар курулуп калгандыгына байланыштуу учурда таштын кулоосу турак үйлөргө жана жарандардын өмүрүнө тикелей коркунуч жаратат”-дейт Н.Исмаилов.

Шаар мэри А.Кадырбаев адистер менен жеринде кеӊешип көрүп, тоонун айланасында кокустан таш кулап кетсе тосуп калуу үчүн 150 метр узундуктагы туурасы 8 метр жана тереӊдиги 4 метр келген аӊ каздырып, коопсуздук чараларын тез арада көрүүнү табыштады.

 

Окулду 1987 жолу