Версия для печати
Четверг, 20 Сентябрь 2018 04:09

“Өз бизнесиӊди башта” долбоору тегерек стол уюштурду

11-сентябрь күнү Ош шаарында “Кыргызстандын түштүгүндөгү социалдык педагогдордун союзунун өкүлчүлүгү” (ППСЮК) коомдук бирикмесинин “Өз бизнесиӊди башта” долбоорунун жыйынтыктоочу тегерек столу болуп өттү. Иш чарага Ош шаарындагы мамлекеттик түзүмдөрдүн, аймактык кеӊештердин жооптуу өкүлдөрү жана жеке ишкерлер катышты. Катышуучулар долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгын жана турмуштук кыйын кырдаалга кабылган жаштарды мындан ары да колдоо, иш баштап кетишине мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү туурасында талкуулашты.

Аталган коомдук бирикме бул долбоордун алкагында АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин демократиялык комиссиясынын каржылык колдоосу астында бир жыл бою жаштарды бизнес-пландоого окутуп келди.

Тренингге катышуу үчүн алгач Ош шаарындагы 13 аймактык кеӊештен бизнес баштай турган курактагы жаштар атайын анкетанын негизинде тандалып алынды.

Программанын тренер-консультанты Улан Камчиевдин айтуусу боюнча окутуунун негизги максаты - жумушсуздукту жоюуга көмөк көрсөтүү үчүн жаштардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү. Ал эми окутуудан соӊ ар бир катышуучу өзүнүн бизнес-планын ишке ашырууга даяр болуш керек.

Иш чаранын уюштуруучулары «ППСЮК» коомдук бирикмеси, Ош шаардык мэриясынын алдындагы бизнес чөйрөнү өнүктүрүү жана тышкы байланыштарды өнүктүрүү агенттиги жана Ош-ЖИА бизнес ассоциациясы.

Долбоордун координатору Өлмаскан Жумашеванын билдиришинче, тренингдин катышуучулары окутуунун жүрүшүндө бири-бири менен тажрыйба алмашып, өз идеялары менен теӊ бөлүштү. Ал эми 6-сентябрда өткөн бизнес-жолугушууда Салык кызматкерлери менен социалдык фонддун өкүлдөрү жеке ишкерлер иш баштоо үчүн кандай документтерди даярдоолору керектигин түшүндүрүп беришти.

Масим Турсунбекова

 

Окулду 1109 жолу