Версия для печати
Среда, 12 Сентябрь 2018 08:08

Экс-президент Р. Отунбаева ОГПИде

10-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын экс-президенти, БУУнун жогорку деӊгээлдеги кеӊешчилер комиссиясынын мүчөсү жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» аттуу эл аралык коомдук фондунун төрайымы Роза Отунбаева Ош шаарында иш сапар менен болуп, анын алкагында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун окуу имараттары менен жакындан таанышып, окуу жайдын окутуучулук-профессордук курамы жана студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда Р.Отунбаева куттуу окуу жайга конок болгонун кубануу менен белгилеп, иш чаранын катышуучуларына, билим берүү тармагынын дүйнөдөгү заманбап көрүнүштөрү жөнүндө лекция окуду. Ошондой эле жамааттын жана студенттердин суроолоруна жооп берип, жаштарга өзүнүн бир топ кеӊештерин берүү менен ааламдашуу доорунда замандан артта калбай, масштабдуу ой жүгүртүп жашоого чакырып өттү.

Эскерте кетсек, «Роза Отунбаеванын демилгеси» аттуу эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп келген “Жайлоо өнүктүрүү борборлору” долбоорунун негизинде ишке ашып жаткан мектепке чейинки билим берүү багытындагы жайкы лагерлерде ОГПИнин эмгек жамааты активдүү иш алып барып келет.

Окулду 506 жолу