Версия для печати
Среда, 12 Сентябрь 2018 07:58

Өлкө желегин желбиреткен өспүрүмдөр

Тажикстанда 28-29 - август күндөрү 17 жашка чейинки спортчулар арасында эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтүп, мелдешке Кыргызстандын атынан кара-суулук 7 өспүрүм спортчу барган. Жыйынтыгында жаш спортчулар жакшы жыйынтык көрсөтүп, 9 медаль менен кайтышкан.

Ахмедов Давуд, жаш спортчу, 15 жашта:

«Жеӊиштин даамын татуу бир топ машыгууну талап кылат»

- Спорттун эркин күрөш түрү менен эки жылдан бери машыгам. Бул жердеги балдар машыктыруучубуз Марип Турдуевге рахмат айтышыбыз керек. Жеӊиштин даамын татуу бир топ машыгууну талап кылат. Турнирге чейин тынымсыз машыгууну өткөрүп, медаль тагынышыбызды бизден да күчтүү эӊсеген инсан дал ушул машыктыруучубуз. Жалпы спортчулардын атынан рахмат айткым келет. Түнү түн дебей, күнү күн дебей машинеси менен бизди алып барып келди. 55кг. салмак арасында күрөштө үчүнчү орунду алдым. Буюрса, мыкты спортчу болом деп максат кылып турам.

Юсупов Абдурахман, жаш спортчу:

«Спортту эч качан таштабайм»

-  41кг. салмак арасында күрөштүм. Бул алган сыйлыктардын биринчилери эмес. Буга чейин да көптөгөн өлкөлөргө чыктык, көптөгөн сыйлыктарга ээ болдук. Мен спортту эч качан таштабайм. Келечекте мыкты спортчу болуп, өлкөм үчүн далай ийгиликтерди багындырсам дейм. Мелдештерге барганда жакшы көӊүл бурулууда. Бардык шарттар түзүлүп, алган сыйлыктарыбыз үчүн ыраазычылыктарын билдиришүүдө. Бул нерсе биздин спортко болгон кызыгуубузду арттырат.

Инамжанов Мухаммедриза, жаш спортчу, 12 жашта:

«Олимпиадаларда Кыргызстандын желегин желбиретким келет»

- Эркин күрөш боюнча машыга баштаганыма быйыл 3 жыл болот. Машыктыруучум Марип Турдуев Тажикстанда өткөн турнирге да өзү алып барып келди. Дайыма жаныбызда болду. Мелдеште эки салмакта күч сынаштым. Биринчи 26 кг. салмак арасында алтын медаль, 29 кг. салмак арасында коло медаль тагындым. Бул биринчи жараткан ийгиликтерибиз эмес, буга чейин да көптөгөн ийгиликтерди жараттык. Буюрса, алдыда да көп мелдештерге катышып, көп медаль тагынабыз.

Кара-Суу райондук дене  тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Заирбек Эшмаматов:

«Эгемендүүлүк күнүнө белек болду»

- Yстүбүздөгү жыл региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Буга ылайык биздин район спорттук иш чараларды байма-бай өткөрүп келүүдө жана жаӊыдан өсүп келе жаткан жаш спортчуларга жакшы көӊүл бурууда. Келечекте өлкөнүн желегин дүйнөгө таанытуучу мыкты спортчуларды тарбиялоого бел байлап, спортко кызыккан жаш өспүрүмдөрдү машыктыруудабыз. Мындан сырткары спорт залда машыккан жаш спортчуларды чет жакка алып чыгып, ар кандай турнирлерден калтырбай катыштыруудабыз. Мындай иш-аракеттерибиз текке кетпей, жакшы жыйынтык менен кайткан спортчулардын саны арбын.

28-29- август күндөрү Тажикстандын Душанбе шаарында 17 жашка чейинки спортчулар арасында эркин күрөш боюнча өткөн турнирине биздин өлкөнүн атынан 7 бала барган. Алардын бешөө бирден медаль утса, экөөсү экиден төрт медаль утуп жыйынтыгында жалпы 9, 4 алтын, 2 күмүш, 3 коло медаль менен кайтышты. Бул жакшы көрсөткүч, өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүнө карата белек болду. Мындан ары да жаш спортчуларды тарбиялап, эл аралык мелдештерге катыштырууну улантабыз. 

Ибрагимов Самин, жаш спортчу, 14 жашта:

«Спорт зал менин экинчи үйүм»

-  Тажикстанда үч мамлекеттин - Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын спортчулары беттештик. Жалпысынан мелдеш курч өттү. Бизге шарт түзүп берген машыктыруучубузга рахмат. Зал менин экинчи үйүм болуп калды. Сабактан чыгып эле машыгууга чуркайбыз. Спортко келишиме ата-энемдин салымы чоӊ. Керексиз оюндарга алаксыгандын ордуна залга келип машыкканыбыз жакшы. Муну машыктыруучубуз да дайым эскертип турат. Келечекте олимпиадада ойноп чемпион болгум келет. 

Апсаитов Захид, жаш спортчу, 12 жашта:

«Президентке рахмат…»

- Тажикстанга барып эки салмакта мелдештим. 26кг. салмак арасында үчүнчү орун, 29 кг. салмак арасында биринчи орунду алдым. Мелдеш аябай кызыктуу болду. Ал жактын спортчулары бизге салыштырмалуу күчтүү экени байкалды. Ошого карабай жеӊебиз деген максат менен ойнодук. Кудайга шүгүр, максатыбызга жеттик. Спорчуларды колдоп, жакшы көӊүл бурганы үчүн президентибизге рахмат. Анан ата-энеме рахмат айтам, кичинекейимден спортко берип, ийгиликтерди багынтышыма себепчи болгондору үчүн.

Билал Шарип уулу, жаш спортчу, 13 жашта:

«8 жылдан бери спорт залдамын»

- Мелдешке жалпысынан жети бала барып келдик. Мен 38 кг. салмак арасында биринчи орунду алдым. Ата-энем беш жашымдан эле спортко кызыктырып спорт залга беришкен. Сегиз жылдан бери спорт  залдамын. Ушул боюнча спортту таштабайм. Кыргызстанды ушул тармак менен дүйнөгө таанытсам дейм. Машыктыруучубуз Марип агайга рахмат айткым келет. Агайыбыз бардык күчүн, эмгегин аябай бизди дайым машыктырып келет.

Бактыгүл Калдарбай кызы

 

Окулду 1161 жолу