Версия для печати
Четверг, 20 Сентябрь 2018 08:26

Бакчадан оозу көгөрүп келген бала

Ош шаарынын тургуну бала бакчага барган уулунун оозу көгөрүп келгенин айтып, милиция кызматкерлерине кайрылган. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан Замир Сыдыков билдиргендей мындай кайрылуу 25-августта түшкөн. 

«Кайнак суюктукка күйгөн деген жыйынтык чыгарылды»

- 25-августта Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Соттук-медициналык экспертизанын алгачкы корутундусу чыккан. Анда баланын денесине жеңил залал келтирилген деген тыянак берилген. Бирок жабыркадык деген тараптын жактоочусу оор залал келген деп, кайрадан соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Кайрадан жүргүзүлгөн медициналык экспертизанын жыйынтыгы баланын оозу кайнак суюктукка күйдү деген тыянак чыгарып берди. Учурда бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. 

Бакчага барган баланын жашы төрттө. Ал шаардагы №48 «Гүлдесте» балдар бакчасында тарбияланат.

Окулду 963 жолу