Версия для печати
Понедельник, 22 Октябрь 2018 03:39

«Сулайман Тоо» музей комплексинде…

Ош шаарынын көркү да, байлыгы да болгон «Сулайман Тоо» улуттук тарыхый - археологиялык музей комплексине саякат кылдык. 

33 миӊден ашуун экспонат бар

«Сулайман Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси өлкөдөгү эӊ ири музейлердин бири. Кыргыз элинин, улуттун сыймыгы болгон баалуу тарыхый жана маданий эстеликтер сакталган музейдин өнүгүү тарыхында бир нече жолу аты өзгөргөн:

1949-1978-жылдар Ош облустук аймак таануу музейи;

1978-1982-жылдары Ош облустук тарыхый-маданий музейи;

1982-жылы-2004-жылдары Оштогу бириккен тарыхый-маданий музей коругу;

2004-жылдын 10-апрелинен тарта «Сулайман Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси аталып келет. 2019-жылы 70 жылдыгын жана ЮНЕСКОнун материлдык баалуулуктар тизмесине катталгандыгынын 10 жылдыгын белгилейт.

Музейде жалпысынан 33 миӊден ашуун экспонаттар топтолгон.  Алардын 6694 археологиялык, 3702 этнографиялык, 19852 документтер жана сүрөттөр, 1196 кол өнөрчүлүк буюмдары, живопись, скульптура, графикаларды камтыйт. Булардын эки жарым миӊден ашууну атайын көргөзмө залына коюлган. Музей кызматкерлеринин айтымында, жылына толукталып жаткан экспонаттар көрүүгө келген адамдын санынын өсүүсүнө өбөлгө болууда.

Музейге баш бакканда эле сол жагында Кыргызстандагы корукка алынган жерлердин элестерине, анда жашаган жаныбарларга көз урунат. Оӊ жагынан кыргыз тарыхын таш доорунан баштап бүгүнкү күнгө чейин чагылдырган түрдүү экспонаттарды көрүүгө болот.

Султанбек Абдыракманов, «Сулайман Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору:

«Баалуу экспонаттар табылды»

- Быйыл музейге келген экпонаттардын өзгөчөлүгү алардын баалуулугунда болду. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Суу айылынан баалуу экспонаттар табылып, музейдин фондуна өткөрүлүп берилди. Алар беш күмүш идиш, 10 күмүш тыйын жана XIX кылымга таандык 150гө жакын кокон тыйындары.  Атайын изилдөөлөрдүн жыйынтыгында табылгалар 1350-жылдарга таандык деп аныкталган. Бул табылгалар азыр музейдин энчисине айланды. Биздин колго тийишине себепкер болгон кыргыздын сыймыктуу кыздарынын бири- Жогорку Кеӊештин жооптуу кызматкери  Гүлзар Абдимиталипова жана Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин депутаты Талант Баевге ыраазычылык билдиребиз. Мындан сырткары Чоӊ-Алай районунун тургуну апасынын себи менен кошо келген ат жабдыктарын музейге тапшырды. Жабдыктардын чекелери седептер менен кооздолуп, учурундагы уз-чеберлердин  ар кандай оймо-чиймелери түшүрүлүптүр. Жалал-Абад облусунан жаш кыз келип “таенемдин колдонгон буюму эле” деп XIX, XX кылымдарга таандык чоподон жасалган идишти акысыз музейге тапшырды. Бул көӊүл кубантарлык көрүнүш. “Өлкөм үчүн” деп турган жаштарды көрүп кантип кубанбайсыӊ?..

Дагы бир айта кетчү сөз, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылынын жашоочусу  Абдимиталип Муратов агайбыз  ата-бабалары колдонгон таш тегирменди музейге белек катары беребиз деп жатышат. Буюрса, жакынкы күндөрү алып келебиз. Эӊ негизгиси кайсы бир кылымдагы, кандайдыр тагдыр менен катылган буюм музейибиздин баалуулугу катары элибиздин энчисине өткөндүгү кубанычтуу.

«Тарыхын билбеген элдин келечеги жок»

-  Тарыхый мурастарды сактоо, аны кийинки муунга өткөрүп берүү бир гана музей кызматкерлерине гана тиешелүү жумуш эмес. Муну ар бир кыргыз жараны өзүнүн атуулдук милдети катары түшүнүшү керек. Учурдан пайдаланып, азыркы замандаштардын кампасында катылып жаткан баалуулуктар музейлерге, тиешелүү мамлекеттик жайларга тапшырылса келечек муундарыбыздын кенчи болуп каларын эскерте кетким келет. Тарыхын билбеген элдин келечеги жок. Музейде сакталган ар бир экспонат биздин тарыхыбыз.

Адалат Жумабаева, музейдин илимий агартуу бөлүмүнүн башчысы:

“Тарыхты чагылдырган далилдүү музей...”

- Музей тарыхты чагылдыруучу далилдүү экспозицияны камтыйт. Күндөлүк көрүүчүлөр үчүн көрүү залына эки жарым миӊден ашуун экспонат коюлса, калгандары атайын сакталуучу жайларда сакталып, көргөзмөлөргө гана чыгарылат. Бүгүнкү күндө музейди көрүүгө келген туристтердин саны өскөнү кубандырат. Анткени, экспонаттардын саны барган сайын өсүүдө. Жетекчибиз өзү демилгени көтөрүп, табылгалардын санын көбөйтүүгө өзгөчө көӊүл бура баштады. Музейдин көрүү залында таш доорунан баштап бүгүнкү күнгө чейинки колдонулган буюмдар, далилдүү табылгалар бар. Ар бир экспонатты сакталуу режимине жараша, атайын адистердин көзөмөлү астында сакталат. Мындан сырткары музейде атайын экспонаттарды оӊдоп-түзөөдөн өткөрүп туруучу адистер бар. Алардын жардамы менен музейге жан берип туруучу экспонаттар бүгүнкү күнгө чейин сакталууда.

 

Бактыгүл Калдарбай кызы

Фото: Сыдык Токонов

Окулду 294 жолу