Версия для печати
Четверг, 20 Сентябрь 2018 08:23

“Кулунчак” бала бакчасына шаар мэри жардам көрсөтөт

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 19-сентябрь күнү №55 “Кулунчак” балдар бакчасына күтүүсүздөн барды. Аталган бала бакчада учурда 346 бала тарбияланат. Калаа башчысы бөбөктөр менен баарлашып, бала бакчанын абалын көрдү. Бала бакчанын эски алмаштырылбай калган терезесинин ордуна пластикалык терезе коюлууга муктаж экенин көрүп, шаар мэри 40 миӊ сом каражат бөлө турганын айтты.

Калаа башчысы балдарга аяр мамиле кылып, тарбиясына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Бала бакчада учурда 9 тайпа бар, жалпысынан 35 кызматкер эмгектенет.

Балдар үчүн уктоочу, ойноочу бөлмөлөрдө, ашканасында толук шарт түзүлгөн.

Окулду 775 жолу