1-октябрда Ош шаарынын мэрии Таалайбек Сарыбашов “Боорукердик” үй интернатында жашаган карылардан жана жүз жаштан ашкан Касиет Жолдошевадан кабар алды.
Мэр Таалайбек Сарыбашов ата-энесин кароосуз калтырган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алдын алуу иш аракеттери жүрүп жаткандыгын белгилеп, ал эми такыр мүмкүнчүлүгү жок кары-картаӊдар учурда жатак интернатында экендигин билдирди.
“Жылына жергиликтүү бюджеттен “Боорукердик” үй интернатына 7,5 млн. сом акча каражаты бөлүнөт. Жалпысынан 23 кары-картаӊдар жашап, 28 өспүрүм тарбияланып келет. Бөлүнгөн акча каражаты алардын тамак ашына, ден соолугуна камкөрүү багытына жумшалат. Мындан тышкары, айрым коомдук уюмдар, кайрымдуу жарандар, жаштар кабар алып турушат. Бүгүн да бул жактагы ата-апалардан кабар алып, баарлашып, белектерди, таттууларды тапшырып жатабыз”, - деди Т.Сарыбашов.
Жалпысынан 1-октябрь карылар күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 200 миӊ сом акча каражаты бөлүнгөн. Белгилей кетсек, жашы улгайган, жардамга муктаж 145ге жакын ата-апаларга жардам берилди.
Толугу менен...