Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун өз кызматына киришкендигинин бир жылдыгы (2018-жылдын ноябры) жакындаган сайын маалымат каражаттарында анын ишмердиги жана анын кийин-соӊку акыбеттери улам барган сайын кызуу талдоого алынууда. Бүткүл дүйнөдө ушундай кабылданган салтка ылайык, президенттин бир жылга жакын мезгилдеги ар бир баскан кадамы, ар бир айткан сөзү электен өткөрүлүүдө.
УБАКЫТ ЖАНА МЕЙКИНДИК
Кыргыз этнос катары эскинин катарына кошулганы менен, улут катары жаӊылардын эле катарын толуктап келатканыбыз чындыкка жакыныраак окшойт. Бизден мурдараак улут катары калыптанган элдерге салыштырмалуу бизде сабырдуулук жана токтоолук аздай сезилет. Өзүбүз күтпөгөн көрүнүш-окуялардын көп болушу жана ал процесстердин болжолдуу акыбеттерине анча аӊдоо сала бербей туруп шашылып-аптыга бермей адатыбыздын да бир себеби ушунда жаткансыйт. Дасыккан саясий технологдорго бул жагынан алганда оӊой эле колго түшүп берип жатканыбыз, ага эгемендүүлүгүбүздүн кыска эле тарыхында эки ирет мамлекеттик төӊкөрүштү башыбыздан өткөргөндүгүбүз эӊ сонун күбө өтүп турганы деле чындык.
«Сокур тоокко баары жем» деп кыргыз бекеринен айтпайт. Карапайым калктын аӊ-сезимине түшүнүп-түшүнбөй, кээде атайлап мындай өӊүттөн таасир этүүнүн саясий технологиясы азыр кайра эле күчүнө кирип жатканы гана өкүнүчтүү. Мейкиндиктеги обьективдүү реалдуулукту убакытты субьективдүү шаштыруу аркылуу жеӊүүнүн али адамзат аӊдап-көрө элек практикасын ишке ашырууга карай далбасаны кыргыз саясатчылары эмне максат менен жасап жатышканы көпчүлүк учурларда таптакыр түшүнүксүз калууда.
Саясат айдыӊында андай шашкалактык, айрым гана арам ойлуу саясатчыларды эске албаганда, эч кимге эч кандай пайда алып келбестиги бештен белгилүү. Саясий процесстердин акыбет-натыйжаларын баягы орустун аскиясындагы дыйкандын картошкадан тез жана көп түшүм алган окуясындагыдай («Вечером сажаем, утром собираем!», тактап айтканда, «бүгүн эгебиз да, эртеӊ жыйнайбыз!» кыязында мамиле жасоо акылга сыйбастык болор эле.
Кыргыздын айрым саясий технологдору «бара-бара кеч болуп калат, убакыттан уттурат» таризиндеги технологияны Жээнбековго карата колдонууну ал президенттикке шайланган күндөн эле ишке түшүрүшкөнү белгилүү. Мындай арамза технологияны алар айрыкча С. Жээнбековдун Коопсуздук Кеӊешинде сүйлөгөн сөзүнөн кийин күчөтүштү. Бирок, алар өзүлөрү убакыттан уттуруп жибергенин, Кудай ал кулум десе мындан кийин деле убакыт Жээнбековдун пайдасына иштей берээрин аӊдабай калышканы да чындыкка жакыныраак десе болот. Кыргызга зыяндан башка эч бир пайдасы жок дагы бир төӊкөрүштүк тополоӊдун ыктымалдуу мөөнөтүн ошондон кийин гана «жай күтүп, жай келбесеӊ күзгө барып, күз күтүп, күз келбесеӊ, кышка барып» дегендей таризде улам жылдырып олтуруу опузасы башталганын баамдабай коюуга мүмкүн эмес. Андай «Ормон опузага» ишенгендерди азыркы тапта табуу кыйынга тураарына жамы журттун көзү жетип эле калды. Бул өӊүттөн алганда, көзү ачылгандардан кыргыздын саясий элитасын ары алып барып- бери алып келип жаткан төлгөчү Света Тойгонбаева жалгыз эмес. Негизгиси, карапайым калыӊ журттун саясий амбициялардан четтерээк туруу тенденциясы азыр өз күчүндө. Эл бийликке да, анын оппоненттерине да түк ишенбей калганын айтып олтуруу ашыкчалык кылат деп белгилөөгө негиз бар. Мындай жагымсыз тенденциянын жаралып-калыптанып калуусу үчүн мурдагы бийлик ээлери да, алардын оппоненттери да зор салым кошконун эскерте кетели.
ПРЕЗИДЕНТКЕ УБАКЫТ БЕР ДА, ЖОЛУН ТОСПО!
