Версия для печати
Понедельник, 22 Октябрь 2018 03:49

Тогуз коргоол боюнча мэрдин кубогуна 200дөн ашуун спортчулар катышты

Ош гуманитардык- педагогикалык институтунун залында тогуз коргоол боюнча Ош шаарынын мэринин кубогу өттү. Мелдешке Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан 200дөн ашуун спортчулар келишти.

Спорттук мелдеш аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында, улуттук спортту өнүктүрүү жана мыкты спортчуларды тандоо максатында өткөрүлдү. Мелдештин жеӊүүчүлөрүнө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан кубок, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. 

Окулду 896 жолу