Версия для печати
Понедельник, 20 Август 2018 09:59

Ош шаары Кытай корпорациясы менен кызматташуу келишимине кол коюшту

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов  кытайлык “ChinaRoad” корпорациясынын башкы директору Чжан Цзюньу жана Кытайдын Оштогу консулу Сун Лицюнь менен жолукту.

Жолугушуунун алкагында Ош шаарында биргеликте жасалып жаткан жумуштар туурасында ой бөлүшүп, кызматташууну мындан ары да күчөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ошондой эле жолдорду, көпүрөлөрдү куруу, инвестиция тартуу, шаардын инфратүзүмүн өзгөртүүгө салым кошуу боюнча Ош шаарынын мэриясынын жана кытайлык “ChinaRoad” корпорациясынын ортосунда келишим түзүлүп, мэр Таалайбек Сарыбашов жана корпорациянын башкы директору Чжан Цзюньу кол коюшту.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов эки тараптуу кызматташуу менен калаанын өнүгүүсүнө салым кошолу деген тилегин билдирип, борбордук аянтын оӊдоп-түзөө иштери үчүн ыраазычылык баракча тапшырды.

Окулду 358 жолу