Өткөн аптанын акырында экс-президенттин көздөй кадрларынын бири айтылуу айдоочу же «шопур» Икрам Илмиянов кармалып, суракка кеткени «дүӊ» болду. Айрым эксперттер Илмияновдун кармалышын Атамбаев-Жээнбеков тирешүүсүнүн туу чокусу деп белгилөөгө үлгүрүштү. Кайсыл бир өӊүттөн алганда мунун деле жөнү бардай туюлат. Атамбаевдик режимдин тушунда ортон колдой орду менен кыргыз саясатында орчундуу роль ойного дал ушул Илмиянов тартылганы жалпыга маалым. Инсандык касиет-сапатын билбейбиз, бирок Илмиянов Атамбаевдик саясатта абдан маанилүү роль ойноп тургандыгы айтылып, аягы тыйыла элек. Атамбаев ага мамлекеттик сыйлык-«Манас» орденин тапшырып жатып: «Вазир жакшы, хан жакшы!» кыязында сөз айтканы көпчүлүккө маалым. Андан мурдараак Илмиянов жөнүндө «Айдоочу болсо эмне экен, убагында Султан Ибраимов деле тракторчу болгон» дегени бар. Демек, Атамбаев саясий маанилүү маселенин көбүн чечүү учурунда Илмияновдун ой-пикири менен эсептешпей кое алган эмес деп болжоого болот.
Икрам Илмиянов акыркы айларда Казань шаарында жүргөнү маалымдалат. Кээ бир малыматтарда экс-президент азыркы президенттен өзү менен бирге дагы төрт инсандын кол тийбестигин «камсыздоо» жаатында өтүнүп, бул жагдайда жашыруун макулдашуу болгону, ошол төрт инсандын бири дал ушул Илмиянов экендиги да айтылат. Бирок, андайдын таптакыр мүмкүн эместиги туурасында да олуттуу пикирлер бар. С.Жээнбеков менен А.Атамбаев антипод адамдар. Бул экөөнүн ортосунда эч кандай тымызын же жашыруун сыр болушу мүмкүн эмес» дейт саясат таануучу Табылды Акеров. Кандай болгондо да, азыркы саясий кырдаал бийликтен «колго түшкөн коенду, кое берген оӊобу?» кыязында иш тутууну талап кылаары көрүнүп эле турат. Илмиянов Атамбаевдин шектүү ишинин көпчүлүгүнөн кабардар экендиги анык, бирок алардын канчоосун шардана кылаары али белгисиз.
ТЕКЕБАЕВ ТYРМӨДӨН ЧЫГАБЫ?
Өткөн аптада бир басылмага түрмө мөөнөтүн өтөп жаткан Өмүрбек Текебаевдин «Мен Конституциялык соттун статусун коргойм» деп азыр түрмөдө олтурам» деген аталыштагы макаласы басылды. Басылма аны негедир биринчи беттеги анонсто «Түрмөдөгү Текебаев президент Жээнбековго олуттуу сөз айтты» деген тема менен берген. Сыягы, гезит Текебаевдин президентке айткан сөзүнүн олуттуу же олуттуу эместигине анча деле кызыкпаса керек. «Конституциялык сот «экс-президенттин кол тийбестиги бар, анын кол тийбестиги президенттикинен кем болбошу керек, ошондуктан Жогорку Кеӊеш тез арада ушул мыйзамды кабыл алышы керек» деген чечим чыгарды. Бул туура эмес. Конституцияда экс-президентке кол тийбестик берилген эмес, «Бардык жарандар мыйзам алдында бирдей» деп жазылып турат. Бул биринчиси. Экинчиси, Жогорку Кеӊештин ыйгарым укуктарында «Жогорку Кеӊеш экс-президентти кылмыш жообуна тартуу үчүн уруксат берет» деген да укугу жок. Конституциялык сот Жогорку Кеӊешти Конституцияны бузганга, Конституцияда көрсөтүлбөгөн бийликти өзүнө алганга түртүп жатат» дептир Текебаев. Жалпыга белгилүү эле болуп турган бул жагдайды Текебаев айтса эле «олуттуу» болуп кетпөөсү өзүнөн өзү эле түшүнүктүү. Бул жаатта сөз жүргөндө республиканын мурдагы Баш прокурору Азимбек Бекназаровдун жакында эле «Жаӊы ордо» басылмасына берген маегиндеги төмөнкүдөй сөздөр көӊүлгө алынууга тийиш: «Текебаев өзүнүн саясатын жүргүзөт. Атамбаевдин дагы, Жээнбековдун дагы саясатын жүргүзбөйт. Текебаев дагы такшалган саясатчы. Анын президент болсом деген өмүр бою келаткан тилеги бар. Жээнбеков азыр Текебаевди чыгара албайт. Жогорку соттун чечими акыркы, арызданууга, даттанууга жатпайт. Аны президент да буза албайт. Жаӊы ачылган жагдай менен гана бузушу мүмкүн. Жээнбековдун Текебаевди пайдалана албай калганы ошол болуп жатат. Текебаев чыкса, Жээнбековго жеӊил болмок дегендер жаӊылышат. Ал Атамбаевге асылып, Жээнбековду колдобойт».
Ал эми саясат таануучу Табылды Акеров Атамбаев-Жээнбеков тиреши эч кандай кооптуулукту жаратпайт деген пикирди карманат: «Мен ортодо мамиле бузулду деп деле айтпайм. Бул жерде С.Жээнбеков өз жолу менен кетти. Ал эми Атамбаев болсо КСДПнын башына келип, кайра чоӊ саясатка келем деген өзүнүн мурда алдын ала пландаштырган долбоору менен калды. Ошондуктан, бул жерден чоӊ деле трагедия көргөн жокмун. Бара-бара бул маселе өзүнөн-өзү чечилет деп ойлойм. С.Жээнбековдун өз жолу менен кетишинен эл гана утту» дейт ал.
Абдираим Мамытов
Толугу менен...