Версия для печати
Понедельник, 27 Август 2018 04:05

ЭГЕМЕНДYYЛYКТYН ЭСТЕ КАЛАРЛЫК ИРМЕМДЕРИ

ТОПОЛОӉДУУ 90-ЖЫЛДАР

Өткөн кылымдын 90-жылдары мурдагы кубаттуу держава СССРдин кулашы, анын курамынан эгемендүү республикалардын биринин артынан бири бөлүнүп чыгышы менен эсте калган доор катары тарыхка киргени белгилүү.

1990-жылдын аяк чендеринде жана 1991-жылдын башында Советтер союзунда абал бир кыйла татаалданат жана кырдаал курчуйт. СССРдин андан ары жашашын, анын курамындагы элдердин, республикалардын жана жалпы союздун укуктарын камсыз кылууга жөндөмдүү жаӊы мамлекеттик-укуктук формаларды камтыган жаӊы союздук келишимди иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыгат.

Жаӊы союздук келишимди иштеп чыгуу жана ага ар түрдүү оӊдоолорду киргизүү учурунда ага үч түрдүү көз караш пайда болгон. Орто Азия республикалары жана Азербайжан - Федерацияны, Россия, Украина жана Белоруссия Конфедерацияны, Балтика боюндагы республикалар жана Грузия СССРдин курамынан чыгууну жакташкан.

Ушундай кырдаалда жалпы союздук жетекчилик тарабынан СССРди сактап калуу маселеси боюнча 1991-жылдын 17-мартында референдум өткөрүү белгиленип, анда «Бардык улуттардын укуктары жана эркиндиктери толук деӊгээлде камсыз кылына турган теӊ укуктуу суверендүү республикалардын жаӊыланган федерациясы катары Советтик социалисттик республикалар союзун сактап калуу зарыл деп эсептейсиӊби?» деген суроо коюлган. Референдумга республикада жашаган калктын 92, 8 пайызы катышып, алардын 94, 6 пайызы  суверендүү республикалардын жаӊыланган федерациясын жактап добуш беришкен.

Бирок, референдумду өткөрүү СССРдеги саясий кырдаалды жакшыртпастан, тескерисинче, аны андан ары татаалданткан. Референдумга расмий түрдө 9 республика гана катышкан. Ал эми 6 республика: Эстония, Латвия, Литва, Грузия, Армения, Молдова референдумга катышкан эмес. Аталган республикаларда ал учурда союздан бөлүнүп, өз алдынча суверендүү өлкө түзүүгө карай активдүү процесстер жүрүп жаткан. Андай саясий процесстердин кээ бир кызыкчылыктуу топтору Кыргызстанды «белгисиз республика» деп да атап алышканы бар. Ал эми Кыргызстандагы саясий абалдын оорлошуна 1990-жылдын жайында болуп өткөн өзбек-кыргыз этникалык кагылышуусу да белгилүү бир таасирин тийгизген.

1990-жылдын 22-октябрында Кыргыз ССР Жогорку советинин сессиясы республикада президенттик постту киргизүү маселесин талкуулап, атайын мыйзам кабыл алган жана ал мыйзамга ылайык республиканын биринчи президентин 1990-жылдын 27-октябрында альтернативдик негизде шайлаган.

1991-жылдын 19-августунда ГКЧП ( Өзгөчө кырдаалдагы мамлекеттик комитет) деген аталышта  болуп өткөн антиконституциялык төӊкөрүш да токсонунчу жылдардын тополоӊдуу окуяларына кирет. ГКЧПны СССРди кандай жол менен болсо да сактап калуунун эӊ акыркы аракеттеринин орчундуусу деп саноого болот. Союздук келишимди кайра карап чыгуу деген максат менен чүмбөттөлгөн бул төӊкөрүш  Россиянын президенти Б.Н.Ельцин башында турган элдин каршылыгына учурап, антиконституциялык, реакциячыл мүнөздө каралып, ишке ашпай калган. Август төӊкөрүшүнүн ишке ашпай калышы менен союздун бузулуу процесси тездеген. Союздук республикалар өздөрүнүн көз каранды эместигин жарыялап, улуттук гвардия жана аскер бөлүктөрүн түзүүнү, согуштук өнөр жай ишканаларын көзөмөлдүккө алууну баштаган. Андан аркы окуялар тез өнүккөн.

