Версия для печати
Среда, 26 Сентябрь 2018 03:10

МАМЛЕКЕТТИК МААРАКЕЛЕРГЕ МОРАТОРИЙ КЕРЕКПИ?

Акыркы маалдарда өлкө коомчулугунда мамлекеттик масштабдагы ар түрдүү маараке-салтанаттарды өткөрүүгө карата ар кыл ой-пикирлер айтылып, мамлекеттик андай мааракелердин санын жана масштабын чектөө, ал турсун белгилүү бир убакытка чейин андай мааракелерге мораторий жарыялай туруу сунуштары да киргизилүүдө.

МААРАКЕ КӨБӨЙСӨ, МААНИСИ АЗАЯТ

    13-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында ЖКнын депутаты Акылбек Жамангулов 2018-жылы мамлекеттик 105 той өтөөрүн айтып, аны сынга алганы бар. Анын айтымында, үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюну, Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси сыяктуу иш чаралар жакшы нерсе. Бирок, анчалык мааниге ээ болбосо деле мамлекеттик деӊгээлде өткөрүлүп жаткан жана алдыда дагы өткөрүлүүсүн күтүп жаткан той-аштар ашкере көбөйүп кеткен.

«Менимче, маанилүү иш чараларга таптакыр эле тыюу салуу жарабайт. Өлкөнүн келечегин ойлосок, мамлекеттик деӊгээлдеги бирин-экин иш чараны бекитип берели да, калганына жок дегенде 5 жылга чейин мораторий жарыялайлы.  Быйыл мамлекеттик 105 той каралыптыр. Ар бирин 2 миллион сомдон эсептесеӊиздер да көп сумма кетет. Быйыл Сузактын 100 жылдыгы, Лейлектин 90 жылдыгы жана башка мааракелер каралыптыр. Өкмөт бул маселени иликтеп, өз сунушун бериш керек» ,-дейт Жамангулов.

Эске сала кетсек, буга чейин эле Жогорку Кеӊештин дагы бир депутаты Жылдыз Мусабекова мамлекеттин эсебинен каржылана турган мааракелерди кыскартуу зарылдыгын айтып чыккан. Ал залкар инсандардын эмгегин кийинки муундарга жеткирүү жакшы экенин, бирок сөзсүз эле мамлекеттин эсебинен дүӊгүрөтүп той берүү шарт эместигин баса белгилеген. «Бул эмне деген шумдук? Ар бир тойду эки миллион сомдон эле санап көрүӊүздөр. Балыкчынын 120. Нарындын 150, Кызыл-Кыянын 120, Сузактын 100,  Базар-Коргондун 100, Аксы менен Лейлектин 90 жылдыгы. Ар бир маараке мамлекеттик, жергиликтүү бюджеттен бир топ чыгым, ресурстарды талап кылат. Өкмөттүн, премьер-министрдин эрки болуп, тойлорго 5 жылга мораторий киргизбейлиби?» деп суроо койгон. Демек, кеп мааракенин санында эмес, сапатында жана малекеттик маанисинде жатат окшойт.

ЗАРЫЛ ЖАНА ЗАРЫЛ ЭМЕС  МААРАКЕЛЕР

    Мамлекеттик бюджеттен чыгымдалуучу маараке-салтанаттар буга чейин эле болуп келген жана мындан кийин болбойт деп баса белгилөө кесирдик болоор. Мамлекеттик деӊгээлдеги мааракелерге карата зарылдык деген түшүнүктү алганда, ал  ириде жалпы улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыктардын жыйындысы же белгилүү бир тобу шарттаган кырдаалды туюнтуп тураары белгилүү. Мындай маанайдагы мамлекеттик мааракелер жана алардын алкагындагы эсте каларлык иш чараларды өткөрүү жагы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн алгачкы кезеӊдеринде аябай зарыл болгону талашсыз.

 Алсак, 1995-жыл Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен өлкө аймагында «Манас» эпосунун бүткүл элдик мааракесинин, ал эми БУУ жана ЮНЕСКОнун чечими менен «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөнүн эл аралык жылы деп жарыяланган. Бул мааракеге дээрлик 80 өлкөдөн мейман келип, 8 өлкөнүн президенттери, 6 мамлекеттин премьер-министрлери куттукташкан. Мааракенин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусу өткөрүлүп, атайын Бишкек декларациясы, ошондой эле «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого байланыштуу, түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын өз өлкөлөрүнүн элдерине кайрылуусу кабыл алынган. Анда «Манас» эпосунун жалпы адамзаттык идеяларды интерациялаштыруучу ролу мындан ары да өсөөрү баса белгиленген.

Кыргыздын жалпы улуттук кызыкчылыктарынын алкагынан алып караганда,  2000-жылдын октябрында ЮНЕСКОнун колдоосу менен Ош шаарынын 3 миӊ жылдык мааракесинин белгилениши да зор мааниге ээ болгон. Салтанат учурунда президент А.Акаев Ош шаарына экинчи борбор статусун берүү жөнүндөгү жарлыгын чыгарганы улутка өзгөчө дем берип, шык жараткан. Ага улай эле Ош шаарын келечекте өнүктүрүү багыттары иштелип чыгылган. 5 жыл ичинде Тарых музейинин, телеборбордун жаӊы имараттары жана башка бир катар обьектилер курулган. Кыргызстандын экинчи-Түштүк борбору катары Ош шаары бүгүн ошол күүсүнөн тайбай өсүп-өнүгүп келе жатат.

