Версия для печати
Понедельник, 27 Август 2018 05:13

Мэр аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн кабар алды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Сулайман-Тоо жана Манас-Ата аймактык кеӊешинин тургундары менен жолугуп, курман айт майрамы менен куттуктап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө эт азыктарды таратты.

Мэр сабырдуулукка жана кайрымдуулукка чакырган майрам өлкөгө өнүгүүнү алып келсин деп тилегин билдирди.

Жалпысынан курмандык чалып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана улгайгандарга таратуу үчүн Ош шаарынын мэриясы аймактык кеӊештерге акча каражатын бөлгөн.

Маалымат үчүн: Ош шаарында 12 аймактык кеӊеш жана Жапалак айыл аймактык башкармалыгы жайгашкан.

Окулду 1008 жолу