1991-жылдын 21-декабрында мурдагы СССРдин курамына кирген 11 мамлекеттин (Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан,  Молдова, Россия Федерациясы, Украина, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан) жетекчилери Алматыда  Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигин (КМШ) түзүү жөнүндө келишимге кол коюшуп, атайын декларация кабыл алышат. Декларацияда теӊ укуктуулуктун принцибинде «Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигин түзүлүшү менен Советтик социалисттик республикалар союзу өзүнүн жашоосун токтотот» деп жарыяланган.

КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫКТЫН ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

    Кыргыз Республикасынын Жогорку советинин 1991-жылдын 31-августундагы сессиясында тарыхый документ - Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация кабыл алынган. Декларация «Кыргыз Республикасын - көз карандысыз, суверендүү демократиялык мамлекет» деп салтанаттуу жарыялаган. Кыргыз Республикасынын аймагы бир бүтүн жана бөлүнгүс, анда республиканын Конституциясы гана колдонулат,  ал өзүнүн эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин колдой тургандыгын билдирген. Ошентип, дүйнөнүн саясий картасында жаӊы, өз алдынча, көз каранды эмес мамлекет - Кыргыз Республикасы пайда болгон.

Көз карандысыздык жарыялангандан кийин республика жалпы союздук органдардын көзөмөлдүгүнөн кутулуп, бийликти өз колуна топтой баштаган. 1991-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын улуттук гвардиясы, декабрдын аягында ички иштер аскерлери түзүлгөн.

Кыргыз  Республикасынын көз каранды эместигинин жарыяланышы, Коммунисттик партиянын ишмердигинин токтошу, СССРдин кулашы Кыргызстанда жаӊы социалдык-саясий кырдаалдын түзүлүшүнө алып келген.

1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Конституциясы Жогорку Кеӊеште талкууланып кабыл алынган. Конституция боюнча, мамлекеттик бийлик үч бутакка бөлүнүп, мыйзам чыгаруучу бийликти Жогорку Кеӊеш, аткаруучу бийликти - өкмөт жана жергиликтүү башкаруу органдары, сот бийлигин Конституциялык сот, Жогорку сот, Арбитраж соту,  жергиликтүү жана башка соттор жүргүзүп, ишке ашырат.

 КЫРГЫЗСТАН ЭЛ АРАЛЫК АРЕНАДА

   Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин ал тез эле эл аралык аренада колдоого жана таанылууга ээ боло баштаган. 1991-жылдын 27-декабрында АКШ Кыргызстандын көз каранды эместигин биринчилерден болуп тааныган жана 1992-жылдын февралында ОртоАзиянын жана Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Бишкекте АКШнын, Вашингтондо Кыргыз Республикасынын элчилиги ачылган. Азыр Бишкекте 20дан ашуун чет өлкөлөрдүн элчилиги жана өкүлчүлүктөрү иштеп жатат. Эгемендүүлүктүн алгачкы он жылында эле дүйнөнүн 130дан ашуун мамлекети Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигин тааныган, 96 мамлекет менен дипломатиялык байланыш түзүлгөн.

1992-жылдын 30-январында Кыргызстан ОБСЕге мүчө болот. Ошол эле жылдын 2-мартында Кыргызстан БУУнун мүчөлүгүнө кабыл алынып, ошол эле күнү Нью-Йорктогу анын имаратынын алдында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги илинген. БУУга мүчө болуу Кыргызстан үчүн тарыхый мааниге ээ болгон окуя экени талашсыз. Анткени, Кыргызстан мындан ары өз көйгөйлөрүн жана олуттуу маселелерин дүйнөлүк коомчулукка билдирип турууга жана ал жерде өз сунуштары, демилгелери менен чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Анын айрымдары колдоого алынууда. Алсак, Кыргызстандын сунушу  боюнча, 2002-жыл Эл аралык тоо жылы деп аталган.

