Версия для печати
Понедельник, 20 Август 2018 09:30

ЭГЕМЕНДYYЛYК ЭВОЛЮЦИЯСЫ

 (башталышы өткөн санда)

КЫРГЫЗОСТРАКИЗМИ

Эгемендүүлүктүн жылдарында Кыргызстанда эки ирет бийлик төӊкөрүшү жүз берип, натыйжада эки президент өлкөдөн куулду. Мамлекеттик бийликтин башчылары өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болгон ал төӊкөрүштөрдүн маани-маӊызы жана чоо-жайы ушул күнгө дейре талаш-тартыштуу жагдайлардан кутула элек.

Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаевден үмүт-тилектер көп эле. Президенттиктин алгачкы жылдарындагы арыштуу кадамдары ушундай маанайга шексиз негиз түзгөн.  Республикадагы бир катар алгылыктуу реформалардын жакшы башталыштары  чет өлкөлүк айрым эксперттерге Кыргызстанды «демократиянын аралчасы» деп атаганга түрткү берген. «Аралча» бойдон калып кетерибизди алар кайдан жана кантип болжоп-баксын. Аскар Акаев кыялкеч окумуштуу катары тез эле үй-бүлөлүк башкаруунун чеӊгелинде калып, өлкөдөн качып кетүүдөн башка арга таппаганы маалым. «Ат минген кыргызды итке мингизген Акаев» деген кекээр какшык  дал ошол Акаев доорунда жаралган.

 Калыстык үчүн белгилей кетсек, кыргыздын башына түшкөн салыштырмалуу оор жылдар ошол кезеӊде постсоветтик республикалардагы бардык эле элдердин энчисине туш келгени белгилүү. Албетте, андай күндөрдөн ар ким ар башка жол менен чыкканы да маалым. Кыргыз гана төӊкөрүштүк жолду тандап алганы өкүнүчтүү болду. Өкүнүчтүү дегеним, кийинки президент Курманбек Бакиевди да ошондой тагдыр күтүп алды. Кыргыз «остракизми» ушинтип калыптангансыды.

«Остракизм» институту байыркы Грециянын Афины шаарында биздин заманга чейинки 387-жылдан 417-жылга  чейин өкүм сүргөн. Түпкүлүгүндө остракизм ардактуу сүргүндү  туюнткан. Ага тушуккан саясатчы өлкөнү 10 жылга таштап кетүүгө тийиш болгон. Ал мөөнөт аяктагандан кийин өз мекенине менчиги жана статусу кайтарылган абалда  кайрылып келүүгө укуктуу эле. Башкача айтканда,  остракизм саясий лидерди жок кылууга караганда,  анын амбициялуу өзүмчүлдүгүн чектөөнү, аны ойлонтууну, толгонтууну, кемчилигин жоюуну максат кылган. Бирок, тез эле тиранияга каршы туруу институтунан каршылашкан топтордун ич ара саясий күрөшүнүн, кээде тигил же бул  жеке тараптардын өч алуу каражатына айланган.

Остракизм процедурасы жыл сайын эрте жазда өткөрүлүп, тегереги тосмолонгон атайын жайда полистин жарандары карапанын сыныктарына- острактарга сүргүнгө айдалууга тийиш деп эсептелген саясатчынын ысмын жазып, аны ылдыйга оодарып көрсөтүү аркылуу жашыруун добуш беришкен. Добуш берүүчүлөр атайын дарбазадан киришип, алардын кайрадан добуш берүүсүнө бөгөт коюу максатында тосмонун ичинде калтырылган.  Добуштар саналганда 6 миӊ добуш кворум бар деп эсептөөгө негиз берген. Сүргүнгө айдалууга ким үчүн көп добуш берилсе, ал он күндүк мөөнөттө Афинаны таштап кетүүгө милдеттүү болгон.

Остракизм институтуна карата көз караштар ар түрдүү. Бул темага сереп салган Ф.Ницше он тогузунчу кылымдын акырында остракизмди жалпы алганда,  «үйүлмө топтун унчукпаган көрө албастык» сезиминин бир көрүнүшү катары да караган. Афиналык демократиянын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн өмүр-таржымалдарына басым жасаган Плутархтын эгалитардык коомчулуктардагы  үйүлмө топтордо унчукпаган көрө албастыкты калыптандырган бир механизмди минтип баяндаганы бар: «Айтымда, острактарга кол коюу процедурасы башталганда, бир жупуну, кат-сабаты жок дыйкан жолунан капыс жолугуп калган Аристидге (Афинанын башкаруучусуна)  «Аристид» деп жазып берүү өтүнүчү менен карапанын сыныгын сунат. Таӊданган шаар башчысы андан Аристид аны кандайча таарынтып алганын сурайт. «Жок деп жооп берет анда тигил, -мен аны көргөн да эмесмин, тааныбаймын. Бирок, кадам сайын эле «Аристид адилеттүү», « Аристид адилеттүү!...» деген сөздөрдү уга берип тажадым». Аристид эчтеке айтпай өз атын жазып, остракты дыйканга сунуп баса бериптир».

