Версия для печати
Понедельник, 11 Июнь 2018 03:56

ЖАӉЫ ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА ЖАРЫМ ЖЫЛ

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка отургандан бери жарым жыл убакыт өтүптүр. Айта келсе ооздун бир четинен оӊой эле чыгып кетчү бул мезгил элдин эсинен эгерим чыкпачудай таасир жаратып жатканын моюнга алууга тийишпиз. Заман өӊүтү жана жалпы  элдин кыйла жылдан бери улап келаткан үмүтү ошону талап кылууда.

«ЭКС-YМYТТY» ЭЛ ТИЛЕГИ YЗYYДӨ

2010-жылдагы президенттик шайлоодо Атамбаев жеӊип чыгып, кызматына киришкенден бир апта өтө электе ЭлТРдин «Элдик радиосунан: «Атамбаев деле экинчи мөөнөткө президент болууга сөзсүз умтулат.Баш мыйзам ага жол койбогону менен, каалоо эле болсо, бир жолу табылат. Бирок, азырынча анын үстүндө ойлонууга али эрте, мөөнөтү бүтөөрүнө аз калганда анан көрөсүӊөр» деп белгилегеним эсимде.

 Себеби, биздин өлкөдө  ошондо эле баш мыйзамды ар бир президент өзүнүн бийлигин узартуу максаты менен ой келди өзгөртө берүү өнөкөтү кадыресе көрүнүшкө айланып, маркум Шералы Назаркулов айткандай «Бизди баш мыйзам эмес, биз баш мыйзамды башкарып» жаткандай абал түзүлгөнү маалым. Дегинкисин айтканда, мурун-соӊку эч бир баш мыйзам көрбөгөнсүп, биз канча ирет өзгөртпөйлү, баары-бир баш мыйзамды дагы эле түгөтө жазып бүтпөгөндөй абалда отурабыз. Тактап айтканда, баш мыйзамды өзгөртүү зарылчылыгы ушул күндө да жок эмес деп бир эмес, жок эле дегенде эки-үч далил келтирип айтчулар четтен табылат.

Кам сүт эмген катардагы эле пенде катары, Алмаз Атамбаев да бийлигин узартуунун бир жолун кантсе да  баш мыйзамдан издеди жана тапты десе болот. Туш келген жерде өзү өкүртө сындап келген мурдагы президенттерден айырмаланып, конституция жаӊыдан кабыл алдырган жок, бирок парламенттик башкаруу формасына толугу менен өтүү керек деген дардисар ураанга жамынуу аркылуу экинчи жолку жогорку бийлик мөөнөтүнө барууга ачык эле аракеттенгени белгилүү болуп олтурат. Алдын ала өз арыгын чаап, президенттик олуттуу ыйгарым укуктарды премьер-министрге өткөрүп берүү билинбегендей көрүнгөнү менен, баш мыйзамды дагы бир ирет жаӊылоого эле тете аракет болгонун эч ким тана албайт. Бирок, кудай кантсе да экстердин эмес, элдин үмүт тилегин кабыл кылып тургансыганы да чындык. Экс-президент мөөнөтү бүтөөргө жакын: эскилерди өзүм менен кошо ала кетем деген сөздөрдү  уламдан-улам кайталап жатты эле, азыр акыбал дээрлик ошол кыязга жакындап калды. Башкасы деле мейли эле, ушул акыркы жылдарда коомчулуктун көӊүлүнө көк таштай тийип, жүрөгүнүн үшүн алып жаткан коррупциялык схемаларды өзү менен кошо биротоло ала кетсе экен деген тилек баарынан жогору турууда.

  КОРРУПЦИЯ, ЧЫК ЭШИККЕ!

