Версия для печати
Вторник, 13 Ноябрь 2018 08:12

«Документ сакталуучу жай 622 чарчы метрге кеӊейтилди»

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна эки күндүк иш сапары менен келип, мунун алкагында Ош облустук мамлекеттик архивинин жаӊы имаратынын ачылышына катышты. Биздин чыгармачылык топ да архив кызматкерлеринин жаӊы имараты менен куттуктап кайтты.

Архив - тарых сакталган казына

Мамлекет башчысы С. Жээнбеков архив кызматкерлерин жаӊы имараттуу болушу менен куттуктап, улуттук архивдерде ар бир мамлекеттин тарыхынын, маданиятынын, турмушунун өзгөчөлүктөрү сакталаарын белгиледи. Алар - улуттун документалдуу баалуу байлыгы.

«Баасы чыккыс мурастарды, документтерди сактоого кам көрүү жана аларды сактап, кийинки муунга өткөрүү - мамлекеттин милдети»,-деп баса белгилеп, архив кызматкерлеринин иштерине ийгилик каалады.

Кыргызстанда архив кызматы 1926-жылы түзүлгөн. Архивде XIX кылымдан тартып Кыргызстандын тарыхын чагылдырган 4,5 миллиондон ашуун документ, 100 миӊге жакын фото, кино жана үн коштогон документтер сакталат. Акыркы жылдары мамлекет архивдердин материалдык-техникалык базасын чыӊдоого өзгөчө көӊүл бөлө баштады. Ондон ашуун архив имараттары капиталдык ремонттон өткөрүлүп, аларды жаӊы жабдуулар менен камсыздоо боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Архив кызматы тейлөөнүн электрондук системасына өткөрүлмөкчү.

Ош облустук мамлекеттик архивинин имараты 1964-жылы курулган. Негизги имаратка батпай калган документтерди сактоо үчүн жаӊы имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 18 млн. сом бөлүнгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы архив агенттиги тарабынан архив иштерин жакшыртуу жана күчөтүү максатында акыркы жылдары бир канча документтер иштелип чыккан. Республикадагы мамлекеттик архивдердин алдындагы маанилүү иштердин бири - мамлекеттик сактоо өткөргөнгө чейинки документтердин туура жүргүзүлүшүн, сакталышын камсыз кылуу, ишти талапка ылайык жүргүзүү максатында ар бир мекеме, уюм, ишканада ведомстволук архиви жана архиварус штатынын ачылышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №513, 2013-жылдын  4-сентябрындагы  №499,  2014-жылдын 18-мартындагы № 160 токтомдорунун аткарылышы буга мисал болот.  Облустун жалпы топтоо булагында 401 мекеме, ишкана бар. Жаӊы токтомго ылайык 105 ведомстволук архивде штаттык бирдик каралып, 289 ишкананын ведомстволук архивине жоопкер адис дайындалган. Жөнөкөй тил менен айтканда,  райондук деӊгээлдегилер 5 жыл, облустук ишканалардын документтери 10 жылга чейин өздүк архивинде сакталат. Андан кийин гана бизге туруктуу сакталуучу документтерди өткөрөт.

Камчыбек Салиев, Ош облустук мамлекеттик архивинин жетекчиси:

«Мамлекеттик деӊгээлде көӊүл бурулуп жатканы жакшы жышаан»

- Биздин архивде сакталуучу документтердин саны аябай көп болгондуктан,  2011-жылы жаӊы имаратка долбоор жазып, ошол учурдагы архивдин жетекчиси М. Алтыбаев премьер-министрге кайрылган эле. Бул долбоорду президентибиз Сооронбай Шарипович колдоп, 2017-жылы курулуш иши башталган. Мунун сметалык баасы 24 млн. болсо, тендердик баасы 19 млн. сомду түздү. Былтыркы жылдын август айында башталган курулуш быйыл октябрь айында колдонууга берилди. Жаӊы имаратка кирип, жумушубузду баштаганбыз. Жалпысынан документ сакталуучу жайыбыз 622 чарчы метрге кеӊейтилди. Мурунку эски имаратта сакталып турган документтердин баары көчүрүлдү. Кызматкерлердин жумуш орундарында бардык шарттар түзүлдү. Иштөө бөлмөлөрү ачылды. Ачылышка өлкө башчыбыздын өзү келип катышканы биз үчүн чоӊ сыймык. Архивде мамлекеттин баалуулуктары сакталат. Андыктан мамлекеттик деӊгээлде көӊүл бурулуп жатканы кубандырат. Өлкө башчыбызга ыраазычылыгыбызды айткым келет. Муктаждыктарыбыз бүтүндөлүп, кубанып турабыз.

 «Бизде тажрыйбалуу архивчилер иштейт»

-Облус боюнча жалпы 107 кызматкер эмгектенет. Атайын адистердин саны 62, жогорку билимдүүсү 50. Мында иштегендердин алды 37 жыл, арты 5 жылдан ашуун тажрыйбасы бар архивчилер эмгектенишет.

Бизде 5 бөлүм, 7 райондук мамлекеттик архивдин архивчилери калкты тейлеп, улуттук архив фондду тарыхый баалуу документтер менен толуктап келишүүдө. Зыяндуулугун эске алып кызматкерлерге сүт азыктарын беребиз, ден соолугун чыӊдоо үчүн курортторго жөнөтүп турабыз. Жаш кадрларыбызды тажрыйба алмашуу максатында башка аймактарга жиберебиз.

Саткын Мамытова, улук архивист:

«Мурункуга караганда иштөө шарттары бир топ жеӊилдетилди» 

- 1964-жылы салынган имартты быйыл жаӊылап отурабыз. Мында өкмөттүн чоӊ салымы, жергиликтүү администрациянын эмгеги бар. Мына ушулардын эмгеги артында архивдеги документтердин сактоо шартын жакшыртуу, кызматкерлердин иштөө мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу, акыркы убакта бүт документтерди жаӊы технологияга өткөрүү, иштерди жеӊилдетүү тууралуу токтомдор чыгып жатат. Архивге кайрылган жарандардын да мүдөө-талаптарын батыраак канааттандырууга да чоӊ мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Өлкө башчыбыз өзү келип катышып, жаӊы имараттын ичиндеги шарттарга учкай болсо да көз салып кетти. Бул дагы мындан кийинки архивдин жакшы иштөөсүнө өбөлгө болот деп ишенебиз. Архивде иштегениме быйыл 30 жылдан ашыптыр. Албетте, жаӊы жумушка кирген мезгилдеги менен азыркы шартты салыштырууга болбойт. Бирок, ал учурда жаштыкка салып, жумуштун кыйынчылыгына карабай иштептирбиз. Азыркыдай болуп жаӊы техника менен иштебейт элек. Документтердин сакталуусуна аябай көӊүл бурат элек. Азыркы жаштарга өтө чоӊ мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. Мурункуга караганда иштөө шарттары бир топ жеӊилдетилди.

Бактыгүл Калдарбай кызы

Сүрөтчү: Сыдык Токонов

Окулду 437 жолу