Былтыркы жылдын ноябрында Кыргызстан «Ачык өкмөт» деп аталган эл аралык уюмга мүчө болуп кирген. Өлкө бийлигиндегилер бул уюмга мүчө болууну «чоӊ абийир» жана «жогорку жоопкерчилик» катары сыймык менен оозго алышууда.
«АЧЫК ӨКМӨТ» ДЕГЕН ЭМНЕНИ ТYШYНДYРӨТ?
Бул эл аралык уюмга дүйнөнүн 75 мамлекети мүчө болуп кирген. «Ачык өкмөттү» 2011-жылы Бразилия, Индонезия, Мексика, Норвегия, Филиппиндер, ЮАР, Улуу Британия жана АКШ өлкөлөрү биргеликте негиздешкен. Аталган уюмга мүчө болгон өлкөлөр алардын өкмөттөрү өз жарандары үчүн ачык жана алардын алдында отчет берип турууга милдеттенме алышкандыгы менен айырмаланышат.
Уюм негизинен дүйнө боюнча алганда, жарандардын бийликке карата болгон ишенимдеринин басаӊдап кетишинин натыйжасында түзүлгөн. Мисалы, «Фридом хаус» уюмунун отчетуна ылайык, 2015-жылы 100дөн ашуун өлкөлөрдө жарандык коомго кысым көрсөтүү же аны кандайдыр бир мааниде чектөө далаалаттары байкалган. Бүткүл дүйнө боюнча алганда, басма сөз эркиндиги ушул эле отчетко ылайык, акыркы 12 жыл ичиндеги эӊ төмөнкү көрсөткүчө түшүп кеткен.
«АЧЫК ӨКМӨТКӨ» КАНТИП КИРYYГӨ БОЛОТ?
«Ачык өкмөт» уюмуна кирүү үчүн уюм тарабынан атайын баалоодон өтүү керек. Баалоонун жүрүшүндө тигил же бул өлкө жалпы кабыл алынган баллдын 75 пайызынан кем эмес баллга ээ болууга тийиш. Талапкер өлкө төмөнкүдөй критерийлер боюнча бааланат: бюджеттин ачыктыгы, маалыматка ээ болуу мүмкүнчүлүгү, чиновниктердин мүлкү жөнүндө маалыматты ачып берүү, жарандардын мамлекетти башкарууга катышуусу жана өкмөттүк эмес уюмдарга болгон кысымдардын жоктугу. Кыргызстан мындай баалоодон 95 пайыз балл алуу менен өткөн. Баалоодон өткөндөн кийин Кыргызстан ачык өкмөт Декларациясына кол койгон. Анда өлкө өкмөттүн иши, бюджеттин чыгымдары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугу жөнүндө маалыматтарды берүү жагын жакшыртууга милдеттенме алган.
Декларацияга ылайык, Кыргызстан өкмөттүн чечим кабыл алуудагы жана аларды аткаруудагы иштерине өз жарандарын катыштырууга колдоо көрсөтүүгө, мамлекеттик чечимдерди кабыл алууну ачыгыраак кылууга милдеттүү. «Ачык өкмөт» уюмунун мүчө-мамлекеттери өз чиновниктеринен этикалык нормаларды сактоону, коррупция менен күрөшүүнү, мамлекеттик сатып алууларды ачык жүргүзүүнү жана ошондой эле, өз киреше булактарын ачык көрсөтүүнү талап кылууга милдеттүү.
АЗЫР КЫРГЫЗСТАН КАЙСЫЛ ЭТАПТА?
