Версия для печати
Понедельник, 20 Август 2018 10:16

«Спортчу элге алып келген жеӊиши менен барктуу»

27-июлдан 29-июлга чейин Кытайдын Харбин шаарында өткөн аралаш күрөш өнөрү боюнча Азия чемпионатында кыргыз мушкерлери үч алтын, бир коло медалга ээ болушту. Аталган мелдеште Кыргызстандан төрт мушкер барып катышып, командалык эсеп менен үчүнчү орунду ээлеп кайтышкан. Ош шаарынан барган мушкер Эдилбек Шакирмаматовду жеӊиши менен куттуктап, жакындан тааныштык.

Жеӊиш менен келген мушкерлер

Аралаш мушташ өнөрү барган сайын өнүгүп, ага кызыккан жаштардын саны өскөнү байкалат. Бул спорттун түрү менен машыгып, чет жактарда жүрүп Кыргызстандын намысын коргогон жигиттер арбын. Ал эми Азия чемпионаты өткөн Кытайда жалпысынан 7 өлкөнүн мушкерлери  катышкан. Аталган мелдешке Кыргызстандан 4 спортчу барып, үч алтын, бир коло медаль менен кайтышты. Командалык эсеп менен үчүнчү орунду багындырышкан ММА жана панкратион федерациясынын мушкерлери  буга чейин Ош шаарында өткөн мелдеште биринчиликти алып, алтын медаль тагынышкан эле. «Эгерде командабыз толук барганда биринчи орунду алмакпыз» дейт федерациянын президенти Улукбек Өмүрзаков:

- Мелдеш жогорку деӊгээлде өттү. Азия чемпионатына Кытай Эл республикасы катуу даярданганы байкалды. Биздин команда визанын ачылбай калганына байланыштуу толук барбай калды. Эгер толук келгенибизде командалык эсеп менен биринчи орунду алмакпыз. Себеби, буга чейин 2017-жылы Ошто өткөн мелдеште биринчиликти алган элек. Быйылкы көрсөткүчүбүз да жаман эмес. Алып барган төрт мушкерибиз Бакберген Усенов, Эдилбек Шакирмаматов, Чыӊгыз Бегматов жана Акжол Таабалды уулу баары теӊ куру кол кайтышкан жок. Бул биз үчүн чоӊ жеӊиш. Мындай жеӊишке жетишүү да оӊойго турбады. Мушкерлерибиз катуу күч сынашып, оор беттештерден өтүштү.  Азия чемпионатында ийгиликтүү кайткан спортчуларыбыз дүйнөлүк чемпионатка катышуу укугуна ээ болушат. 2018-жылы жакшы ийгилик жараткан  спортчулардын  тизмесин  бергенбиз. Тийиштүү тарап карап берип, алардын тандоосунан өткөндө гана дүйнөлүк чемпионатка катыша алышат. Буюрса, дүйнөлүк чемпионатта дагы чемпион болушат деген ойдо турабыз. Дагы бир айта кетчү жагдай, спорттун бул түрүн жакынкы айларда олимпиада оюндарынын катарына киргизүү аракети көрүлүп жатат. Эгерде бул нерсе иш жүзүнө ашып калса, 2028-жылы дүйнөлүк олимпиада оюндарынын катарында беттешип калабыз.

 

Эдилбек Шакирмаматов, алтын курдун ээси:

«Спорт чөйрөсүндө алгачкы жеӊишим»

- ММА боюнча Азия чемпионатына барып катышып келүүнүн өзү спортчу үчүн чоӊ жетишкендик деп ойлойм. Бул үчүн КРнын ММА жана панкратион федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаковго тереӊ ыраазычылыгымды билдиргим келет. Бизге кеткен бүт чыгымдарды өз чөнтөгүнөн төлөп, бардык шарттарды түзүп, чемпионатка алып барып келди. Мелдештен тагынган алтын курум спорт чөйрөсүндөгү алгачкы жеӊишим. Мелдеш чынында жеӊил болгон жок. 84 кг. салмактагылар арасында беттештим. Алгач Казакстандын мушкери менен беттешип, аны жеӊгенден кийин финалда Өзбекстандын мушкери менен беттештим. Жеӊем деп ойлогон эмесмин. Бирок, даярдык жакшы болгонун беттеш учурунда байкадым.

«Ата-энем башында каршы болду»

- Өзүм Өзгөн районунун Алтын-Бак айылында 1994-жылы туулгам. Yй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Атам үйдө, эл катары дыйканчылык менен алектенет. Апам мугалим. Спорттун бул түрүн тандаганымда башында каршы болушкан «өзүӊдүн ден соолугуӊ үчүн да каршыбыз» дешип. Азыр тескерисинче колдошот. Негизи ММАны эрежесиз эр күрөш деп айтуу туура эмес. Анткени, бул мелдеште эрежелер бар, ошол эрежелердин негизинде мушкерге упай жазылат. Кайсы бир учурда ден соолукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул албетте, ар бир спортчунун башында турган нерсе. Ошондуктан, кокустуктан коркуп эле спорттон качуу туура эмес. Спортчу элине алып келген жеӊиши менен барктуу. Кандай беттеш болбосун Кыргызстандын желегин желбиретүү ар бир спортчунун кыялы. Тилекке каршы, биздин өлкөдө спортчуларга мамлекеттик деӊгээлде жакшы көӊүл бурулбайт.

«Дүйнөлүк чемпионатка катышууга даярданып жатабыз»

- Саипов Илгиз деген айылдаш агам бар. Спортко келип калышыма ошол кишинин салымы чоӊ. Мухаммед Умар спорт клубуна алып келип, машыгууга киргизген. Ошол жерден спортко болгон кызыгуум башталды. Курбанов Мухамед деген машыктыруучубуз бар. Өзүм Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинде окуйм. Азыркы учурда каникул болгону үчүн бир гана машыгуу менен алектенип жаткан учурубуз. Буйруса, ММА боюнча дүйнөлүк чемпионатына катышып калсак жеӊиш менен кайтууну биринчи орунга коюп, катуу даярдыкта жүрөбүз.

Бактыгүл Калдарбай кызы

 

Окулду 685 жолу