Версия для печати
Среда, 05 Сентябрь 2018 07:01

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ - КӨӨНӨ МАДАНИЯТ КӨРСӨТКYЧY

Көчмөндөр  цивилизациясы жалпы адамзат цивилизациясынын дээрлик жарымын түзөт деп айтууга негиз бар. Азыр отурукташып оокат кылган элдердин көпчүлүгүндө көчмөндөрдүн каны бар экени талашсыз. Дүйнөлүк маданиятта көчмөндөр маданиятынын алмаштыргыс орду жана ролу бар. Чолпон-Атада өтүүчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана аларга байланышкан бир катар ирмемдер ошол көөнө маданияттын урунттуу көрсөткүчтөрү катары саналат.

БАРААНДУУБАШТАЛЫШ

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Бул оюндарды өткөрүп туруунун демилгечиси деп Кыргызстан эсептелет. 2012-жылы  түрк тилдүү өлкөлөрдүн  Бишкек шаарында өткөн саммитинде дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ар эки жылда өткөрүп туруу боюнча Казакстан, Азербайжан Республикасы, Түркия Республикасы жана Кыргыз Республикасынын президенттеринин колдору коюлган Бишкек Декларациясы кабыл алынган.

Демилгечи болгондон кийин Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын биринчи болуп Кыргызстан баштап берүүгө тийиш эле. Буга анын үстүнө кыргыздын эӊ байыркы көчмөн элдердин бири болгондугу да милдеттендирип турган.  Көчмөндөр оюндары негизинен  тарыхый көчмөн тектүү элдердин спорттук оюндары боюнча мелдештерден куралат.

Узун тарыхка учкай сереп салганда, бир кезде бүткүл Азия чөлкөмүндө жашаган көчмөндөрдүн баарын» кыргыз» деп атап келишкени белгилүү. Орто кылымдарда Низами «Искандер намесинде», кийинчерээк орустун улуу акыны А.С. Пушкин «Капитан кызы» повестинде, орустун улуу тарыхчысы Н.М. Карамзин «Россия мамлекетинин тарыхы» деген китебинде Урал дарыясынын чыгыш тарабында жашаган элдин баарын «кыргыздар» деп атаган. Бул салтты батыш европалык авторлор да кеӊири колдогон.

 Кыскасы, «кыргыз» этнонимии белгилүү бир уруунун же уруулар бирикмесинин аталышы катары пайда болуп, кийинчерээк Борбордук Азиядагы көпчүлүк түрк тилдүү элдердин жалпы аталышына айланган даӊазалуу да, сыймыктуу да этноним болуп калгандыгын ар бир кыргыз унутпоого тийишпиз.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн Бишкек Декларациясында оюндарды өткөрүүнүн максат-милдеттери төмөнкүчө белгиленген:

- катышуучу-өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөө аркылуу дүйнөнүн көчмөн элдеринин маданиятын сактоо жана кайра жаралтуу;

- көчмөн элдердеги спорттун улуттук түрлөрүн сактоо жана эл аралык аренага алып чыгуу;

- дүйнөдөгү этноспортту өнүктүрүү жана пропагандалоого арналган ишмердүүлүктү жүргүзүүчү мекемелерди колдоого алуу. Оюндарды өткөрүүнүн кошумча максаты катары уюштуруучу-өлкөлөрдүн туристтик потенциалын арттыруу жагы каралган.

Ошентип,Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Кыргыз РЕеспубликасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2014-жылдын 9-14-сентябрында өткөрүлгөн. Көчмөнлөр оюнуна дүйнөнүн  АКШ, Франция, Германия,Бразилия, Швеция, Түштүк Корея,  Россия баш болгон 19 өлкөсүнөн спорттук өкүлдөр , анын ичинде спорттук мелдештерге 583 , маданий программаларга 1 200 адам катышып,  ат оюндарына 230 жылкы тартылган.  Оюндарды сыналгыдан көрсөтүү потенциалдык аудиториясы 230 миллион кишини түзгөн 40 мамлекетти кучагына алган. Мелдештер этноспорттун 10 түрү боюнча өткөрүлүп, 30 комплект  медаль ойнотулган.

ЖАНДУУДЕМИЛГЕЖОЛДОКАЛБАЙТ

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөлүк коомчулуктун активдүү көӊүл борборунан четте калбаганына ошол эле Чолпон-Атада эки жылдан кийин, тактап айтканда 2016-жылдын 3-8-сентябрында болуп өткөн экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары күбө болгону талашсыз. Бул ирет ага катышкан өлкөлөрдүн саны 55ке,  спортчулардын эсеби 1000ге жетти. Мелдештин расмий  программасына спорттун 23 түрү кирди.

Айрым маалымат булактарында экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда салттуу түрдө көчмөн эмес деп эсептелген өлкөлөрдүн спортчуларын кошо эсептегенде,  мелдештерге катышкан өлкөлөрдүн саны 80ден ашкандыгы айтылат. Көчмөндөр оюнун өткөрүүнүн эӊ негизги максаттарынын бири болуп андагы этноспорттук мелдештерди эл аралык аренага алып чыгуу эсептелээрин эске алганда, бул албетте абдан көӊүлгө алып, эске түйөрлүк жылуу жышаан, жакшы жылыш десе болот.

2016-жылкы көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатында жалпы катышуучулар алдында 1000 комузчу бир күүнү бирдей чертип бергени бар. Виртуоздук бул номер Гиннестин рекорддор китебине катталып калганын сыймыктануу менен белгилей кетүү ашыкчалык кылбайт.

ТЕМИРДИКЫЗУУСУНДАСОК!

Yчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюну да дүйнө коомчуулугунун көӊү чордонунда болору калетсиз. Бул оюндардагы этноспорттук мелдештерге 100дөн ашуун өлкөлөрдөн спортчулар катышаары алдын ала айтылган. Төрт өлкөнүн президенттери, бир премьер-министр баш болгон жоон топ сыйлуу коноктор жана албетте, эс алуучулардын, туристтердин калыӊ катмары келүүсү күтүлүүдө.

/чүнчү көчмөндөр оюнун мурдагыларынан да мыкты жана жогорку уюшкандыкта өткөрүүнүн бардык шарттары көрүлгөндүгүн уюштуруу комитети билдирүүдө. Мурдагы оюндардын жүрүшүндө байкалган бардык мүчүлүштүктөр мунусунда эске алынып, андайларга жол бербөөнүн бардык зарыл чаралары иштелип чыгылган. Мисалы, адата спорттук мелдештер негизинен күндүзгү сааттарда өткөрүлгөндүктөн, коноктор кечки эс алууну кантип өткөрүүнү билишпей баштары каткан учурлар болгон. Бул ирет андай көрүнүшкө жол койбоо максатында «Көчмөндөр ааламы» деген аталышта этномаданий фестиваль уюштурулаары маалымдалган. Фестиваль кеӊири иш-чаралардын программасын камтыйт. Фестивалга катышу үчүн уюштуруучулар 80ден ашуун өлкөгө чакыруу жөнөтүшкөн. «Көчмөндөр ааламы» фестивалы Бостери айылында, көгүлтүр Көлдүн жээгиндеги жаӊы курулган амфитеатрда  4- сентябрдан 7-сентябрга чейин күн сайын  саат 20.00дон 22.00го чейин өтүп турат. Бул байыркы гректердикине окшотуп курулган имарат республикадагы белгилүү ишкер жана меценат Аскар Салымбековго таандык болуп, ал фестивалды дал мына ушул жайда өткөрүүнү өзү сунуштаган. Фестивалга катышууга адегенде эле 200  билдирме түшкөнүн уюштуруучулар баса белгилешүүдө.

Чолпон-Атадан бир нече чакырым гана аралыктагы айтылуу Кырчын жайлоосунда этношаарчада жыл башынан бери тынбай кайнаган курулуш иштери жакында эле аягына чыкты. Этношаарчанын театрлаштырылган иш чара өткөрүлүүчү бөлүгүндө «Хан-Ордо» постаменти тургузулуп, анын каршысында бир миӊ кишлик орунга эсептелген трибуна курулган. Этношаарчанын өзгөчө бир жайлуу өӊүрүн этнобазар ээлейт экен. Бул базарга кирүү үчүн  ачылган төрт эшик символикалык мааниге ээ экендиги талашсыз. Уюштуруучулардын айтымында, базар көчмөн элдердин кыргыздык, алтайлык, арабдык,  кытайлык жана европалык маданиятын жуурулуштурууга тийиш. Этнобазардын расмий ачылыш салтанаты 3-сентябрга, саат 16.30га белгиленген. Базар күн сайын өзүнүн  иштеп баштаган убактысын барабан жана улуттук үйлөмө  аспаптардын добуштары менен билдирип тураары   пландаштырылган. Этнобазардын айрым катышуучулары үчүн 300 орун акы төлөөсүз, бекер берилет. Алар өз элинин улуттук буюмдарын, музыкалык аспаптарын жана башкаларын  көргөзмөгө коюуга мүмкүнчүлүк алышат.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк майрамына искусство өкүлдөрү өзгөчө дем менен даярданышканын   аймактар боюнча башкы режиссер Зарылбек Молдобакиров белгилейт. Анын айтымында,  республиканын бардык аймактарынан келген артисттер  кызуу даярдыктты  күч айдан бери көрүп келишти. Көчмөндөр оюнунда алардын күчү менен «Кыргыз Каганат» деген аталыштагы театрлаштырылган көрсөтүү өткөрүлөт. Мындан тышкаары, ар бир облус өз программаларын көрсөтүшүп, ыр-бий, музыка, сынактары менен эл алдына чыгышат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ыӊгай-шартына жараша үчүнчү ирет Кыргызстанда өтүп жатат. Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча Бишкек Декларациясында белгиленген тартипке ылайык, анын мындан кийинки өткөрүлүш кезеги эми башка өлкөгө ыйгарыларын боолголоо кыйын эмес.

 Көчмөн тектүүлөрдүн ичинде да, түрк тектүүлөрдүн арасында да кыргыздын өзүнө гана таандык деп саналган бараандуу орду жана анда ойноп турган манилүү ролу бар экендигине эч ким шек санай албайт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү жагынан кыргыз кудайга шүгүр, сынактан татыктуу өтүүдө. Yчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюну кыргыз улутунун улуулугун арттырып, биримдигин бекемдеп, ынтымагын ашырган манилүү мааракелердин бири болсун деп тилеп калалы.

Абдираим Мамытов

 

Окулду 568 жолу