Версия для печати
Четверг, 04 Октябрь 2018 04:34

Жаштар парламенти карылардан кабар алды

1-октябрь - карылар күнүнө карата Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитеттин алдында түзүлгөн жаштар парламенти «Боорукердик» үй-интернатына барышып, карылардан кабар алды. Жаштар эки топко бөлүнүп, биринчи бөлүгү «Боорукердик үйүнүн» сырт жагын тазалап, сырдап беришсе, экинчи тобу өздөрү акча чогултуп азык-түлүк алып барышты. Жаштарга ыраазы болгон карылар ак баталарын беришип, чын дилден алкашты.

 

Окулду 1079 жолу