   С.Ш.Жээнбеков жыл башындагы Улуттук коопсуздук Кеӊешинде укук коргоо, сот жана прокуратура органдарындагы коррупциялык көйгөйлүү маселелер жагдайында доклад жасаганга чейин коомчулукта жаӊы президент шайлоо алдындагы убадасына ылайык, мурдагы, кайсыл өӊүттөн алынганы белгисиз, Улуу деп аталган көчтү улантат деген гана жалгыз пикир орноп турган. Ошол, «экс-президенттин жолун улагандан башка кандай жаӊылык киргизмек эле» деген көӊүлсүз суроого караганда Жээнбековдун атаандашы Бабановдун андан аркы саясий тагдырына карата кызыгуу күчтүүрөөк болгондой таасир калган. Коопсуздук Кеӊешиндеги докладынан кийин деле айрым маалымат булактарында коомчулуктун көӊүлүн жаӊы президенттин жаӊы эле баштаган демилгесинен алакчылоо аракеттери деле болгонун белгилей кетүү керек. Чын-чынына келгенде, андай аракеттер айрым маалымат булактарында бүгүнкү күнгө чейин кээ бир саясий активисттердин гана оозу менен улантылып келатканын учкай болсо да белгилеп коймок шарт.

Ошол башында эле «айтты да, койду да эй! Минтип мурдагылар да айткан, кийинкилер да айтат. Кана мисалы, кимди жумуштан алды»?, «кимди камады?» деп кыйкыргандар эми минтип, кызматтан алуулар, камакка алуулар салыштырмалуу көбөйгөн сайын баягы эле «Улуу көчтүн» уулдары өзүлөрү баштап берген «Саясий куугунтукка» шашылыш бычылган чапанды ойду-келди кийгизе салмайга өтүп жатышканын кызуулук кыябында  байкабай да калышты сыягы. Андайлар азыр Жээнбековдун ар бир кадамын алды-артынан аӊдып, азыраак акырындаса эле аксак, тескерисинче, биртике катуулай түшсө, таскак деп үндүн жетишинче катуурак бакырганга шайма-шай турушат дей бер. Экс-президенттин мезгилинде саясий буюртманын негизинде камалган  деп эсептелген саясатчыларга тезирээк эркиндик берүүнү көгөрө сурануу, аныраагы-талап кылуу да жөн эле жерден чыга калып жатпагандыгын да боолголосо болот.

АТ ЧУРКАБАЙТ, БАК ЧУРКАЙТ…

    Экс-президенттин тушунда «саясий куугунтукка» кабылгандардын саны Акаев, Бакиевдердин бийлик режимдериникине салыштырмалуу дээрлик он эсеге жете көбөйгөнүн эксперттер эсептеп жүрүшөт. Ал маалыматтарга таянсак, Акаевдин маалында саясий  буюртманын негизинде абакка кесилди деп саналгандар бир-экөө эле болсо, Бакиевдин тушунда деле беш-алтыдан ашпаптыр. Бирок, Атамбаев заманында андайлардын саны антип-минтип 30 га жетиптир! Арийне, ошолордун баарын эле «саясий куугунтуктун курмандыгы» деп бир корзинага сала берүүгө болбойт. Мындайда орустар оюн сөз менен айткандай, «бармакты денедеги башка мүчө менен салыштырууга болбой» тургандай учурлар да чыгып калуусу ыктымал. «Бизде мыйзамдарда «саясий куугунтук» деген аныктама жок. Ошондуктан, көп адамдар өздөрүнө козголгон иштерди «саясий куугунтук» деп аташат. Менимче, мыйзамга анын себептерин тактап жазыш керек» дейт бул жагдайда саясий серепчи Бакыт Бакетаев.

Акыркы мезгилдерде Өмүрбек Текебаевдин эркиндикке чыгуусуна кызыкдарлар арбый түшкөнсүйт. Бул жаатта азыр катуу кыйкырып жаткандардын көбү Атамбаев заманында жаагын кулагы менен бекем жаап бейгам отургандай болушту эле, эми негедир чыйралышкандай таасир калат. Бирок, Текебаевге, саясатчы катары терс пикирлерин шардана айтып жүргөндөр да бар экендигин калыстык үчүн болсо да айта кетүүгө туура келет. Алардын эсебинде, Кыргызстанды бүгүнкүдөй саясий туӊгуюк кейиптенген абалга алып келүүдө Текебаевдин ролу Атамбаевдикинен ашса ашат, асти кем калбайт.