Өткөн аптада Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда Ачык өкмөттү түзүү боюнча улуттук иш-аракеттердин планы коомчулукка тааныштырылды. «Мен жоопкерчиликтүү түрдө айта алам, биздин ачык коомду курууга багыт алган курсубуз элибиздин эркине жана прогресске карай умтулуусунун негизинде чыкты. Элдин эркиндикти сүйгөндүгүнүн натыйжасында көз карандысыз, демократиялуу Кыргызстанды куруунун ишенимдүү негизи түзүлдү. Бүт дүйнө жүзү биздин мамлекетте саясий атаандаштык, өз пикирин эркин айтуу сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө турмушка ашырылып жатканын билет. Көптөгөн өлкөлөрдүн Баш мыйзамында эркин шайлоолор тууралуу жазылган, бирок алардын бардыгында шайлоолор жогорку атаандаштыкта жана эркин өтпөйт. Өкмөт башчысы катары белгилеп кетүүм керек, эркин, таза парламенттик шайлоолор гана туруктуу бийлик, коомдук туруктуулукту камсыздай алат. Ачык өкмөт түзүүнүн камында биз уникалдуу, ар дайым иштеп турган улуттук форумду түзө алдык. Анын курамына паритеттүү түрдө бардык бийлик бутактарынын мүчөлөрү жана жарандык коомдун активдүү мүчөлөрү тартылды. Дал ушул коомдук-мамлекеттик аянтчанын алкагында ар бирибизди ойлондуруп турган маанилүү маселелерди талкуулоого жол ачылды»,- деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчынын айтымында, С.Жээнбеков коррупцияга каршы аеосуз күрөш ачып, ал өз жемишин берип жатат. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасына таянганда, ага каршы бийликтин бардык бутактары, коом биргелешип каршы турса гана жемиштүү болот. Бирок, коомчулук менен бийлик бири-бирине ишениши керек. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эӊ негизги шарты - ачыктуулук. Мамлекет жасап жаткан иштерге коомдук көзөмөл болуп турушу зарыл. Дал ушул максатта Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп, 2017-жылдын ноябрында «Ачык өкмөт» шериктештигине расмий мүчө болгон. Улуттук форум тарабынан ачык өкмөттү куруу багытында эки жылдык план иштелип чыккан. Анын алкагындагы демилгелердин көпчүлүгү жарандык коомго тийиштүү. Аны ишке ашыруунун жүрүшү «Ачык өкмөт» шериктештиги тарабынан көз карандысыз экспертизадан өтүп турат. «Пландын ишке ашуусу менин жеке көзөмөлүмдө болот» деп баса белгиледи премьер-министр.
«АЧЫК ӨКМӨТ» УЮМУНА КИРYYДӨН КАНДАЙ ПАЙДА КYТYYГӨ БОЛОТ?
Эгерде мамлекет өзүнүн планын аткарууга жетише алса, анда анын түздөн-түз акыбети катары мамлекеттик чечимдерди кабыл алуунун сапаты жакшырат, анткени аларды мамлекет өз жарандары менен биргеликте кабыл алат. Пландын аткарылышын баалоо өлкөгө финансылык институттар тараптан болгон ишенимге өз таасирин тийгизет. Мисалы, эгер мамлекет планды натыйжалуу аткара алса, аны менен кызматташ болуу каалоосу, кредит жана грант берүүлөрү күчөшү мүмкүн. Ал эми план аткарылбай калса же үзгүлтүккө учураса, уюм андай өлкөнү мүчөлүктөн чыгарып жиберүүсү да мүмкүн. Мисалы, Түркия ушундай күнгө туш болгон. Улуттук аракет планын аткара албагандыгына байланыштуу, «Ачык өкмөт» шериктештигинен чыгарылган. Азербайжандын өкмөттүк эмес уюмдарынан аларга карата аталган өлкөнүн бийлиги кысым көрсөтүп жаткан жагдайлар туурасында даттануулар «Ачык өкмөт» шериктештигине келип түшкөн. Шериктештик бул арыздарды текшерип, аларды негиздүү деп тапкан. Акыбетинде, Азербайжан өлкөсү азыркы учурда «активдүү эмес» өлкө макамын алып жүрөт. Ал эми Венгрия болсо бул уюм тарабынан өкмөттүн ишин текшерүү маселеси демилгеленгенден кийин өзү эле «Ачык өкмөт» шериктештигинин мүчөлүгүнөн чыгып кеткен.
КЫРГЫЗСТАНГА БУЛ ЭМНЕ YЧYН МААНИЛYY?
Кыргызстан Борбордук Азияда эӊ эле активдүү жарандык коомго ээ болгон өлкө катары белгилүү. Эгемендик алган жылдардан бери ал эки төӊкөрүштү башынан өткөрдү. Бул фактор бийликке карата жарандык көзөмөлдүн күчөтүлүү процессин тездетүүгө өбөлгө болгону талашсыз. Бирок, жарандык коомдун бийликке тийгизген таасири дале жетишсиз. Кыргызстандын өкмөтүнүн ишиндеги ачыктуулук деӊгээли дүйнөлүк масштабдан караганда, африкалык жакыр өлкөлөрдүкү менен бирдей каралат. Бийлик элдин үнүн жакшылап угушу талап кылынууда.
УЮМГА МYЧӨЛYК АКЫНЫН ӨЛЧӨМY
Эл аралык бул уюмга мүчө болгон ар бир өлкө өзүнүн кирешесинин өлчөмүнө негизделген суммада мүчөлүк акы төлөөгө тийиш. Минималдык өлчөм -10 миӊ америка доллары. Кыргызстан бул уюмга жыл сайын 25 миӊ америка долларын төлөп турууга тийиш. «Бекер быштак капканда гана болот» эмеспи.
Абдираим
Мамытов
Толугу менен...