Версия для печати
Среда, 12 Сентябрь 2018 07:38

КӨЧМӨНДӨР ЖАНА АДАМЗАТ ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ

ЦИВИЛИЗАЦИЯ ЖАНА МАДАНИЯТ

       Көчмөндөр цивилизациясы, көчмөндөр маданияты, адамзат цивилизациясы, дүйнөлүк маданият, дүйнөлүк цивилизация деген кыяздагы түшүнүктөр адатта шарттуу, илимий максаттарда гана колдонулат. Насилинде, бул категориялардын ортосунда бөлүп-ажыратаар, талашып- тартышаарга олуттуу негиз  бере турган жүйөө-жагдайлар деле жок эсеби. Мында тек гана «цивилизация» жана «маданият» деген түшүнүктөрдү салыштырмалуу кыязда бири-биринен бөлүп кароо жетиштүү. Дүйнө коомчулугун көӊүл борбору дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна, анын ичинде  көөнө көчмөн маданиятын алып жүрүүчүлөрдүн  алдыӊкы сабында турган кыргыз элинин маданиятына, салт-санаасына бурулуп турган маалда бул да маанилүү маселе болуп жатканы жашыруун эмес.

   Цивилизация дегенде биз  албетте, коомдук баалуулуктардын жыйындысын түшүнөбүз. Бул-илимий аныктама. Жалпы баалуулуктар ар түрдүү, бирок  салыштырмалуу туруктуурак мүнөзгө ээ болот. Баалуулуктардын айрымдарын түбөлүктүү деп койгон учурлар бар. Адилеттүүлүк, боорукердик, мээримдүүлүк, изгилик, кечиримдүүлүк, сабырдуулук, чынчылдык жана башка сапаттарды адамзат эч бир заманда убактылуу баалуулук деп санаган эмес жана мындан ары деле санабайт болуш керек.

 Ал эми маданият жалпы алганда адамдын күч жана акыл эмгегинин натыйжасы катары каралып, күч эмгеги материалдык маданияттын, акыл эмгеги -руханий маданияттын булагы болуп  эсептелээри белгилүү. Бул өӊүттөн алып караганда, цивилизация менен маданият түшүнүктөрүнүн ортосунда айырмачылыктарга караганда жалпылыктар жана окшоштуктар көбүрөөк басымдуулук  кылып тургансыйт. Маданиятты кеӊ жана тар маанисиндеги түшүнүктөргө бөлүп кароо да ушул факторго байланышкан эмеспи. Эске сала турган бир гана нерсе, маданияттын кеӊ маанисиндеги түшүнүгү жана философиясы  абдан эле сыйымдуу мүнөзгө ээ. Эмгек, өндүрүш маданияты, эс алуу маданияты, жүрүм-турум маданияты, саясый маданият, салт-санаа маданияты, үй-жай тутуу маданияты  жана башкалар болуп созулуп кете берет. Көчмөндөр маданиятына да дал ушундай кененирээк ыӊгайдан көз жүгүртүү максатка ылайык келет десе болот.

Көчмөндөр жана көчмөндөр маданияты  адамзат тарыхында өтө орчундуу жана айрым доорлордо чечүүчү ролдорду ойногондугу маалым.Албетте, чечүүчү деген сөздү ошол доорлордун ыӊгайына, обьективдүү жана субьективдүү мүнөздөрдөгү шарт-кырдаалдарына жараша, шарттуу гана колдонууга мүмкүн. Көчмөндөр адамзаттын тарыхында жалаӊ гана жакшы издерди калтырган деп эч ким так кесе айта албайт жана минтип так кесе айтууга мүмкүн да эмес. Канча майдалаганыбыз менен, тарых  этиштин шарттуу ыӊгайын сүйбөйт эмеспи. Тек гана, көчмөндөр адамзаттын  көптөгөн цивилизациялык баскычтарынын башатында болгондугун баса белгилеп кетүүнүн маалы келип турат.

 УЛУУ КӨЧМӨН АТТИЛА

 Yчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Венгриянын премьер-министринин атайын келип катышуусунун чоо-жайы анын түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитине байкоочу катары келүүсүн  белгилөө менен гана чектелип калбайт. Венгрия мамлекетинин аталышы постсоветтик мейкиндиктеги республикалардын гана басымдуу бөлүгүндө Венгрия бойдон калып келатканы менен, өлкөнүн эл аралык расмий аталышы Хунгария (Гуннгария) экенине баам сала жүргөн жакшы. Тарыхый эс-тутум үчүн  деле бул  баалуу нерсе. Гунн дөөлөтүнүн атагы таш жарган башчысы Аттилланы кимдер билбейт. Россиянын белгилүү дарыясы Волга тарыхый аталышта Итиль деп жазылат. Уралдын ары жагы Эдил жайык деп аталат. Кыргыздар Аттиланы Эдил баатыр  деп коюшат. Итиль түпкүлүгүндө Итуул деген маанини берээри тилчи-филологдорго маалым. Айтылуу Аттила өз туусуна кадимки карышкырдын сүрөтүн түшүргөн экен. Ал доорлордо гунндарга карышкыр менен  иттин айырмасы анча деле чоӊ мааниге ээ болбогон сыягы. Азыр эми, өлкөгө ата-бабалары коюп кеткен ысымды тарыхтан өчүрбөй алып жүргөн, мамлекетти улам арылап өстүрүп-өнүктүрүү жолунда башкалардан эч кем калбаган арым менен кадам таштап бараткан венгерлерге  рахмат.

 Анан калса гунндар кыргыздын этногенезисинде башка түрк тилдүү этносторго салыштырмалуу орчундуу жана негизги орундардын сап башында, башкача айтканда бир-эки  ата жакын тураарын белгилүү түркологдор  илимий жактан илгертеден бери  эле белгилеп келишет. Кыргыздын түпкү аталарынын бири катары айтылуу Моде хандын ысымын атагандар да жок эмес. Бул жагдайда азыркынын гуннологдорунун бири Бекбалаевдин арып-чарчабаган активдүү аракеттерин баса белгилеп кетүү зарыл.

Бекбалаевдин гунндар жагдыйындагы илимий макалаларында негизги басым Аттилланын Европага, анын ичинен ириде Рим империясына тийгизип турган таасирине жасалат. Тарыхтан  маалым болгондой,  биздин замандын 4-6-кылымдарын өз ичине камтыган мезгил Элдердин Улуу көчү деген атка конгону менен белгилүү. Элдердин бул Улуу көчүн Аттила баатырдын жетегиндеги гунндардын Европага карай жылуусу жана согуштук жапырыгы менен башталган жана гундар бул Улуу көчтө таасирдүү күч  болуп, олуттуу роль ойногон. Гунндадын жапырыгы Батыш Европага чейин жетип, Аттила атынын башын азыркы Франциянын аймагындагы Каталаун талаасында 451-жылы болуп өткөн Рим империясынын готтор менен бириккен армиясына каршы айыгышкан салгылашуусунан кийин гана артка бурган. Бирок, гунндар күч-кубаттуулугун сактап кала беришкен. Бир жылдан кийин Аттиланын жоокерлери Римге келип, бирок шаарды курчоого алуу жолу менен багындыруудан баш тарткан. Айтымда, аны бул кадамга Римдик папанын шаарды басып алсаӊ, Кудайдын каргышына каласыӊ кыязындагы эскертүүсү түрткөн. Бирок, Рим императору Аттилага ири өлчөмдө салык төлөп турууга милдеттендирилген.  Айрым булактарда  Европага христиан дининдеги крест белгисин гунндар киргизген деген талаш-тартыштан кур эмес маалыматтар да кездеше калып жүрөт. Буга Аттила ага чейин эле христиан динин кабыл алгандыгы да кайсыл бир даражада түрткү берген шекилденет.

Кандай болгондо да, тарыхчылар Элдердин Аттила баштаган Улуу көчүн Рим империясынын кыйроо процессинин жана Батыш европалык жаӊы цивилизациялардын пайда болушунун башталышы катары белгилеп келатышат.

БААЛУУЛУКТАР ЭСКИРБЕЙТ, МАДАНИЯТ ӨНYГӨТ

   Тарыхта түбү көчмөн этностор көп кездешет. Гунндардан башка сактар, усундар, сарматтар, массагеттер, аварлар, түргөштөр, карлуктар, тохарлар, динлиндер жана башка көчмөн уруу бирикмелеринин аттары аталат. Көчмөндөр өзүнүн көчүп-конуу формасына жараша горизонталдык жана вертикалдык деп да бөлүнүшөөрү айтылат. Биринчи айтылганы көбүнчө талаа көчмөндөрүнө, экинчиси-кыргыз сыяктуу тоолук көчмөндөргө тиешелүү десе болот. Горизонталдык дегени жайыттан жайытка (өрөөндөн өрөөнгө) көчүүнү, ал эми вертикалдык дегени жайыттан (тоодон)  кыштоого (өрөөнгө) көчүп-конууну түшүндүрөт. Жогорудагы жана аттары аталбай калган көчмөн элдердин көпчүлүгү тарыхый өнүгүүнүн шарт-кырдаалдарына жараша, тарых барактарында гана жашап калуу тагдырына туш болушканы албетте өкүнүчтүү. Бирок, алардын маданияты башка тектеш элдерге өздөрү менен кошо ассимиляцияланып кеткени да талашсыз.

Кыргыздардын байыркы ата журту көчмөн мал чарбачылыгын жүргүзүүгө, кандайдыр бир даражада дыйканчылык менен кесиптенүүгө, кол өнөрчүлүктүн түрүн өнүктүрүүгө (темир иштетүү, кийиз жасоо, өрмөчүлүк, оймочулук ж.б.)  аӊ улоочулук кесиптин, аскердик өнөрдүн жана оюн-зооктун өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн берекелүү жайлардын бири болгон. Көчмөн кыргыздын дүйнөлүк белгилүү тарыхчылардын сөзү менен айтканда, «жылдыздуу сааты» тогузунчу кылымда 80 жыл өмүр сүргөн Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн учурунда  келгендигин бүгүн айрыкча баса белгилегибиз келет.Ошол доордо кыргыздар Борбордук Азиянын байыркы тайпаларынын ичинде сан жагынан  уйгурлардан кийинки экинчи орунда турганы эле көп нерседен кабар берет. Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн бийлиги кытай маалыматтарында так белгиленген. Тактап айтканда, кыргыз мамлекетинин бийлиги чыгыштан батышка карай-Чыгыш Монголиядан тартып Ысык-Көл менен Жети-Сууга чейинки, түндүктөн түштүккө карай Сибирь тайгасынан Улуу Кытай дубалына чейинки эбегейсиз зор мейкиндикке тараган. Байыркы талаа салтына ылайык, Каӊгайды ээлеген калк бардык көчмөн элдердин формалдуу ээси катары эсептелген. Мындай дөөлөттөрдү (империяны) өз заманында гунндар, жуан-жуандар (аварлар, түрктөр, кыпчактар (сеяньто), уйгурлар, кийинчерээк монголдор түзүшкөн. Уйгур хандыгы кыргыздар тарабынан тыптыйпыл талкалангандан кийин уйгурлар көчмөндүктөн отурукташкан турмушка өтүп, дыйканчылык менен алектене башташкан.

Абдираим Мамытов

 

Окулду 2766 жолу