Версия для печати
Понедельник, 22 Октябрь 2018 03:15

Эл өкүлү Абдывахап Нурбаев демилгелеген өспүрүмдөр чыгармачылыгы боюнча конкурс

«РухЭш» сайты республикалык мектеп окуучулары арасында дилбаян жазуу боюнча чыгармачылык конкурс жарыялайт.

Конкурстун максаты - өспүрүмдөрдүн көркөм ой толгоо жөндөмүн арттырып, жеткинчек муунду өз эне тилибизде тили жатык, ою жетик дилбаян жазууга шыктандыруу.

Конкурстун шарты:

Бул конкурска 8-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары республиканын бардык аймактары боюнча катыша алышат. Дилбаяндын негизги темасы: «Айтматовдун мен окуган чыгармасы».

Конкурска жөнөтүлгөн дилбаяндарды кабыл алуу – конкурс жарыяланган күндөн баштап, 2019-жылдын 10-майына чейин жүргүзүлөт жана бул конкурс жыл сайын салттуу түрдө улантылат. Өзүнүн чыгармачылык жөндөмүн арттырууну каалаган улан-кыздар «Айтматовдун мен окуган чыгармасы» аттуу дилбаянын «РухЭш» сайтынын ruheshsaity@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүүгө тийиш.

Аталган конкурстун жеӊүүчүлөрү окуу жылдын соӊуна карата (2019-жылдын) аныкталат жана ар бир жеӊүүчүнүн аты-жөнү ЭлТР каналынын түз обосу аркылуу жарыяланат. Андыктан ар бир дилбаяндын автору өзүнүн аты-жөнүн жана өзү окуган мектеби, жашаган аймагы туурасында так маалыматты жөнөтүүгө тийиш. Конкурстун калыстар курамы улан-кыздардын ар биринин көркөм ой жүгүртүү жөндөмүнө жана фантазиясына көӊүл бурат.

Эскертүү: Ар бир автордун эки барактан ашпаган дилбаяны 4А\12-арип көлөмүндөгү Word форматында гана кабыл алынат, кол жазма түрүндө жөнөтүлгөн дилбаяндар кабыл алынбайт. Дилбаяндын мазмунунда Чыӊгыз Айтматовдун өмүр баянын кошумчалоонун кажети жок. Ар бир мектеп окуучусу «Айтматовдун мен окуган чыгармасы» аттуу теманын тегерегинде гана өзүнүн ой өрүшүн ачып берүүгө тийиш.

 

Байге фонду 50 000 (элүү миӊ) сом

 

1-байге – 7 000 (жети миӊ) сом

2-байге – 6 000 (алты миӊ) сом

3-байге – 5 000 (беш миӊ) сом

4-байге – 4 000 (төрт миӊ) сом

5-байге – 3 000 (үч миӊ) сом

6-байге – 2 000 (эки миӊ) сом

7-байге – 1 000 (бир миӊ) сом

Кызыктыруучу байгелер үчүн 12 000 (он эки миӊ) сом каралат.

 

P.S. Урматтуу ата-энелерден жана мугалимдерден суранаарыбыз: уул-кызыӊыздын же окуучуӊуздун өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмүн арттырууну кааласаӊыз, анын дилбаян жазуусуна көмөк көрсөтүүдөн алыс болуӊуз. Арийне, уул же кызыӊыздын, же өз окуучуӊуздун чыгармачылык жөндөмүн сыноону кааласаӊыз, сиз тек гана аталган конкурска кайдыгер карабай, конкурстун шартын түшүндүрүп берүүгө гана жардам бергениӊиз жетиштүү!

Калыстар курамы:

 

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ

Жалалидин Жээнбай — Бириккен Араб Эмирлигинин биринчи президенти Зайд ибн Султан ал-Нахайяна атындагы университеттин доценти.

 

Абдыкерим МУРАТОВ

Абдыкерим Муратов -жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы. И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын профессору.

 

 Дүйшөн ШАМАТОВ

Дүйшөн Шаматов – Билим берүү илиминин доктору, Казакстандын Астана шаарындагы Назарбаев университетинин мугалими.

Жетиген Асанбек – «РухЭш» сайтынын шеф-редактору, котормочу жана мугалим.

 

Жетиген АСАНБЕК

 Бул конкурстун демилгечиси жана демөөрчүсү Жогорку Кеӊештин депутаты Абдывахап Нурбаевге «РухЭш» сайтынын чыгармачыл жамааты тереӊ ыраазычылык билдирет!

Окулду 889 жолу