Эгемендүүлүктүн алгачкы доорлорунда элдин жана эл аралык уюмдардын кеӊири колдоп-кубаттоосунун шартында белгиленген мааракелерге 2002-жылы Бишкекте жана Ошто өткөрүлгөн Глобалдуу тоо саммити, 2003-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын чечимине ылайык өткөрүлгөн Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы да кирет. Аталган мамлекеттик мааракелер жана алардын алкагындагы  иш чаралар өз мезгилинин зарылдыгына жараша өткөрүлгөнүн жана ошого ылайык элдин эсинде калганын танууга болбойт.

КӨРПӨГӨ ЖАНА…КӨРӨӉГӨГӨ КАРАП БУТ СУНУУ

   Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова ЖК депутаты А.Жамангуловдун сунушуна кошулганы менен, ар бир салтанаттын өзүнүн маанилүүлүгүн белгилейт. Анын айтымында, айрым той-мааракелер жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен өтөт. «Быйылкы жылга каралган мамлекеттик саамалыктар бюджеттен, эки-үч булактардан жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланат. Ар бир окуяны өзүнчө караш керек. Депутаттын сунушу жаман сунуш эмес. Өкмөт деле айрымдарын кыскартып, маанилүүлөргө көӊүл бурууда» деп белгилеген вице-премьер жакында эле өткөн үчүнчү көчмөндөр оюндарына мамлекеттик бюджеттен 307, 2 миллион сом бөлүнгөнүн, ал эми Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөгө 82 миллион сом каралганын кошумчалай кетти.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушевдин ою боюнча, маданий иш чараларды мекеме, облус жана райондун деӊгээлинде өткөрүү туура болот. Мамлекет андай саамалыктарга материалдык эмес, моралдык жактан эле жардам көрсөтсө болот.

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевдин бул жааттагы пикири көӊүлдү бурбай койбойт.Ал эл аралык деӊгээлдеги окуяларды белгилеп, калган иш чараларга китеп чыгаруу менен чектелүүнү сунуштайт. Анын пикиринде, той-мааракелерге көп каражат жумшалганы менен, эсте эч нерсе калбай жатат. «Мисалы, «Манастын» миӊ жылдыгында чоӊдор ичип-жеп эле кеткен. Андан эки китеп эле эсте калды. Чоӊдорубуз өздөрү той өткөргөндү жакшы көрөт» дейт ал.

Жогорудагылардын пикирлери ар кайсы ойлорго жетелээри жана акыр түбү ар кандай бүтүмдөргө алып келээри да бышык. Мисалы, тигил же бул шаар жана райондун баланча жылдык мааракеси жалпы улуттун кандай кызыкчылыгына кызмат кыларын так айткан жан барбы? Бул биринчиден. Экинчиден, ошондой аш-тойлор демөөрчүлөрдүн жеке чөнтөктөрүнөн каржыланат деген сөз насилинде туурабы? Элдин баарынан эле демдүү, эӊ негизгиси,  ак ниет жана таза демөөрчү же башкача айтканда белгилүү бир ишкер чыга калат деп ойлоодон алысыраак болгон жакшы. Анан калса, сөз мамлекеттин казынасы жөнүндө болуп жаткандан кийин,  мамлекеттик бюджет мамлекеттин байлыгы болуп эсептелсе, демек ал байлыкка белгилүү салымын кошуп жаткан ишкер да мамлекеттин байлыгы деп да эсептелүүгө тийиш. Yчүнчүдөн,  ошол аш-тойлорго демөөрчүлөр тарабынан кошулган салымдардын так эсеби кандай жүргүзүлөөрү адатта  сыр бойдон эле калып келатат. Бул албетте мамлекеттик чиновниктерди, баарын болбосо да айрымдарын  коррупциялык кылмыштуу  аракеттерге түртпөй койбойт деп айтууга негиз берет. Бешинчиден, мындай мааракелер айланып-тегеренип келип эле жергиликтүү болобу же мамлекеттикпи, иши кылып бюджеттен айлык акы алгандарга жүк болбойт деп эч ким батыл айта албайт. Бюджеттин көзүн карагандар, мисалы мугалим, медицина кызматкерлеринен кандайдыр бир жолдор менен белгилүү бир өлчөмдөгү акча каражатын которуп берүүгө баары бир аргасыз болушат. Мындай учурлар эзелтеден эле болуп келген жана эл башкаруучулардын саясый маданияты жогоруламайынча, мындан кийин деле улана берээри бышык. Топчубек Тургуналиев жогоруда «чоӊдорубуз өздөрү той өткөргөндү жакшы көрүшөт» деп бекер айтып жаткан жок.

Абдираим Мамытов

 

Окулду 543 жолу