Бул фрагментте Плутарх коллективдүү көрө албастык феноменинин социалдык-психологиялык табиятын сүрөттөөгө аракеттенгенин байкоо кыйын эмес. Көрө албастыкты Платон да инсандын чыныгы изгиликке умтулуу жолунда чөӊ бөгөт болуучу  оркойгон кемчилик, жетесиздик (несовершенство) деп бекеринен санаган эмес. Коллективдүү болобу же индивидуалдык мүнөздөбү, иши кылып кыргыздын эки президентин өлкөдөн кууп чыгуу актыларында да дал ушул көрө албастык феномени да кандайдыр бир өлчөмдө роль ойногону талашсыз. Кыргыздагы «унчукпаган көрө албастык» феномени бүгүнкү заманда деле «унчукпай» урууга, ачык айтпай аймакка бөлүнүүчүлүк менен эле коштолуп, ал турсун бул ит пейил жоголот деген сайын кайра күчөгөнсүп келатканын моюнга албаска айла жок. Андайдын ачык-жабык мисалдарын бүгүнкү коомдук-саясий процесстерден толтура тапса болот.

 

ЭЛ ЖАНА ЭЛИТА

    Революциялык өнүгүү кайсыл бир мезгилде убактылуу токтоп тургандай сезилиши мүмкүн, бирок эволюциялык өнүгүүдө эч тыным болуусу таптакыр мүмкүн эместиги белгилүү. Кыргыз эли да, элдин башкаруу элитасы да каала-каалаба, эволюциялык өнүгүүнүн белгилүү бир баскычын эгемендүүлүк жылдарында басып өткөнү талашсыз.

Кыргызстанда жүз берген эки жолку бийлик төӊкөрүшүнүн бащкы жана балким бирден-бир жакшы жыйынтыгы- ар кандай бийлик төӊкөрүштөрүнөн элдин көӊүл калуусу. Бийлик алмашуудан эле сумма өзгөрүп кетпөөсүн билбейт, түшүнбөйт дегендер бүгүн таптакыр жок дебесек да, азчылыкты түзөөрү шексиз.  Башкасын кой, «эл азыр таптакыр башка эл болуп калды. Эл өзгөрдү!» деп экс-президент Атамбаев алаканын шак койгулап алганы бар. Антип балким эл эми мага каршы көтөрүлбөйт деген ишенимдин жетегинде айткандыр, бирок сөзүндө чындыктын үлүшү бардыгын танууга болбойт. Эл бүгүн эч кимге каршы көтөрүлбөйт, эч бир бийликти алмаштырууга кызыкпайт дегенге негиз толтура.

  «Сокур таягын бир эле жолу жоготот» дегендей, кыргыз эки ирет төӊкөрүшкө күбө болуп, биринен да бир мүдүр майнап чыкпаганын көрдү. Элдик делинип жүргөн 2005-жылдагы да, 2010-жылдагы да революциялар башкаруучу тап аталган саясий элитанын элди ортого салып бийлик, аныгыраагы байлык талашып бири-бири менен тытышкандан башка эч нерсени билдирбегенин сезди. Элде эми «кимди ким?» деген кыяз менен элитанын ич ара кармашына аӊдоо салып тургандан башка жол  жоктой таасир калууда.  Ушунун өзү эле эл менен элитанын ортосуна чоӊ жарака кеткенинен кабар бергенсийт.

 Коомчулуктун көӊүлү бийликтен үч көчкөн журттай калганына ириде коомчулуктан дале үмүт үзбөй келаткан элитанын өзү себепкер болуп калганы айтпаса да түшүнүктүү. Эл бүгүн айтылуу Рузвельттин: «Элдин кайсыл бир бөлүгүн ар дайым, бүтүндөй элди кайсыл бир мезгилге чейин алдаса болот, бирок бүтүндөй элди ар дайым алдоого эч мүмкүн эмес» деп айтканындай таризде  турат. Бирок, элдин кайсыл бир бөлүгүн ар дайым алдоого мүмкүн экендигин жана муну кылдаттык менен колдоно билген саясатчылар кыргыз саясатында да аз эместигин эстен чыгарууга болбойт. Коомдун турмушун башкача нукка буруу үчүн элдин андай бөлүгүнөн ар дайым унчукпас көрө албастардын үйүлмө топторун  ишке салуучу салуучу саясий күчтөр ар дайым даяяр турушат.

Бүгүн калыӊ коомчулукта бийликке карата болгон жылуу ишеним кайра ойгонгонсуп турат. Башкаруучу элита мындан тиешелүү жыйынтык чыгарууга түздөн-түз милдеттүү экендиги да турулуу иш. Элдин ишеними бийликтен биротоло кеткенден жаман эч нерсе жок. Кыргыз саясатынын эгемендүүлүк жылдарындагы эволюциясы кантсе да коомдук өнүгүүнүн жакшы тилкесине жетелеп жатканын аӊдабай коюуга мүмкүн эмес. Коррупциянын коомго тийгизип жаткан оор таасирин мүмкүн болушунча жеӊилдетүү, ооздуктоо аракетин үзгүлтүксүз жана системалуу мүнөздө жүргүзүү өз жемишин берери шексиз. Мында негизинен, Чыӊгыс хандын: «Корктуӊбу, баштаба! Баштадыӊбы, корпо!» деген айтылуу накылы сөзсүз жетекчиликке алынуусу гана шарт, калганында көйгөй жок.

Абдираим Мамытов

 

Окулду 869 жолу