• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Вторник, 13 Ноябрь 2018 08:18

«Ош шамынын» моторлору жана аксакалдары

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
«Ош шамынын» моторлору жана аксакалдары

Коомдо орду бар ырыстуу, дөөлөттүү, үлгүлүү инсандарды туш тараптан издеп, аларды гезит бетине жарыялап келебиз. Мына ошолордон кем калбаган, өмүрүн журналистикага арнаган дөөлөттүү, кесипкөй аксакалдар өзүбүздө да иштеп келишет. Алар - Кыргызстанда мыкты деген эки серепчинин бири Абдираим Мамытов жана фотокабарчы Сыдык Токонов. Бул инсандар менен замандаш, кесиптеш болуп бирге иштеп жаткандарыбызга жалпы жамаат сыймыктанып келебиз.

Сыдык Токонов жашы 67ни ашып жатса да жаш фотографтардан кем калышпаган оперативдүү, так жана тыкан инсан. Кайсы жерге кандай адамдын астына интервью алганы барбаӊыз, баары Сыдык акени урмат менен кабыл алып, жылуу саламдашат. 40 жылдан бери колунан аппарат түшпөй, шаарда болгон ар кандай кырдаалды, окуяларды жана шаардын жаштыгын сүрөт кылып тартып алууга ашыкканы ашыккан.

- Мен 1968-жылы Алайкуу өрөөнүндөгү Кайыӊ-Талаа орто мектебин аяктагам. 8-класста окуп жатканымда атам каза болду. Окууну аяктаганда жогорку окуу жайга тапшырууга мүмкүнчүлүк болбоду. Yй-бүлөдө улуусу экен, апасына жардамдашсын деп аскердик кызматка да алып кетпей коюшкан. Yйдө отура бермек белем деп ошол эле жылы Ошко келип автомектепти жана №11 кесиптик окуу жайдан фотограф кесибин окудум. 1972-жылы уулум 1 жашка толгондон кийин Украинанын Кривой-Рог шаарына, танка бөлүгүнө армияга алып кетишти. Ошол кезде менин командирдик кол саатым бар эле, мени менен кызмат өтөгөн бир орус жигиттин «Зенит 3» деген фотоаппараты бар болчу. Аскердин кызматтан кайтып жатканда «кол саатыӊды мага бер, сага фотоаппаратты берем. Иштетүү функциясын да үйрөтөм» деди. Буга чейин аппараттарды көрсөм кармагым келип, кызыгып койчумун. Макул деп буюмдарыбызды алмаштык. Кантип иштетиш керектигин үйрөттү. Ошол 1974-жылдан бери фотоаппарат колумдан түшпөй келүүдө.

«Профессионал болуш үчүн окуу жайды эки ирет окудум»

- Сүрөткө тартууну үйрөнүп келгеним менен оригиналдуу сүрөт тартып, профессионалдуу фотограф катары иштей албадым. Ошол себептен 11-кесиптик окуу жайына кайрадан окууга туура келди. Окууну аяктап Совет райондук калкты тейлөө комбинатында 1983-жылга чейин фотограф, чачтарач болуп эмгектендим. Андан соӊ бир жылча Ош шаардык КБУда, музейде иштеп, 1985-жылы Ош облустук «Ленин жолу» гезитине сынактын негизинде фотокабарчылык кызматка кабыл алынып иштеп калып, журналистикага аралашып калдым. «Ош шамы» гезитинде 2012-жылдан бери иштеп келем. Жалпысы 44 жылдан бери колумдан фотоаппарат түшпөй келет.

Сыдык Токонов журналисттер, жазуучулар союзунун мүчөсү. Комузда кол ойнотуп, обон созот. Шаарда 35 жылдан бери жашаса да «Алайкуудан үйрөнгөн ат такалоо өнөрүн унута элекмин» дейт. Танкист, көп тармакты билген аксакал кээ бир учурда макала жазып кабарчылардын жүгүн да жеӊилдетип турат.  «Жаш кезде оор шартта иштеп кыйынчылыкка көнгөнбүз, азыркы шартта баарына жетишсе болот» дейт каарманым.

«Электр бар ишканаларга техникаларымы көтөрүп барып сүрөт чыгарчумун»

- 1983-жылдары Совет райондук калкты тейлөө комбинатында иштеп жүргөндө көп такшалдым. Алайкуу тарапта электр энергиясы жок эле. Ишканаларга лимит менен кечки саат 19:00гө чейин берчү. Кээде түнкү саат 24:00гө чейин бергенде түн жамынып аппараттарды көтөрүнүп алып сүрөт чыгарып келчүмүн. Заставада жок болсо ооруканага барат элем. Ошондой татаал күндөрдө функциялары кол менен иштелген аппараттар менен иштечүбүз. А азыр баары кнопкалаштырылган, бир басасыӊ функциялары алмаша берет. биздин жаш кездеги аппараттарга караганда азыркы аппараттар, сүрөт чыгаруу техникасы өтө жеӊил.

«Фотоаппараттын 20га жакын түрүн иштеттим»

- Биз жаш кезде айылыбызга Кара-Суудан Хрущев деген татар улутундагы фотограф барып тартып келчү. Бирок ал сүрөттөрдү кайра алпарып сатпады. Бала кезде ошонун аппаратын карап таӊыркачубуз. Ал «Бакыт» деген чоӊ фотосалондо иштечү. Доордун жаӊылануусу менен техника, аппараттар да жаӊыланып келе жатат. Мен аппараттын 20га жакын түрүн иштеттим. Кээ бир адамдар машиненин, телефондун, телевизордун жаӊысын сатып алууга ашыккандай кенедей акчабыз болуп калса эле жаӊы чыккан аппарат сатып алууга ашыкчубуз. Каражат жетпей ала албай калсак башкалардыкын карап, көзүбүз кызарып кала берген күндөр көп болгон.

Окулду 1082 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Макалалар
Ушул категориядагы башка материалдар: « 7-НОЯБРЬ - КЫРГЫЗСТАНДА ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРYY КYНY Кыялбек Ташполотов: «Атам бизди жаштайыбыздан эле жетекчиликке тарбиялаптыр» »

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Спорт

Бекдɵɵлɵт Абакиров:  “Башка шаарларга салыштырмалуу Ошто спортту колдоого жакшы кɵңʏл бурулат”
Бекдɵɵлɵт Абакиров: “Башка шаарларга салыштырмалуу Ошто спортту колдоого жакшы кɵңʏл бурулат”
Спорт – мамлекетти чет ɵлкɵгɵ таанытууда дʏйнɵгɵ белгилʏʏ саясаттын бири…

Маданият

Кадыр Жарматов: “Кɵңʏлдʏʏ жигиттер” долбоору жаш таланттардын ордосуна айланды”
Кадыр Жарматов: “Кɵңʏлдʏʏ жигиттер” долбоору жаш таланттардын ордосуна айланды”
“Кɵңʏлдʏʏ жигиттер” кʏлкʏ долбоору менен бир топ жаштардын башын бириктирип,…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
“Оң рулдуу унааларды кыймылдан  алып салууга эл да, мамлекет да даяр эмес”
“Оң рулдуу унааларды кыймылдан алып салууга эл да, мамлекет да даяр эмес”
Понедельник, 07 Март 2022
Ɵлкɵгɵ оң рулдуу унааларды киргизʏʏгɵ уруксат берʏʏ боюнча мыйзам коомдук угууда турган учуру. Ар тарабын эске албай туруп, оң рулдуу…
  • Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
    Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
    Вторник, 26 Январь 2021
  • Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Пятница, 25 Декабрь 2020

Архив

« Май 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved