Версия для печати
Понедельник, 29 Октябрь 2018 03:33

Ош шаарындагы эстеликтер

Шаар аралап басып жүрүп белгилүү инсандардын айкелдерин кезиктирип, ошол адам жөнүндө эстеп калат эмеспизби. Тилекке каршы, шаарда орнотулган ар бир эле айкелдин ким экенин, кандай эмгек сиӊиргенин биле бербейбиз. Андыктан шаардагы айрым айкел ээлери тууралуу маалымат берүүнү эп көрдүк.

Шаар боюнча 101 эстелик бар

Эстеликтер инсандын жасаган эрдиги, элге кызган кызматы үчүн орнотулат. Ал инсан тарых беттеринде, элдин эсинде түбөлүк калат. Ош шаарында искусство, маданият эстеликтеринин жалпы саны 101. Алардын 21и айкел, 20сы бюст (адамдын көөдөнүнөн жогору жагы тартылган жумуру скульптуралык портрет), 8 атайын бир окуяны чагылдырган комплекс болсо, калган 52си скульптуралар. Аталган эстеликтер үчүн жергиликтүү бюджеттен жылына бир миллиондон ашуун акча бөлүнөт. Бул каражат эстеликтерди оӊдоп-түзөөдөн өткөрүп турууга керектелет. Эстеликтер Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан көзөмөлгө алынат. Ал эми айланасын тазалоо, жашылдандыруу иштери шаардагы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатына жүктөлгөн.

Бахадыр Эргешов, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы адиси:

«Эл көп болгон жердеги эстеликтерди ай сайын оӊдоого туура келет»

- Шаардагы ар бир эстеликти карап, жыл сайын абалына жараша оӊдоп-түзөөдөн өткөрүп турабыз. Жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнгөндөн кийин оӊдоого муктаж болгон эстеликтерди тактап алып тендер жарялайбыз. Тендерди утуп алган компания такталган эстеликтерди толук оӊдоп-түзөөдөн өткөрүп берет. Негизи, эл көп болгон жерлерди көбүрөөк оӊдоого туура келет. В. И. Лениндин эстелиги, «Энелердин көз жашы», «Өчпөс от» комплекстеринде үйлөнүү үлпөтүндө сайран куруп жүргөн жаштар зыянын тийгизет. Ошондон улам, эстеликтерди ай сайын оӊдоп, калыбына келтирип турууга туура келет. Быйыл 10 эстеликти толук оӊдоп-түзөөдөн өткөрдүк. 1016805 сом акча каражаты жумшалды. Дагы 6 эстеликти оӊдоп-түзөөдөн өткөрүү иши башталган. Буга бюджеттен 714009 сом бөлүндү. Буюрса, алдыда көп нерсени пландап жатабыз. Эстеликтердин авторлорун кошо жазып, элге тааныталы деген максат бар. Анткени, көрчүлүгү эстеликтин өзүн эле көрүп, авторун тааный  беришпейт. Бизде Ош шаарындагы эстеликтердин көпчүлүгү Ашыралы Маразыковго таандык. Бул кишинин эмгеги чоӊ.

 Бактыгүл Калдарбай кызы

Сүрөтчү: Фото Сыдыков

Окулду 595 жолу