«Мен далилсиз сүйлөп көргөн адам эмесмин. Текебаев кекчил, ырайымсыз киши экенин бардык эл биле бербестир. Текебаев 2010-жылдын 7-апрелинде алдын-ала өз душмандарынын тизмесин түзүп, даректерин тактап, менен үйүмө 7 кара джипте 28 автоматчан немелерди жиберген. Алар мени түнкү саат 3кө чейин издешип, таппай кетишип, эртеси инимдин  дачасынан издешип, тинтишип, ал жерде 10 күндөй чардашып, булгап, талкалап-тоноп кетишкен» дейт Атамбаев доорунда жасабаган кылмыштары үчүн үй-мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөөгө кесилген 63 жаштагы Пайзуллабек Рахманов. Ал бул күндөрдө жалаадан токулган өкүмдүн үстүнөн даттануу жазып, сотко берүүнүн астында турганын «Жаӊы Ордо» гезити жазып чыккан. «Бул ага аздык кылат. Ал 2010-жылдагы түштүктөгү жана Бишкектеги кандуу окуялар жана мародерчулук боюнча али жооп бере элек» дейт Пайзуллабек Рахманов Текебаев жөнүндө ошол эле басылмада.

Өмүрбек Текебаев артынан түшүп асылып жатып, Жалал-Абадда губернатор болуп иштеп жаткан Жусупжан Жээнбековду да акыры кызматтан өз ыктыяры менен дедиртип кызматтан алдырганын Жээнбеков  да ушул эле «Жаӊы Ордо» гезитине берген маегинде  айтып берген. Бир топ эле чыгаан саясатчыларды  ар кандай шылтоолор менен саясий майдандан сүрүп чыгууда досуна олуттуу жардам бергенин Текебаев өзү да белгилеп өткөнү маалым. Бирок, анысын негедир ошол маалдагы бийликтин кадырын чыӊдоого карата обьективдүү зарылдык катары кароого да мүмкүн кыязындагы пикирин  дээрлик таӊуулагандай түр көрсөткөнү да бар. Ал эми убактылуу Өкмөт жөнүндө «Биз бийликтин узурпаторлорубуз, мындан артык жолду тапканыбыз жок»  кыязындагы  пикирин айтпай эле коелу. Ушулардан улам, азыркы президенттин ыктымалдуу оппоненттери  Өмүрбек Текебаев сыяктуу мүнөзү татаалыраак саясатчынын  батыраак эркиндикке чыгышын, демек Сооронбай Жээнбековго эртерээк атаандаш боло баштоосун бекер эле күтүп жатпагандыр деген да ой кетет. Бирок, андайлардын эсине Сооронбай Жээнбеков Текебаевди Атамбаевден кем калбаган өлчөмдө, а балким аймакташ катары андан да ашыкчараак билерин жана түшүнөрүн эске салып өтмөкчүбүз.

Азыр президентке  Атамбаев мезгилинде «саясий куугунтукка» кабылгандарды куткарганга шашылбай, демек мыйзам чегинен ныпым ашпай мамиле жасоо эле туурадай көрүнөт. Анан калса, шашканда кайда барат? Шектүү делген жана токтотулуп турган бардык кылмыш иштерди кайрадан бир карап чыгуу жагын прокуратура жана сот органдарына эбак эле  табыштаган. Президент прокуратура жана сот органдарынын ишине кийлигише албайт.

«Менимче, айрым саясатчылар жаӊы бийлик акыры адашат деп, ошого үмүттөнүп жатышкандай. Бирок, Атамбаевдин кадрларынын коррупциялык схемалары ачыкталган сайын, экс-президенттин коомдогу таасири түшүп, булар алсыздап барат. Баары эле тынч болот, бирок кийинки парламенттик шайлоолор учурунда эски бийлик чатак чыгарып, стабилдүүлүктү бузуп, революция кылууга аракеттенүүсү мүмкүн» дейт белгилүү саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров.

Абдираим Мамытов

 

Окулду 1065 жолу