Кыргызстан ЮНЕСКО жана башка эл аралык уюмдарга теӊ укуктуу мүчө болуп, анын бул уюмдардагы өкүлчүлүктөрү ачылган. 1998-жылы күзүндө Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп калды.

 Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин тышкы экономикалык байланыштарды иш жүзүндө жаӊыдан баштоого туура келген. Мында республиканын натыйжалуу тышкы экономикалык уюмдарга катышуусу маанилүү ролду ойногондугу маалым. 1992-жылы Эл аралык валюта фондуна, Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкына, экономикалык кызматташтык уюмуна, Ислам конференциясына, 1993-жылы Ислам өнүгүү банкына мүчө болуп кирген.

УЛУТТУК ВАЛЮТА -УРГААЛДУУ РЕФОРМАЛАРГА ЫРААТТУУ ТАЯНЫЧ

1992-жылдын башында Россияда, Украинада, КМШнын башка бир катар өлкөлөрүндө баанын күтүүсүздөн эркин кое берилиши бирдиктүү акча аймагында турган Кыргызстанда да баанын кескин жогорулашына алып келген. Ал экономикалык кризисти курчутуп, өндүрүштүн төмөндөшүн жана инфляциянын өсүшүн тездеткен. 1992-жылдын сентябрь жана декабрь айларынын аралыгында инфляция орто эсеп менен айына 25 пайызга, ал эми 1993-жылдын биринчи кварталында дээрлик 36 пайызга жеткен.

Ушундай кырдаалда 1993-жылдын 4- майында Кыргызстандын өзүнүн улуттук валютасы - сомду киргизүү чечими кабыл алынган. 10-майдан тартып акча жүгүртүүдө сом пайдаланыла баштайт. Улуттук валютанын - сомдун киргизилишинин негизги максаты инфляцияны ооздуктоо жана өлкөнүн экономикасына таасир тийгизүүнүн тиешелүү механизмине ээ болуу менен рынок реформаларын ырааттуу жүргүзүүнү ылдамыраак баштоо, республиканы кризистен алып чыгуу эле. Кыргызстандын жетекчилигинин чечкиндүү аракеттеринин натыйжасында улуттук валюта - сомду турукташтыруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө кыргыз сому Борбордук Азияда гана эмес, бүтүндөй КМШ өлкөлөрүндө да эӊ туруктуу валюталардын бири болуп эсептелет. Туруктуу улуттук валютанын болушу өлкөдөгү экономикалык реформаларды жүргүзүү үчүн ыӊгайлуу шарттарды түзгөндүгү белгилүү.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн чейрек кылымдан ашык доорунда  эсте калаарлык ирмемдер албетте көп. Бирок, мындан да жакшылары али алдыда күтүп жатканынан шектенүүгө эч бир негиз жок.  Эгемендүүлүк элибизге эзелтен эӊсеп келген эркиндиктин улуу укугун Кыргызстанды улам өнүктүрүп-өстүрүү милдети менен кошо бергени, аны тарттырып же алдатып алдырып коюу тарыхый кылмышка тете экени да талашсыз.

… Мамлекекеттин эгемендүүлүгү жагдайында кеп-сөз кеткенде эле индеецтердин: «Биз  туулган жерибизди ата-бабалардан мураска эмес, урпактарыбыздан карызга алганбыз!» деген ташка тамга баскандай накылына кайра-кайра таасирлене бермейим бар.  Мындай накыл улуу элден гана чыгат жана улуу элден чыккан мындай накыл кеп улуу элдердин гана жүрөгүнөн орун табат деп ойлоп коем.

Абдираим Мамытов

 

Окулду 716 жолу